Загрузка документа…
|
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 12-февралы № 111-чуа буйругу менен бекитилди |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
СОТТОРУНУН КЫЗМАТТЫК ЖАЙЛАРЫН ДОЛБООРЛОО
Проектирование служебных помещений судов Кыргызской Республики
Design of service spaces for courts of the Kyrgyz Republic
Киргизүү датасы – 2026-02.28
1 Колдонуу чѳйрѳсү
1.1 Ушул кызматтык жайларга карата ченемдер Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун жаңы курулуп жаткан же реконструкциялануучу калктуу конуштарда жайгашкан имараттарынын долбоорлоруна тиешелүү.
1.2 Бул ченемдер курулган имараттарды капиталдык оңдоо долбоорлорун иштеп чыгууда да жетекчиликке алынышы керек.
1.3 Жогорку соттун объекттеринин имараттары жана жайлары, анын ичинде жергиликтүү соттордун имараттары курулуштагы ченемдик документтердин системасын жана ушул ченемдерди жетекчиликке алуу менен долбоорлонушу керек.
1.4 Капиталдык оңдоодо жана реконструкциялоодо бул ченемдердин талаптарынын көлөмү конкреттүү шарттардан келип чыгып, долбоорлоо тапшырмасы менен белгиленет.
2 Ченемдик документтерге шилтемелер
2.1 Бул курулуш ченемдеринде тѳмѳнкү документтерге шилтемелер колдонулду:
КР КЧ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу; КР КЧ 31-04:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар;
КР КЧ 30-01:2020 Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу;
КР КЧ 23-05:2019 Табигый жана жасалма жарыктандыруу;
КР КЧ 35-01:2018 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо;
КР КЭ 35-101:2018 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга имараттардын мерчемдик чечимдерин кабыл алууда жашоо-турмуш чөйрөсүн камсыздоо.
Э с к е р т ү ү – Ушул ченемдерди колдонууда шилтеме документтердин аныктыгын текшерүү сунуш кылынат. Эгерде шилтеме документ алмаштырылган (өзгөртүлгөн) учурда, бул ченемдерди колдонууда алмаштырылган (ондолгон) документти жетекчиликке алуу керек. Эгерде шилтеме документ алмаштырылбастан жокко чыгарылган болсо, анда ага шилтеме кылынган жобо ал таасир эптеген ѳлчѳмдѳ колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
3.1 Бул курулуш ченемдеринде төмөнкү терминдер тиешелүү аныктамалары менен колдонулат:
3.1.1 участоктун аянты – мыйзамда белгиленген тартипте сот имаратын курууга бөлүнгөн жер участогунун аянты.
3.1.2 курулуш аянты – сот имаратынын курулушу ээлеген жер участогунун аянты.
3.1.3 коомдук зона – келүүчүлөрдү коомдук тейлөө жана соттун кызматкерлери үчүн каралган курулма курууга арналган аймактын имаратка жакын участогу.
3.1.4 кызматтык зона (кызматтык короо) – айыпкерлер, конвой жана сот кызматкерлери үчүн арналган атайын эшик тараптан соттун имаратына жакын турган аймактын участогу.
3.1.5 процесстик зона – сот процессинин катышуучуларын жайгаштыруу үчүн орундар бөлүнгөн сот отуруму өтүүчү залдын аянты.
3.1.6 эл үчүн зона – келүүчүлөрдү жана сот процессинин күбөлөрүн жайгаштыруу үчүн орундар бөлүнгөн, сот отуруму өтүүчү залдын аянты.
3.1.7 сот зонасы – судьялардын жана соттук курамдын ордун жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн процесстик зона аянтынын өйдөлөтүлгөн бөлүгү.
3.1.8 процесстин калган катышуучулары үчүн зона – прокурордун, адвокаттардын, сот отурумунун катчысынын, доогердин, жоопкердин жана күбөлөрдүн кафедрасынын ордун жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн процесстик зона аянтынын бөлүгү;
3.1.9 соттолуучулар жана конвой үчүн зона – соттолуучулардын жана конвойдун ордун жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн процесстик зона аянтынын атайын жабдылган бөлүгү.
3.1.10 процесстик зонанын тереңдиги – процесстик зонанын эл үчүн зона менен чек арасынын ортосундагы сот отурумунун жаларындагы ага паралелль турган дубалга чейинки аралык.
3.1.11 сот зонасынын тереңдиги – судьялардын жана соттук курамдын орундарынын артында жайгашкан дубал менен процесстин калган катышуучуларынын зона сызыгынын ортосундагы аралык.
4. Негизги жоболор
4.1 Сот имараттарынын аянты жана курамы соттун курамынын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин санына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4.2 Соттордун имараттарынын долбоорлорун даярдоодо жертөлө кабаты кошо каралат. Кабаттардын саны имараттарды шаар куруу шарттарына ылайык жайгаштыруудагы долбоорлоо негизин эске алуу менен аныкталат.
4.3 Сот имаратынын кабатынын бийиктиги жертамандан шыпка чейин 3,3 м түзөт. Аянты 50 чарчы метрден ашкан сот отурумунун жайларынын бийиктигин жертамандан шыпка чейин 3,6-4,2 м каралышы мүмкүн. Кабаттын бийиктигин аныктоодо сот отурумунун жайларынын ченемдерде белгиленген жертамандын деңгээлдериндеги айырмачылыктар эске алынышы зарыл.
4.4 Имараттын кире бериштери жердин пландоо деңгээлинен кеминде 15 см жогору деңгээлде жайгашууга тийиш.
4.5 Мүмкүнчүлүгү чектелген келүүчүлөрдүн жана сот кызматкерлеринин имаратка кирүүсүн камсыздоо максатында ченемдик укуктук актыларда каралган эрежелердин комплексин, анын ичинде “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43- жана 44-беренелерин жана майыптар коомдук жайларда өзүн-өзү башкара албагандыгын эске алуу менен сактоо зарыл.
4.6 Жалпы, пайдалуу жана эсептелүүчү аянттарды, курулуш көлөмүн, курулманын аянтын жана имараттын кабаттуулугун эсептөө КР КЧ 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулуштар» документинин В тиркемесинде көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
4.7 Келүүчүлөрдү тейлеген соттун кызматтары (кеңселер, архивдер ж.б.), ошондой эле келүүчүлөрдү кабыл алуу бөлмөлөрү төмөнкү кабаттарда жайгашууга тийиш.
5 Сот имараттарынын тышкы көрүнүшү
5.1 Сот имараттарынын тышкы көрүнүшүнө карата так талаптар, анын ичинде фасаддын түсү, чатырынын материалы, декоративдик элементтери жана архитектуралык деталдары шаар куруу мыйзамдарына жана архитектуралык ченемдерге ылайык иштелип чыккан долбоордук документтерде жана архитектуралык концепцияларда аныкталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
Ошол эле учурда имараттардын сырткы жасалгасы, декоративдик элементтери жана башка архитектуралык деталдары ак мраморду жана (же) башка заманбап жасалгалоочу материалдарды колдонуу менен, объекттин архитектуралык маанисин, учурдагы имараттар жана курчап турган курулуштар менен айкалышын эске алуу менен аткарылат.
5.2 Бардык сот имараттары жалпыланган архитектуралык стилде долбоорлонууга тийиш, бул визуалдык бирдиктүүлүктү жана сот системасынын мекемелерин таанымал кылууну камсыз кылат, мында имараттын көлөмүндөгү жана сыйымдуулугундагы айырмачылыктар функционалдык талаптарга жана тейленүүчү калктын санына жараша белгиленет.
5.3 Соттун инстанциясынын деңгээлине жараша тышкы көрүнүшүндөгү айырмачылыктар белгиленет:
- биринчи инстанциядагы соттордун имараттары башка инстанциядагы соттордон айырмаланган жалпы архитектуралык стилде болуусу зарыл;
- экинчи инстанциядагы соттордун имараттары биринчи инстанциядагы соттун жана Жогорку соттун имараттарынан айырмаланган бирдиктүү архитектуралык стилде жасалууга тийиш;
- Жогорку соттун имараты сот системасындагы эң жогорку статусун чагылдырган өз алдынча архитектуралык стилде долбоорлонууга тийиш.
5.4 Сот имараттарынын тышкы көрүнүшүн түзүүнүн жалпы принциптери айланадагы шаар чөйрөсү менен шайкеш гармониялуу айкалышууну, ошондой эле имараттын функционалдык багытына жана мекеменин статусуна ылайык келүүсүн камсыздоого тийиш.
5.5 Сот имараттарына коопсуздук, энергияны үнөмдөө, жеткиликтүүлүк жана туруктуулук боюнча коюлган талаптар милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш жана ушул ченем менен жөнгө салынат.
6. Сот имаратын жайгаштырууга жана жер участогуна коюлуучу талаптар
6.1 Шаардын (райондун) аймагында сот имараттарын жайгаштыруу шаардын (райондун) башкы планына, аймактык пландоо документтерине жана тиешелүү аймакта колдонулуп, бекитилген аймактык ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.
6.2 Сот имаратынын участогунун аймагынын өлчөмү сот имаратын жайгаштыруу божомолдонгон шаардык райондун курулуш өзгөчөлүктөрүнүн негизинде аныкталат, мында участокту зоналаштыруу жана ар бир зонанын курулушу, имаратты анын периметри боюнча техникалык тейлөөнү жана өрт өчүрүүчү машиналардын келүүсүн камсыздоо эске алынат.
6.3 Жер участокторунун өлчөмдөрүн КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу жөнүндө” ченемдерине ылайык кабыл алынышы керек.
6.4 Имаратты куруу аянты участоктун аянтынын 25 пайызынан кем болбоого тийиш.
6.5 Участоктун башкы планы негизги зонадан тышкары төмөнкүдөй эки функционалдык зонаны камтууга тийиш: коомдук (бөлүштүрүүчү) жана кызматтык (кызматтык короо).
6.6 Коомдук зона сот имаратынын башкы кире беришине чектешет. Аны пландоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш: шаардык көчөгө (магистралга, өткөөлгө) чектешүүсү, коомдук транспорттун аялдамасы менен ыңгайлуу байланыш, кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн жеке автотранспорттору үчүн токтоочу жайлар, сот имаратына жана аймакка кресло-коляскада жүргөн майыптыгы бар адамдардын келишин камсыз кылган жөө жүргүнчүлөрдүн кеңири жана жантайма жолдору, келүүчүлөр үчүн эс алуу жерлери.
6.7 Жеке автоунаа үчүн токтоочу жайдын өлчөмүн 5 кызматкерге бирден кем эмес орунду эсептөө менен аныкталууга тийиш.
Келүүчүлөрдүн автомашиналары үчүн орундардын саны калктуу конушту (районду) автомобилдештирүү деңгээлине жараша белгиленет, ал эсептөө мөөнөтүнө карата аныкталат. Автоунаа токтоочу жайдагы орундардын жалпы санынын 10 пайызы майыптыгы бар адамдардын транспорт каражаттары үчүн каралууга тийиш.
6.8 Кызматтык зона (кызматтык короо) сот имаратындагы айыпталуучу, соттолгондор үчүн атайын кире бериш менен чектешүүгө тийиш. Анда айыпталуучу, соттолгондорду жеткирген атайын транспорт үчүн контролго алынуучу кире бериши, кызматтык короонун аймагында бөтөн адамдардын киришине, ошондой эле кызматтык короодо болуп жаткан окуяларды көчөдөн байкоого бөгөт болгон, 2,5 м кем эмес бийиктиктеги туташ тосмо болууга тийиш.
6.9 Кызматтык зонада кызматтык автомашиналардын токтотуу жайы
үчүн орундар жана таштанды чогулткучту орнотуу үчүн аянтча каралууга тийиш.
6.10 Автомашиналардын тиби жана саны долбоор түзүүнүн тапшырмасында белгиленет.
Таштанды чогулткучту орнотуу үчүн аянтча бетон жана асфальт менен капталып, периметри боюнча бордюр жана жасалгалоочу көчөттөр менен чектелүүгө тийиш. Ага автоунаанын келиши үчүн ыңгайлуу өткөөл камсыздалууга тийиш.
Аянтчанын өлчөмү таштанды чогулткучтун санына жараша белгиленет, ал таштандыны жок кылуунун ушул аймакта колдонулган ыкмаларына карата кабыл алынат.
7. Жайлардын функционалдык топтору жана алардын өз ара байланышы
7.1 Соттордун имараттарындагы жайлар төмөнкүдөй функционалдык топторго бөлүнөт:
- кошумча жайлары бар сот отурумунун жайлары;
- судьялардын жумушчу жайлары;
- сот аппаратынын кызматкерлери үчүн жайлар;
- айыпталуучу, соттолгон жана конвой үчүн жайлар;
- жардамчы жана тейлөөчү арналыштагы жайлар.
8. Сот отурумунун жайлары
8.1 Сот отурумунун жайларынын саны судьялардын санынын негизинде аныкталат.
Сот отурумунун жайлары жарандык, кылмыш жана административдик иштерди кароо үчүн залдарга бөлүнөт.
Биринчи инстанциядагы соттордо сот отурумунун жайларынын саны жана аянты 1-таблицага ылайык белгиленет.
Жогорку сотто, облустук соттордо жана Бишкек шаардык сотунда сот отурумунун жайларынын саны жана аянты 2-таблицага ылайык белгиленет.
1 - т а б л и ц а – Биринчи инстанциядагы соттордун отурумунун жайларынын саны жана аянты
Залдардын аталышы | Залдардагы орундардын саны | Залдын аянты, м2 | Сот отурумунун жайларынын саны судьялардын саны боюнча, адам
| |||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | |||
Жарандык иштер үчүн (административдик иштер) | 20 | 40 | - | - | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
30 | 48 | - | 1 | - | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | 2 | |
Жазык иштери үчүн (укук бузуулар жөнүндө) | 40 | 60 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 |
60 | 70 | - | - | - | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | |
90 | 110 (135) | - | - | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | |
Жалпы залдардын саны | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | ||
Жалпы көрүүчү орундар | 40 | 70 | 150 | 180 | 240 | 260 | 290 | 330 | 390 | 480 | ||
Процесске катышуучулардын саны көбөйгөн учурда. Э с к е р т ү ү – Ар бир конкреттүү учурда сот отурумунун жайларынын саны долбоорлоо тапшырмасына ылайык аныкталат. | ||||||||||||
2 - т а б л и ц а – Жогорку сотто, облустук соттордо жана Бишкек шаардык сотунда отурум жайларынын саны менен аянты
Залдардын аталышы | Залдардагы орундардын саны | Залдын аянты, м2 | Сот отурумунун жайларынын саны судьялардын саны боюнча, адам
| |
35 ке чейин | 36 жана андан ашык | |||
Жарандык иштер үчүн | 40 | 60 | 2 | Долбоорлоо тапшырмасында аныкталат |
20 | 40 | 1 | ||
административдик иштер үчүн | 40 | 60 | 2 | |
20 | 40 | 1 | ||
Жазык иштери үчүн (укук бузуулар жөнүндө иштер) | 60 | 110 кем эмес | 2 | |
40 | 80 | 1 | ||
20 | 40 | 2 | ||
Конференц-зал | - | 48 | 1 | |
КР ЖС Пленумунун отурум залы | - | 48 | 1 | |
|
|
|
| |
Э с к е р т ү ү - Ар бир конкреттүү учурда отурумунун жайларынын саны, анын ичинде сот арачылардын курамы катышкан залдар, судьялардын санына жараша долбоорлоо тапшырмасында аныкталат. | ||||
8.2 Сот имараттарынын көлөмдүк-пландоо чечимдери негизги функционалдык зоналарды рационалдуу жайгаштырууну эске алуусу керек:
- коомдук зонасы (бул зонага сотко келген жарандардын кирүүсү каралат);
- кызматтык зонасы (бул зонага судьялар менен сот аппаратынын кызматкерлери гана кире алышат);
- камакта жаткан адамдар жана конвой үчүн зона (жалпы юрисдикциядагы сот имараттарында гана).
Бул талап имараттын горизонталдык (коридорлор, холлдор) гана эмес, вертикалдык байланыштарына (баскычтар, лифттер) да тиешелүү.
8.3 Соттук отурумунун жайларын пландоодо төмөнкүдөй негизги эки зона бөлүнөт: процесстик жана эл үчүн зона.
Соттук отурумунун жайларындагы жазык иштерин угуу үчүн процесстик зонасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сот процессинин башкы катышуучуларын жайгаштыруу үчүн зона: судья жана соттук курам үчүн;
- прокурор, адвокаттар, сот отурумунун катчысы үчүн бөлүнгөн зона, ага жанаша жайгашкан күбөлөрдүн кафедрасы менен;
- сот арачылардын кароосу үчүн зонаны (сот арачылардын курамы катышкан сот залдарында);
- камакта жаткандар жана конвой үчүн зонаны.
Залдын жарандык иштерди угуу үчүн процесстик зонасы соттун зонасын жана доогердин, жоопкердин, адвокаттын жана сот отурумунун катчысынын зонасын камтыйт.
8.4 Сот отурумунун жайларынын геометриялык параметрлери эл үчүн орундардын санынын жана процесстик зонанын өлчөмдөрүнүн негизинде аныкталат.
Ар түрдүү максаттагы жайлардагы көрүүчүлөрдүн орун саны ушул ченемдин 1 жана 2-таблицаларына ылайык кабыл алуу керек.
Жайлардагы орундардын жайгашуусу катарлардын ортосунда 45 см кем эмес аралыктагы өткөөлдү камсыз кылууга тийиш.
8.5 Процесстик зонанын кеңдиги (залдын жазылыгы 6 баштап 9 метрге чейин болсо) төмөнкүлөрдү түзөт:
- эл үчүн 20 жана 30 орундуу, жарандык иштер боюнча залдарда 4,5 м кем эмес;
- эл үчүн 40 жана 60 орундуу, жазык иштери боюнча залдарда 5,5 м кем эмес;
- эл үчүн 90 орундуу, жазык иштери боюнча залдарда 6,5 м кем эмес, мында татаал иштерди кароодо процесстин катышуучуларынын, ошондой эле айыпталуучу, соттолгондордун санынын көбөйүү мүмкүндүгү эске алынууга тийиш.
Сот үчүн (судья жана соттук курам) зонанын кеңдиги 2 м кем болбоого тийиш. Процесстин калган катышуучулары үчүн зонанын минималдуу кеңдиги 2,5 м (эл үчүн 20 орундуу залдарда) 4,5 м чейин (эл үчүн 90 орундуу залдарда жана процесстин катышуучуларынын саны эки эсе көбөйгөндө) өзгөрөт.
Айыпталуучу, соттолгондор жана конвой үчүн зонанын өлчөмү айыпкерлердин болжолдуу санына жана аларды жайгаштыруу үчүн катарлардын санына жараша болуп, ал долбоор түзүүдөгү тапшырма менен аныкталат. Алсак, айыпкерлердин саны 5тен кем эмес болсо, бул зонанын өлчөмү 1х4 м, айыпкерлердин саны 5тен 10го чейин болсо, алар эки катар жайгаштырылып, 2х4 м түзөт ж.б.
8.6 Процесстик зонанын зоналары ар кандай деңгээлдерде төмөнкүдөй жайгашууга тийиш: сот үчүн (судья жана соттук курам) ички зонанын жертамандын деңгээли залдын деңгээлинен 45 см, ал эми процесстин калган катышуучулары үчүн жертамандын деңгээли 15 см көтөрүлүп турууга тийиш.
8.7 Айыпталуучу, соттолгондордун саны 10дон көп эмес болсо, айыпталуучу, соттолгондор үчүн зона процесстин калган катышуучулары үчүн зона менен бирдей деңгээлде же эл үчүн зонанын жертамандын деңгээлинде жайгаштырылат.
Айыпталуучулар жана соттолгондор үчүн зона бир деңгээлде жайгаштырылганда, ал соттун капталында, ал эми коомчулук үчүн зона жертамандын деңгээлинде жайгаштырылганда, соттун маңдайында жайгашат.
Адвокаттар үчүн орундар айыпкерлер үчүн зонанын алдына жайгаштырылат.
8.8 Айыпталуучулар жана соттолгондор үчүн арналган подзона ушул ченемдин 17.3 пунктуна ылайык тосмо менен бөлүнүүгө жатат жана терезелери бар дубалга жанаша жайгашпоого тийиш.
8.9 Жарандык, административдик жана башка иштерди кароо үчүн соттук отурумдардын жайларында үчтөн кем эмес өзүнчө эшик болушу керек: кеңешме бөлмөсүнөн, күбөлөр үчүн бөлмөдөн жана коомчулук үчүн.
Судья жана соттук курам үчүн кызматтык кире бериш каралышы керек. Эгерде кызматтык кире бериш уюштурууга мүмкүн болбосо, сот залына соттун кире бериши кеңешме бөлмөсү аркылуу ишке ашырылат.
8.10 Сот отурумунун жазык иштерин угуу үчүн залында жогоруда аталган эшиктер жана айыпкерлер конвой менен кирүүсү үчүн өзүнчө эшик болууга тийиш. Эл кирип-чыгуучу жерге көлөмү чакан металл издегичти орнотуу үчүн орун каралууга жатат.
Жазык иштерин угуу үчүн залдарда эл үчүн зона процесстик зонадан 1 м бийиктиктеги тосмо менен бөлүнөт.
8.11 Сот отурумдары өтүүчү жайларга орнотулган бардык эмеректер (столдор, трибуналар, отургучтар, креслолор, кафедралар, тосмолор жана башка элементтер) имараттын архитектуралык-дизайн концепциясына шайкеш бирдиктүү стилистикалык өңдө болуусу зарыл.
Эмеректердин түсү имарат ичинде бир калыпта болушу зарыл жана соттун деңгээлин визуалдык түрдө аныктоону камсыздоосу керек. Түстөрдүн градациясы сот инстанциясынын деңгээлине ылайык белгиленет, мисалы:
- биринчи инстанция соттор – күрөң түстөгү эмеректер;
- апелляциялык инстанция соттор – кара күрөң түстө;
- кассациялык инстанция сот – кара же графит түстөрүндө.
8.12 Сот отурумдары өтүүчү жайлардын кире бериши “ТЫНЧ! СОТ ОТУРУМУ ЖҮРҮП ЖАТАТ” деген жарык табло менен жабдылууга тийиш, ал эшиктин үстүнө жайгаштырылат.
8.13 Көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандар жана көрүүсү начарлар үчүн сотко кирүүсүн камсыздоо максатында сот отурумдары өтүүчү жайлардын жана жалпы пайдалануучу башка бөлмөлөрдүн кире бериштеринде Брайль рельефтик-дөңсө тамгалары менен жазылган аталыштар тактилдик кабыл алуу үчүн ыңгайлуу бийиктикке жайгаштырылат.
Сот залы дүлөйлөр жана начар уккандар үчүн сурдокотормо кызматын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга ылайыкташтырылышы керек.
8.14 Сот отурумдары өтүүчү жайлар аудио-, видеофиксация жана видео-конференц байланыш каражаттары менен жабдылууга тийиш, ал каражаттарды колдонуу үчүн залдарда тиешелүү акустикалык жасалгалоо каралууга тийиш.
8.15 Биринчи инстанциядагы соттордо ар бир судья үчүн судьянын кабинетине жакын жайгашкан, судьялардын, сот аппаратынын кызматкерлеринин, процесстин катышуучуларынын жана коомчулуктун өзүнчө жана обочолонгон өтмөктөрү камсыздалган сот залы каралат. Бул учурда судьянын эс алуу бөлмөсү кеңешме бөлмө катары да колдонулат.
8.16 Апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттордо сот залы имараттын обочолонгон зоналарында, судьялардын коопсуздугунун талаптарын эске алуу менен жана судьялардын, сот аппаратынын кызматкерлеринин, процесстин катышуучуларынын жана коомчулуктун өзүнчө жана обочолонгон өтмөктөрүн камсыз кылуу менен жайгаштырылат.
9. Кошумча жайлар
9.1 Кошумча жайларга төмөнкүлөр кирет:
- соттун (соттордун) кеңешме бөлмөсү;
- күбөлөр үчүн бөлмө(лөр)
- күбөлөрдү алардын коопсуздугун камсыз кылган шарттарда суракка алуу бөлмөсү («жашыруун» күбө бөлмөсү);
- педагог/психологдун бөлмөсү;
- жашы жетпеген жабырлануучулар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн бөлмө;
- жашы жетпеген күбөлөр жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн бөлмө;
- аппараттык жай;
- медиаторлордун (жарашуу процедуралары) бөлмөсү;
- процесске катышкан прокурорлордун кабинеттери;
- процесске катышкан адвокаттардын кабинеттери;
- адвокат менен сүйлөшүү жана иштер менен таанышуу бөлмөсү;
- эне менен баланын бөлмөсү;
- психикалык жактан бузулуулары бар адамдар үчүн бөлмө;
- соттук материалдарды сактоо жана иштетүү үчүн резервдик сервер бөлмөсү;
- эл үчүн холл (кулуар).
9.2 Кеңешме бөлмөсү 12 м² кем эмес аянтта болуп, сот отурумунун жайына процесстик зона жагынан тикелей чектешип турууга жана анда залдан чыгуу үчүн өзүнчө эшик болууга тийиш, ал судья өтүп бара жатканда эл менен байланышпагандай болуп жайгаштырылууга жатат.
Соттордун иш бөлмөлөрү (кабинеттери) жайгашкан зонанын тарабынан кеңешме бөлмөсүнө экинчи кире беришти уюштурууга, соттордун жүрүү жолу коомчулуктан обочолонгон шартта каралат. Кеңешме бөлмөсүнүн жанында санитрадык түйүн каралат.
Сот арачыларынын кеңешме бөлмөсү 36 м² кем эмес аянтта болуп, сот залындагы сот арачылардын зонасына чектешип жайгаштырылат.
9.3 Күбөлөр үчүн бөлмө 12 м² кем эмес аянтта болуп, сот залы менен тикелей же шлюз аркылуу чектешүүгө тийиш жана залга киргенден баштап күбөлөрдүн кафедрасына чейинки жол абдан кыска болгондой жайгаштырылат.
Айрым учурларда күбөлөрдүн бөлмөсү менен сот отурумунун жайларынын ортосундагы байланыш коридор аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
Сот процессинин башка катышуучулары тарабынан күбөлөрдүн визуалдык байкоого алынуусун болтурбоо шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгү да каралышы керек.
9.4 Күбөлөрдү алардын коопсуздугун камсыз кылган шарттарда суракка алуу үчүн бөлмөлөр (жашыруун күбөлөр үчүн бөлмөлөр) жалпы юрисдикциядагы соттордо гана каралууга жатат. Бул бөлмөлөр сот имаратынын процесстик зонанын өзүнчө бөлүгүндө, сот процессине катышуучу башка адамдардын күбөнүн өздүгүн билүүсүнө жол бербеген шартта жайгаштырылууга тийиш.
Бөлмөнүн аянты 12 м² кем эмес болуусу зарыл жана ал бир күбө менен эки күзөтчү үчүн орундар, ошондой эле сот отурумдарынын залына бурмаланган видео жана аудио сигналдарды берүүчү атайын аппараттар менен жабдылышы зарыл. Бөлмөгө терезе коюуга жол берилбейт. Бөлмөнүн жанында санитардык түйүндү кароо зарыл.
Жалпы юрисдикциядагы сот имаратында жашыруун күбөлөр үчүн жайлардын зарылдыгы жана саны долбоорлоо тапшырмасында аныкталат, ар бир имаратта жок дегенде бирөө каралууга тийиш.
9.5 Педагогдун/психологдун бөлмөлөрүн, жашы жетпеген жабырлануучулар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн, ошондой эле жашы жетпеген күбөлөр жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн бөлмөлөрдү 12 м² кем эмес аянтта долбоорлоо талап кылынат.
9.6 Аппараттык жайды аянты 50 м² көп сот отурумдарынын жайларынын жанына жайгаштыруу зарыл. Ал үн жазуу жана үндү берүү аппараттарын жайгаштыруу үчүн, ошондой эле диапроекторду, эпидиаскопту жана экранда документтерди көрсөтүүнү камсыз кылган башка аппараттарды жайгаштыруу үчүн арналат.
Аппараттык жайдын аянты 9-12 м2 кем эмес болушу керек. Экран залдын судья жана эл үчүн көрүнүктүү болгон дубалына жайгаштырылууга жатат.
9.7 Процесстин катышуучулары (адвокаттар жана прокурорлор) үчүн жайлардын саны төмөнкүдөй эсептөө менен аныкталат: сот отурумдарынын 2-3 залы үчүн 12 м² кем эмес аянттагы бир жай. Бул бөлмөлөрдүн аянты 3-таблицага ылайык кабыл алынууга тийиш.
Процесстин катышуучулары үчүн жайлардын санын сот отурумдарынын жайларынын санына ылайык белгиленет жана долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
Прокурор жана адвокаттар үчүн жайларды алар сот отурумдарынын жайларына чектешкендей кылып жайгашуусу керек.
3-таблица – Процесске катышуучулар үчүн бөлмөлөрдүн саны жана аянты
Бөлмөлөр | Процесске катышуучулар үчүн бөлмөлөрдүн саны жана жалпы аянты | |
Саны | м2 | |
Кеңешме бөлмөсү
| 1-4 | 12-24 |
5-9 | 36-48 | |
10 -15 | 60- 96 | |
16 же андан ашык | 108 же андан ашык | |
Жашы жетпеген айыпталуучулар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн бөлмө | 1 | 12-24 |
Жашы жетпеген жабырлануучулар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн бөлмө | 1 | 12-24 |
Жашы жетпеген күбөлөр жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн бөлмө | 1 | 12-24 |
Күбөлөр үчүн бөлмө
| 1-4 | 12-24 |
5-9 | 36-48 | |
10 -15 | 60- 96 | |
16 же андан ашык | 108 же андан ашык | |
Адвокаттар үчүн бөлмө | 1 более | 12-24 |
Медиатордун бөлмөсү | 1 | 12-24 |
Прокурорлор үчүн бөлмө | 1 же андан ашык | 12-24 |
Резервдик сервер бөлмөсү | 1 | 12-24 |
Эне менен баланын бөлмөсү | 1 | 12-24 |
Психикалык жактан бузулуулары бар адамдар үчүн бөлмөсү | 1 | 12-24 |
Педагог/психологдун бөлмөсү | 1 | 12-24 |
Адвокат менен сүйлөшүү жана иштер менен таанышуу үчүн бөлмө | 1 | 12-24 |
9.8 Сервер бөлмөсү климатты көзөмөлдөө тутуму, өрт өчүрүү тутуму жана резервдик электр менен камсыздоо менен жабдылып, соттук маалыматтарды сактоо жана иштетүү үчүн уюштурулат.
9.9 Санарип иштери боюнча иш жүргүзүүгө арналган бөлмөлөр корголгон компьютердик тутумдар жана сот материалдарынын маалымат базасына ишенимдүү жетүү мүмкүнчүлүгү менен жабдылууга тийиш.
9.10 Эл үчүн холлдор сот отурумунун жайларына эл үчүн зона жагынан чектешкендей кылып жайгаштырылышы керек. Сот отурумунун жайларына чектешкен холлдордун (кулуарлардын) аянтын залдагы эл үчүн бир орунга 0,3-0,4 кв.м эсебинде кабыл алууга тийиш.
10. Судьялар үчүн жумушчу жайлар
10.1 Судьялар үчүн жумушчу жайлардын тобу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сот отурумунун катчысынын жумуш орду каралган кабыл алуу бөлмөсү жана эс алуу бөлмөсү бар соттун төрагасынын кабинетин;
- сот отурумунун катчысынын жана судьянын жардамчысынын жумуш орду каралган кабыл алуу жана эс алуу бөлмөсү бар соттун төрагасынын орун басарынын кабинетин;
- Соттун төрагасынын орун басарынын кабинети эс алуу бөлмөсү жана соттук отурумдун катчысы менен судьянын жардамчысы үчүн жумуш орду каралган кабылдамасы менен;
- сот отурумунун катчыларынын жана судьялардын жардамчыларынын жумуш орду каралган кабыл алуу бөлмөсү бар судьянын кабинетин;
- уюштуруу жана кадрдык иштер боюнча консультант үчүн бөлмөнү (судьялардын саны 11 жана андан көп болгон соттордо).
Судьялардын эс алуу бөлмөлөрүндө өзүнчө санитардык түйүндөр каралууга тийиш.
10.2 Соттордун иш бөлмөлөрүнүн тобу келүүчүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн тепкич-лифт түйүндөрүнө жакын жайгаштырылышы керек.
Ошондой эле бул бөлмөлөрдүн тобу канцеляриялык бөлмөлөр тобу менен ыңгайлуу байланышта болушу камсыздалышы зарыл.
10.3 Келүүчүлөр үчүн күтүү жайлары каралууга жатат. Күтүү жайлары катары коридорлор жана аларга кошулган залдар колдонулушу мүмкүн, ал жерлерде отуруу орундарын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү эске алынууга тийиш.
Келүүчүлөрдүн күтүү орундары судьялардын кабинетине 8-10 орундан, ал эми кеңсенин жайларына 12-20 орундан эсептелет.
10.4 Көрсөтүлгөн жайлар ыңгайлуу климаттык шарттарды камсыз кылуу үчүн кондиционерлер менен жабдылууга жатат.
10.5 Судьялардын жумушчу жайларына кошулган кабыл алуу бөлмөлөрүндө, коридорлордо жана башка жалпы колдонуудагы жайларда жеке маалыматтарды коргоо жана сот ишмердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен видеокөзөмөл тутумдарын (видеокамераларды) орнотулушу керек.
10.6 Соттордун иш бөлмөлөрүнүн аянтын 4-таблица боюнча кабыл алынат.
Э с к е р т ү ү: Сот имараттарын долбоорлоодо судьялардын штаттык санынын мүмкүн болуучу көбөйүшүн эске алуу менен кошумча кабинеттерди жана судьялардын жумушчу жайларынын аянттарын кароо зарыл.
4 - т а б л и ц а – Судьялар үчүн жумушчу жайлардын аянты
Жайлар | Жайлардын аянты кв.м, судьялардын санына карата, адам | ||||
Райондук (шаардык) соттордо | Жогорку сотто, облустук соттордо, Бишкек шаардык сотунда | ||||
5 чейин | 5 - 7 | 8 же андан ашык | 30 чейин | 31 же андан ашык | |
Соттун төрагасынын кабинети | 18-24 | 24-30 | 30 кем эмес | 36 - 48 | 48 - 60 |
Соттун төраганын эс алуу бөлмөсү | 12 кем эмес | ||||
Соттун төрагасынын кабыл алуу бөлмөсү | 18 | 18-24 | 24 кем эмес | 24 кем эмес | |
Соттун төрагасынын орун басарынын кабинети | 18 | 18 | 18 - 24 | 30 | 36 |
Соттун төрагасынын орун басарынын эс алуу бөлмөсү | 12 кем эмес | ||||
Соттун төрагасынын, анын орун басарынын жардамчысынын кабинети | 12 - 18 | 12 - 18 | 12 - 18 | 12 - 18 | |
Судьянын кабинети | 18 | 18 | 18 - 24 | 18 - 24 | |
Судьянын эс алуу бөлмөсү | 12 кем эмес | ||||
Судьянын жардамчысынын кабинети | 12 | 12 | 12 | 15 | 18 |
Судьянын кабыл алуу бөлмөсү | 18 | 18 | 18 | - | - |
11. Соттун аппарат кызматкерлери үчүн жумушчу жайлар
11.1 Соттун техникалык аппараты үчүн жумушчу жайлар: кеңсени, соттордун ишинин белгиленген тартибин камсыздоо боюнча сот приставдарынын бөлмөсүн, кеңсе башчысынын, улук сот приставынын, сот администраторунун кабинеттерин, архивдердин, экспедициянын жайларын, кодификация кабинетин (юридикалык адабият китепканасын), консультант-кодификатордун кабинетин, ошондой эле буюм-заттык далилдерди сактоо үчүн жана кармалган курал жана мүлк үчүн кампаларды камтыйт.
11.2 Кеңсе жайларын соттун биринчи кабатында бир блок менен жайгашуусу керек.
4 жана андан көп сандагы судьялар иштеген соттордо жазык, жарандык жана административдик иштер боюнча кеңселер үчүн өзүнчө жайлар каралууга тийиш.
Кеңсе жайынын аянтын бир кызматкерге 8 м² эсеп менен кабыл алуу зарыл.
Жумуш орундарын компьютерлер же башка көлөмдүү жабдуулар менен камсыздоодо, ошол жабдууларды эксплуатациялоонун техникалык шарттарына ылайык бөлмөнүн аянты көбөйтүлөт.
11.3 Кеңсе жайында келгендер менен иштөө үчүн адистин иш орду каралышы керек, ал келгендерден тунук бөлгүч менен бөлүнүп, ачык терезеси документтерди кабыл алуу жана берүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы зарыл. Мындай иш орундар бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин негизги иш орундарынан тышкары кошумча каралат. Ачылуу терезенин төмөнкү жагын полдон 0,8 м бийиктикке, жогорку жагын 1,7 м бийиктикке жайгаштыруу керек.
11.4 Саны 11 жана андан ашык судьялар иштеген соттордо прокурорлордун жана адвокаттардын иш менен таанышуусу үчүн өзүнчө жай болушу керек. Аларды кеңсе жайларга туташ жайгаштыруу зарыл, алардын ортосундагы байланыш терезе аркылуу жүргүзүлөт, бирок сотто атайын катчы (иш кагаздарын жүргүзүүчү) кызмат каралган учурда бул бөлмөлөр имараттын 1-кабатындагы башка жерлерде жайгаштырылышы да мүмкүн.
11.5 Соттордун ишмердүүлүгүнүн белгиленген тартибин камсыз кылуу боюнча сот приставдарынын бөлмөлөрүн бир же эки жумуш ордуна эсептеп, ар бир сот приставына кеминде 10 м² каралгандай пландаштыруушу керек.
11.6 Сот аткаруучуларынын кызматтык ок атуучу куралдарын сактоо үчүн соттун имаратынын чектелген кирүү мүмкүнчүлүгү бар кызматтык аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын курал жүгүртүү жана сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жабдылган курал сактоочу бөлмө каралышы керек.
11.7 Кеңсе башчысы, сот администратору, соттордун ишмердүүлүгүнүн белгиленген тартибин камсыз кылуу боюнча улук сот приставы үчүн кабинеттердин аянты 15-18 м² болууга тийиш.
11.8 Учурдагы иштер жана өндүрүшү аяктаган иштерди сактоочу архивдерди сот өндүрүшү бөлүмдөрүнүн жайларына мүмкүн болушунча жакын жайгаштыруу зарыл. Архивге кирүү кызматтык зона тарабынан каралышы керек. Архивдин кире беришинде аянты кеминде 6 м² болгон документтерди кабыл алуу жана берүү бөлмөсүн караштыруу зарыл.
11.9 Күнүмдүк сот иштеринин архивдерин стационардык текчелер менен долбоорлоо зарыл.
11.10 Өндүрүшү аяктаган сот иштери үчүн архивдерди жылма текчелер менен долбоорлоо зарыл. Архивдердин аянты сакталуучу иштердин санына жараша аныкталып, эсептелген аянттын 30% - 40% өлчөмүндө кошумча резерв каралышы же техникалык тапшырмага ылайык болушу зарыл.
11.11 4 жана андан ашык судья иштеген соттордо экспедиция үчүн жай каралышы зарыл. Анын аянты бөлмөдө иштеген кызматкерге 6 м² эсеп менен, бирок жалпысы 12 м² кем эмес өлчөмдө белгиленет.
11.12 Көбөйтүп чыгаруучу техника жана компьютерлер үчүн аянты бул техниканы колдонуунун техникалык шарттарына ылайык, бирок 12 м² кем эмес аныктала турган өзүнчө бөлмө каралышы керек.
11.13 Буюмзаттык далилдердин кампасынын аянты жазык иштери боюнча сот отурумдарынын жайларынын санына жараша имараттын долбоордук тапшырмасында аныкталат, бирок 18 м² кем эмес болууга тийиш.
11.14 Камак жүргүзүүдө алынган мүлктү сактоочу кампасынын аянты имаратты долбоорлоо тапшырмасында аныкталат, бирок 10 м² кем эмес болууга тийиш.
11.15 Кодификация кабинетинин (юридикалык адабияттар китепканасынын) аянты төмөнкүдөй м² эске алуу зарыл:
18 - 1-2 судья болсо;
24 - 3-5 судья болсо;
30 - 6-7 судья болсо;
40 - 8 жана андан ашык судья болсо.
Кодификация кабинети менен чектеш жайгашкан жерде аянты 12 м² болгон консультант-кодификатордун кабинетин жайгаштыруу залыл.
11.16 Жашыруун материалдарды сактоо жана алар менен иштөө үчүн бир кабинет каралат, ал сот имаратынын кызматтык зонасында жайгаштырылып, кирүүгө чектөөлөр коюлушу керек жана Кыргыз Республикасында жашыруундук режимин камсыз кылуу боюнча нускаманын талаптарына ылайык жабдылышы зарыл.
11.17 Көрсөтүлгөн жайлар ыңгайлуу климаттык шарттарды камсыз кылуу үчүн кондиционерлер менен жабдылышы керек. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзам талаптарын жана сот ишмердүүлүгүнүн коопсуздугун эске алуу менен видеокөзөмөл тутмдарын (видеокамераларды) орнотуу каралат.
11.18 Сот имараттарында мамлекеттик алымдарды жана башка соттук төлөмдөрдү накталай эмес түрдө төлөө үчүн төлөм терминалдарын орнотуу каралат.
12. Айыпталуучулар, соттолгондор жана конвой үчүн жайлардын тобу
12.1 Айыпталуучулар, соттолгондор жана конвой үчүн жайлардын тобуна: айыпталуучулар, соттолгондор үчүн камералар, конвойдун бөлмөсү жана санитардык түйүн кирет.
Аталган жайлардын тобунун соттун имаратына кызматтык кирүү менен түз байланышта болгондой, ал эми айыпталуучулар, соттолгондордун камерасынан жазык иштери боюнча сот отуруму өтүүчү залга чейинки жол тосулуп коюлгандай кылып жайгаштырылууга тийиш, бул жол өзүнчө тепкичтер жана коридорлор аркылуу өтүүгө тийиш.
12.2 Камакта кармалган адамдарды конвойго алуу үчүн колдонулуучу коридордо видеокөзөмөл камераларын жана тез жардам сигнализациясынын баскычтарын орнотуу каралат (баскычтар коридордун дубалында, ар бир камеранын эшигинде жертамандан 0,8 м бийиктикте орнотулат).
12.3 Айыпталуучулар, соттолгондор үчүн камералар жазык иштерин кароо үчүн сот отурумунун ар бир залына 3 камера эсебинде каралууга тийиш. Ар бир камеранын аянты 4 м² болууга тийиш.
12.4 Айыпталуучулар, соттолгондорду кармоо үчүн камералардын саны камактагы ар түрдүү категориядагы адамдарды (эркектерди, аялдарды, курагы жетпегендерди, оорулууларды) өзүнчө кармоону камсыз кылышы керек, бирок сот үчүн жок дегенде төрт камера болушу зарыл.
Камералардын жалпы саны төмөнкүчө аныкталат: кылмыш иштерин кароо үчүн бир соттук залга үч камерадан же техникалык тапшырмага ылайык ченемдик талаптарга жараша аныкталышы керек.
12.5 Камералардын саны 10го чейин болгон учурда конвой бөлмөсүнүн аянты 12 м² түзөт, ал эми камералардын саны 10дон ашкан учурда – 18 м² түзөт.
12.6 Конвой үчүн бөлмөдө нөөмөтчү конвой кызматкеринин наряды үчүн орун, конвой жеке курамына эс алуу үчүн жай, тамак ысытуу үчүн жай жана санитардык жайлар каралышы керек.
12.7 Бөлмөдө камакта турган адамдар жайгашкан бөлмөлөрдүн коопсуздугун камсыздоочу техникалык каражаттарды башкаруу үчүн иш орду каралышы зарыл: видеокөзөмөл пульту жана видеомониторлор, коопсуздук-тизгич сигнализациясынын концентратору, кондиционер, шаардык телефон (шаардык аралык чалууларга бөгөт коюлган) жана ички телефон. Иш ордунун жанында атайын каражаттарды сактоочу металл шкафтар, кызматтык документтерди жана камактагы адамдар менен конвой жайларынын ачкычтарын сактоочу шкаф болушу зарыл. Бөлмөнүн аянты кеминде 12 м² болууга тийиш.
13. Тейлөөчү максаттагы жайлар
13.1 Тейлөө багытындагы бөлмөлөрдүн курамына: гардеробу бар вестибюль, имаратты кайтаруучулар үчүн жай, буфет же тамактануучу бөлмө, чарба башчысынын бөлмөсү, оңдоочу устаканалар, жабдууларды сактоочу кампа, шаймандар сакталуучу кампа, айдоочулардын бөлмөсү, психологиялык жактан жеңилдетүүчү бөлмө, санитардык түйүндөр кирет.
13.2 Вестибюлдун аянты сот отурумунун жайларынын эл үчүн ар бир орунга 0,22 м² өлчөмүндө аныкталат, буга судьялардын саны төрткө чейин болгон соттордун имараттарында 20 м² кошулат жана төрттөн ашык болгон соттордо төрт судьянын ар бирине 10 м² кошулат.
