Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 13-февралы № 15
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө
1-берене
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн колдонулушу токтотулуп турат жана 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбайт деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча пайданы көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан финансылык отчеттуулук ырасталгандан кийин республикалык бюджеттин кирешесине жүз пайыз өлчөмүндө которууну жүзөгө ашырсын.
2-берене
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 5-февралындагы № 34 конституциялык Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 7-февралы. № 9) күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 4-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |