Конституциалык МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык Мыйзамы

Редакция13.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 13-февралы № 15

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө

 

1-берене

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн колдонулушу токтотулуп турат жана 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбайт деп белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча пайданы көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан финансылык отчеттуулук ырасталгандан кийин республикалык бюджеттин кирешесине жүз пайыз өлчөмүндө которууну жүзөгө ашырсын.

2-берене

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 5-февралындагы № 34 конституциялык Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 7-февралы. № 9) күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 4-февралында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган