Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
3-кеңешмеси
2025-жылдын 3-февралы № 33
Жер тилкесин турак жай багытынан соода сатык багытына которуу жөнүндө
Чоң - Алыш айыл аймагынын Манас айылынын тургуну Кыдыргычова Айнурага тийиштүү болгон Манас айылындагы Кутманалиев Сыйырбек көчөсүнүн № 3 дарегинде жайгашкан (6-04-10-1001-1232) жер тилкесин турак жай багытынан соода сатык багытына которуу максатында жазылган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 - беренесин жетекчиликке алып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылынын тургуну Кыдыргычова Айнур Капаровнага тийиштүү болгон Манас айылындагы Кутманалиев Сыйырбек № 3 дарегинде жайгашкан (6-04-10-1001-1232) 400 чарчы метр жердин турак жай куруу багытынан, соода сатык багытына которууга уруксат берилсин.
2. Курулуш жумуштары архитектура жана курулуш башкармасынан алынган юридикалык иш кагаздарынын жана бекитилген курулуш куруу документеринин негизинде курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомду 30 күндүн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас райондук филиалы тарабынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |