Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 45-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022 жылдын 8-апрели № 183-р
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча 2022-2024-жылдарга иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-аракеттер планын ишке ашырууну камсыз кылсын;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берип турсун;
- Иш-аракеттер планындагы иш-чараларды каржылоону аны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү жылга бекитилген бюджеттерде каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырсын;
- жарандык коомдун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Иш-аракеттер планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жыйынды маалыматты берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 334-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
Тиркеме | |||
|
|
|
|
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча 2022-2024-жылдарга ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар/көрсөткүчтөр |
1 | 1-максат. Тынчтыкты сактоо, коопсуздук жана гендердик зомбулуктун алдын алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдар менен аялдардын жана башка кызыкдар болгон бирикмелердин потенциалын күчөтүү жана биргелешкен аракеттерди бекемдөө | |||
1.1 | 1.1-милдет. Тынчтыкты сактоо, коопсуздук жана гендердик зомбулуктун алдын алуу маселелерине аялдарды тартуу жана алардын ролун күчөтүү | |||
1.1.1 | Тынчтыкты сактоо, коопсуздук жана гендердик зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча калк менен жеринде иштеген аялдардын жана башка кызыкдар бирикмелер менен координациялык кеңешмелерди, жолугушууларды, диалогдук аянтчаларды өткөрүү | ИИМ, МКЖӨБМА, УКМК, ӨКМ, КМ, ССМ, ЭСКММ, БИМ, ДИМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-2024-жылдар | Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө биргелешип иштелип чыккан жана ишке ашырылган чечимдердин негизинде тынчтыкты сактоо, коопсуздук жана гендердик зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча калк менен жеринде иштеген аялдардын жана башка кызыкдар болгон бирикмелердин ролун жана катышуусун күчөтүү/иш-чаралардын жана ага катышкан аялдардын жана башка кызыкдар болгон бирикмелердин саны; кабыл алынган чечимдер (мисалы, тынчтыкты сактоо, коопсуздук жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча пландар) |
1.1.2 | "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" күн тартиби боюнча аялдардын демилгелерин жана БУУнун КК 1325-резолюциясын жергиликтүү деңгээлде ишке ашырууда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өнөктөштүк колдоосун көрсөтүүсү жана көмөктөшүүсү | ИИМ, МКЖӨБМА, УКМК, ӨКМ, КМ, ССМ, ЭСКММ, БИМ, ДИМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-2024-жылдар | Ыйгарым укуктуу органдардын жергиликтүү деңгээлде өнөктөштүк колдоосун көрсөтүүнүн жана көмөктөшүүсүнүн негизинде аялдардын демилгелери ийгиликтүү ишке ашырылды/социалдык-экономикалык өнүктүрүү (СЭӨ) программаларына тийиштүү иш-чаралар киргизилди; ишке ашырылган иш-чаралардын аталышы жана саны |
1.1.3 | Тынчтыкты сактоо, коопсуздук жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого аялдардын жана аялдардын бирикмелеринин жеринде катышуусун илгерилетүү | ИИМ, МКЖӨБМА, ӨКМ, КМ, ССМ, ЭСКММ, БИМ | 2022-2024-жылдар | Аялдардын жана аялдардын бирикмелеринин жеринде активдүү катышуусунун негизинде мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун инклюзивдүү системасын түзүү/мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышкан аялдардын саны жана аялдардын бирикмелеринин аталышы |
1.1.4 | Ыйгарым укуктуу органдардын, аялдардын жана башка кызыкдар болгон уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагында тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирүү жагынан жаңжалдуу жана аярлуу зоналарды табуу боюнча биргелешкен изилдөөлөрүн өткөрүү | ИИМ, УКМК, КМ,ӨКМ, ССМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-2023-жылдар | Кыргыз Республикасынын аймагында тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирүү жагынан жаңжалдуу жана аярлуу зоналарды өз убагында табууга аялдардын жана башка кызыкдар болгон бирикмелердин жогорулаган салымы/аялдардын жана башка кызыкдар болгон бирикмелер менен биргеликте даярдалган аналитикалык отчеттор; аталган бирикмелер тарабынан отчетко киргизилген тыянактардын жана сунуштамалардын саны жана аталыштары |
1.2 | 1.2-милдет. ӨК жана башка кризистик кырдаал шартында гендердик зомбулукту натыйжалуу алдын алуу жана ага карата чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдардын потенциалын, гендердик сезгичтигин жана отчеттуулугун жогорулатуу | |||
1.2.1 | Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча ушул иш-аракеттер планын аткаруу боюнча ведомстволук пландарды бекитүү | ӨКМ, ИИМ, ССМ, ЭСКММ, КМ | 2022-жыл | Ушул Планда камтылган иш-чараларды аткаруу боюнча жооптуу бөлүмдөрдү/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адамдарын бекитүү менен пландуулук камсыздалды |
1.2.2 | Гендердик маселелер үчүн жооптуу болгон ыйгарым укуктуу кызматкерлер жөнүндө жоболорду ведомстволук буйруктар менен бекитүү | ӨКМ, ИИМ, ССМ, ЭСКММ, КМ | 2022-жыл | Мамлекеттик органда гендердик маселелерди пландуу жана системалуу илгерилетүү. институционалдык эс тутумун сактоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жооптуу адамдарды дайындоо камсыздалды |
1.2.3 | ӨКМ, ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, КМ менен "ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага карата чара көрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү боюнча нускаманы" бекитүү жөнүндө биргелешкен буйрукка кол коюу | ӨКМ, ИИМ, ССМ, ЭСКММ, КМ | 2022-жыл | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши так регламенттелген, гендердик-сезимталдык мамилеге негизделген/бекитилген Нускама; ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга берилип жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн саны жана түрү; бул кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын саны |
1.2.4 | Ар бир ыйгарым укуктуу орган үчүн Эскертмелерди жана окутуу курстарын иштеп чыгуу, бекитүү жана өздүк курамды алар менен камсыз кылуу | ӨКМ, ИИМ, ССМ, ЭСКММ, КМ | 2022-2023-жылдар | Гендердик зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын, аларга керектүү жардамдын түрүн көрсөтүү максатында кайра жөнөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар, мамлекеттик органдардын жана атайын/кризистик борборлордун кызматкерлеринин байланыш маалыматы менен камсыздалышы |
1.2.5 | "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" күн тартиби жана БУУнун КК 1325-резолюциясы, ӨК жана башка кризистик кырдаал шартында гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага карата чара көрүү менен байланышкан маселелерде мамлекеттик органдардын өздүк курамынын потенциалын жогорулатуу | ВАЖТ, ӨКМ, ИИМ, ССМ, ЭСКММ, КМ | 2022-2024-жылдар | Ушул планга тартылган органдардын кызматкерлери окуудан отту жана ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга квалификациялуу кызмат көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр/окуудан өтүп, тийиштүү сертификаттарды алган кызматкерлердин саны |
1.2.6 | ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага карата чара көрүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш жөнүндө маалымат алуусун жогорулатуу үчүн калк арасында маалыматтык компанияларды уюштуруу жана өткөрүү | ИИМ, МКЖӨБМА, ССМ, ЭСКММ, ӨКМ, УКМК, КМ, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | жыл сайын | Гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага карата чара көрүү чөйрөсүндө жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдардын иши жөнүндө калкка маалымат жетип турат жана ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында кандай маселелер менен кайрыла алышарын билишет/ӨК жана башка кризистик кырдаал шартында гендердик зомбулуктун натыйжалуу алдын алуу жана ага карата чара көрүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдардын жүргүзүп жаткан иши жөнүндө калкка маалымат берүүнүн көлөмү жана түрлөрү тууралуу маалыматтар |
1.2.7 | ВАЖТ мүчөлөрү үчүн симуляциялык оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүү | ИИМ | 2022-2024-жылдар | Ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери квалификациялуу кызмат жана жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча окутулган |
2 | 2-максат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн (анын ичинде ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында) жабыр тарткан аялдарды жана балдарды коргоону жана алардын өзгөчө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эсепке алууну, ошондой эле стандарттык операциялык жол-жоболорго ылайык аларга көрсөтүлүп жаткан жардамды камсыздоо | |||
2.1 | 2.1-милдет ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында үй-бүлөлүк зомбулуктан жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн жабыр тарткан адамдарга тез комплекстүү жардам көрсөтүү | |||
2.1.1 | ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн жабыр тарткан адамдарга тез комплекстүү жардам көрсөтүү практикасына талдоо жүргүзүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу менен аны жалпылоо | ССМ, Бишкек ш. социалдык өнүктүрүү башкармалыгы (СӨБ), ИИМ | 2022-2023-жылдар | ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн жабыр тарткан адамдарга тез комплекстүү жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу механизмдери киргизилди/Аналитикалык отчеттун сунуштамаларынын негизинде ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында гендердик зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга тез комплекстүү жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү тууралуу маалыматтар |
2.1.2 | Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясынын окуу планына үй-бүлөлүк зомбулуктан жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнүн алдынкы тажрыйбасын үйрөтүү боюнча билим берүү программасын интеграциялоо | ИИМ | 2022-2023-жылдар | ИИО кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктан жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн жабыр тарткан адамдарга стандарттуу операциялык жол-жоболорго ылайык квалификациялык жардам көрсөтүү боюнча жакшы билими бар/ИИОнун окуудан өткөн кызматкерлеринин гендердик-агрегатталбаган маалыматтары. Калк ыйгарым укуктуу органдар тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу жардамдын ар кандай түрлөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ/үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн жабыр тарткандарга көрсөтүлүүчү квалификациялуу жардамдын түрлөрү жөнүндө маалымат, ошондой эле жардам алган адамдардын саны |
3 | 3-максат. Гендердик теңдикти илгерилетүү жана укуктук тартип, коргоо жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын гендердик-балансталган кадрдык курамын калыптандыруу үчүн өбөлгө түзүү | |||
3.1 | 3.1-милдет. ИИОнун гендердик-балансталган кадрдык курамын түзүүнү уюштуруу-укуктук жактан камсыз кылуу | |||
3.1.1 | ИИМдин системасында жүргүзүлгөн гендердик өзүн-өзү баалоонун негизинде ИИОнун гендердик-балансталган кадрдык курамын калыптандыруу үчүн өбөлгө түзүү боюнча чараларды кошуп, ИИМдин гендердик планын иштеп чыгуу | ИИМ | 2022-2024-жылдар | ИИОдо иштеген аялдардын санын көбөйтүү/ИИОнун кадрдык курамындагы, анын ичинде жетекчилик кызматтагы аялдардын үлүшү жөнүндө маалыматтар. ИИОнун гендердик-балансталган кадрдык курамын түзүүнүн негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрүнөн жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу/кайрылуулардын саны жөнүндө маалымат |
3.1.2 | "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" күн тартибинин жана БУУнун КК 1325-резолюциясы контекстинде ички иштер органдарында, коргоо жана өзгөчө кырдаалдар органдарында аял-кызматкерлердин ролу жөнүндө окуу курстарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ИИМ, КМ, ӨКМ | 2023-жыл | Гендердик-балансталган кадрдык курамдын ролу жана мааниси боюнча коргоо жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын өздүк курамынын потенциалын жогорулатуу/окуудан өткөн кызматкерлердин саны жөнүндө маалыматтар |
3.2.2 | Даярдалган окуу курстарынын негизинде ички иштер, коргоо жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын кызматкерлерин окутуу | ИИМ, КМ, ӨКМ | 2023-жыл | Окутуулардын жүрүшүндө потенциалын жогорулатуунун жана гендердик сезгичтикти түзүүнүн негизинде коргоо жана ӨК органдары калк менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө |
4 | 4-максат. Жаңжалга дуушар болгон чек ара райондорунда тынчтыкты орнотуу жана коопсуздукту камсыз кылуу | |||
4.1 | 4.1-милдет. Тынчтыкты орнотуу жана коопсуздук боюнча жергиликтүү аялдардын демилгелерин колдоо | |||
4.1.1 | Баткен облусунун чек ара райондорунда коопсуздукту камсыз кылуу жана жаңжалсыз өнүгүүнү колдоо боюнча Биргелешкен планды иштеп чыгууда жана бекитүүдө АДТ тармагына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көмөк көрсөтүү жана өнөктөштүк колдоо | ИИМ, МКЖӨБМА, ӨКМ, УКМК, ССМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2024-жыл | Жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча маселелерди чечүүдө аялдардын салымын күчөтүү/Баткен облусунун чек ара райондорунда тынчтыкты орнотууга жана коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзгөн, биргелешип иштелип чыккан иш-чаралардын саны жана түрлөрү жөнүндө маалыматтар |
4.1.2 | Жергиликтүү активисттер үчүн "Аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аларды тынчтыкты орнотуу жана инклюзивдик өнүгүү процесстерине активдүү катыштыруу" деген темада тренинг өткөрүүгө көмөктөшүү | ИИМ, МКЖӨБМА, ӨКМ, УКМК, ССМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-жыл | Жергиликтүү лидерлер жана активисттер аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аларды тынчтыкты орнотуу жана инклюзивдик өнүгүү процесстерине активдүү катыштыруу маселелеринде зарыл болгон потенциалга ээ/жергиликтүү активисттердин потенциалын жогорулатуу жөнүндө маалыматтар |
4.2 | 2-милдет. Калктын, анын ичинде аярлуу топтордун өзгөчө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо максатында, жардам жана колдоо көрсөтүү үчүн жаңжалга дуушар болгон чек арадагы райондордун калкы менен тыгыз байланышта болууну жана өз ара аракеттешүүнү колдоо | |||
4.2.1 | Жабыр тарткандардын, анын ичинде аярлуу топтордун (аялдардын жана балдардын, улгайгандардын, жашы жете электердин, ДМЧА) керектөөлөрүн жана муктаждыктарын баалоо, зыян келтирүүнү баалоо, маалыматтарды чогултуу; гуманитардык жана башка жардамдарды уюштуруу жана бөлүштүрүү, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, тынчтыкка жана коопсуздукка болгон тобокелдиктерди жана коркунучтарды баалоо максатында координациялоо жана өз ара аракеттенүү үчүн милициянын көчмө пункттарынын (МКП) мүмкүнчүлүгүн колдонуу | ИИМ, МКЖӨБМА, ӨКМ, КМ, ССМ, ЭСКММ, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-2024-жылдар | Жаңжалга дуушар болгон чек арадагы райондордун калкы жардам жана колдоо алуу үчүн кайрыла алышат/чек арадагы райондордун калкынан МКПга келип түшкөн суроо-талаптардын саны жана түрлөрү жөнүндө маалымат |
4.2.2 | Жардам жана колдоо көрсөтүү максатында координацияланган чечимдерди иштеп чыгуу | ИИМ, МКЖӨБМА, УКМК, ӨКМ, КМ, ССМ, ЭСКММ, БИМ, ДИМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-2024-жылдар | Чек арадагы райондордун калкына көрсөтүлгөн жардамдын саны жана түрлөрү жөнүндө маалыматтар |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
МКЖӨ БМА |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
БУУ ККР | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ИИО | - | ички иштер органдары |
ВАЖТ | - | ведомстволор аралык жумушчу топ |
АДТ | - | аялдардын демилгелүү тобу |
ӨК | - | өзгөчө кырдаал |
МКК | - | милициянын көчмө кабылдамасы |