Вестибюлдагы гардеробдун аянты бир илмекке 0,1 м² эсебинде аныкталат. Кийим илгичтеги илмектердин саны соттун имаратында иштегендердин жалпы санына бирдей болууга тийиш. Сот имаратында келүүчүлөр үчүн кийим сактоочу жай каралат, аны сот отурумунун жайларынын эл үчүн орундардын жалпы санына жараша эсептелет.
13.3 5 жана андан ашык судья иштеген соттордун имараттарында 4-5 кызматкер отура турган буфеттер каралат. Тамактануучу жайдын аянты бир орунга 1,4 м² эсебинде болуусу зарыл, бирок 12 м² ден кем эмес болууга тийиш; буфеттин таратуучу, көмөкчү жайларынын жана ашкананын идиш жуула турган жайларынын аянты коомдук тамактануу ишканаларын долбоорлорунун тиешелүү ченемдерине ылайык эсептелет.
Судьялардын саны бирден төрткө чейин болгон соттордун имаратында тамактануучу бөлмө каралышы керек. Анын аянты бир кызматкерге 1 м² эсебинде, бирок 15 м² ден кем эмес өлчөмдө аныкталат. Тамактануучу бөлмө идиш жууй турган орнотмо, стационардык суу кайнаткыч, электр плитасы, муздаткыч менен жабдылууга тийиш.
13.4 Судьяларынын саны 8 жана андан ашык болгон сот имараттарында социалдык-психологиялык калыбына келтирүү бөлмөлөрү каралышы керек. Мындай жайлар имараттын долбоордук тапшырмасында белгиленет, ар бир бөлмөнүн аянты 24 м² кем болбоого тийиш. Социалдык-психологиялык калыбына келтирүү жайын негизги эл жүргөн жерден обочороок жана транспорт магистралдарына карата сот имаратынын жайгашуусун эске алуу менен жайгаштырылышы керек.
13.5 Имаратты кайтаруучу үчүн жайларды негизги эшикке жакын жайгаштырылышы керек. Бул жайлардын курамына: кароолдун курамы үчүн жалпы бөлмөнү, кароол башчынын жана анын жардамчыларынын бөлмөсүн; тамактануучу бөлмөнү жана санитардык түйүндү киргизүүгө болот.
Кароол башчынын бөлмөсүнүн аянты 12 м² кем эмес болууга тийиш, кароолдун курамы үчүн бөлмөлөрдүн аянты ар бир кароолчуга 4,5 м² эсеби менен аныкталат, бирок 15 м² кем болбошу керек, тамак ичүүчү бөлмө ушул ченемдерге ылайык долбоорлонот.
13.6 Ар бир кабатта имарат аянтынын 1000 м² 3 м² эсеби менен, бирок ар бирине 1,5 м² ден кем эмес эсеп менен имарат жыйноочунун кампасын кароо зарыл.
13.7 Санитардык түйүндөрдү сот имаратынын ар бир кабатында каралышы керек, жана алар кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн өз-өзүнчө болууга тийиш. Кызматкерлер үчүн санитардык түйүндөрдөгү приборлордун саны төмөнкүчө эсептелет: 30 аялга 1 күлтүктөн жана 45 эркекке 1 күлтүк жана 1 даараттамадан кем эмес болууга тийиш. Эркектер менен аялдардын санынын катышы долбоорлоого коюлган тапшырма менен аныкталат. Кабатта кызматкерлердин саны 10дон кем болгондо, кызматкерлер үчүн санитардык түйүндөрдү кабат аттап жайгаштырылат.
Келүүчүлөр үчүн сантүйүндөрдөгү приборлордун саны 50 аялга 2ден кем эмес күлтүк жана 120 эркекке 1 күлтүк жана 2 даараттама эсебинде болууга тийиш. Келүүчүлөрдүн саны сот отурумунун жайларындагы эл үчүн бөлүнгөн орундардын санына жараша эсептелет. Долбоорлогон учурда аялдар менен эркектердин санын бирдей же тапшырма боюнча аткарууга жол берилет.
Сот отурумунун жайларындагы эл үчүн орундар эң көп санда болот деп болжолдонгон кабатта санитардык түйүндөрдүн биринде отургуч-коляска менен жылып жүргөн майыптыгы бар адамдар үчүн кабина каралууга тийиш.
Сот арачылардын кеңешүүчү бөлмөсүнүн жанындагы сантүйүн үн өтпөгөн материалдардан жасалган кабиналарда жайгашкан эки күлтүк жана бир жуунгуч менен жабдылат.
Айыпталуучу, соттолуучулар үчүн бөлмөлөрдүн жанындагы конвой үчүн, имаратты күзөтүү үчүн бөлмөлөрдүн жанындагы жана кеңешүүчү бөлмөлөрдүн жанындагы санитардык түйүндөр бир күлтүк жана бир жуунгуч менен жабдылат.
Кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн санитардык түйүндөрдүн киребериштери өзү жабыла турган эшиги бар тамбур аркылуу жасалууга тийиш.
13.8 Сот имараттын жанында кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн ыңгайлуулук максатында тышкы дааратканалар же санитардык жайлар каралышы керек, өзгөчө жүктөлүш жогору болгон учурларда же ички санитардык жайлардын аянты чектелген учурда.
13.9 Имараттын инженердик тутумдарын тейлеген жумушчулар, оңдоочулар жана тазалоочулар үчүн бир эки торчолуу жууна турган же душу бар 1 адамга 1,2 м² эсеби менен үйдө жана иште кийүүчү кийимдерин иле турган гардероб коюлушу мүмкүн.
14. Көмөкчү максаттагы жайлар
14.1 Көмөкчү бөлмөлөрдүн курамына: бухгалтерия, кадрлар, материалдык-техникалык камсыздоо, сот статистикасы жана укуктук маалымат берүү, иш кагаздарын жүргүзүү, сот өндүрүшүн камсыз кылуу ж.б. бөлүмдөр үчүн бөлмөлөр кирет.
14.2 Бул бөлмөлөрдүн саны жана аянты долбоордо имаратка жайгаша турган кызматкерлердин санына жана жумуш орундарын компьютерлер жана башка жабдуулар менен камсыздоого жараша аныкталат.
15. Лифттер
15.1 Жаңы курулуучу сот имараттарын долбоорлоодо бийиктиги 3 кабаттан жогору болгондо, жүргүнчү лифттерди орнотууну караштыруу зарыл.
15.2 Жүргүнчү лифттердин саны эсептөө жолу менен аныкталат жана экиден кем болбошу керек. Лифттердин бири коляска менен жүргөн майыптыгы бар адамдарга пайдаланууга ылайыктуу кабина менен камсыздалууга жатат жана ал КР КЧ 35-01:2018 майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо чөйрөнү долбоорлоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
15.3 Эң алыста жайгашкан бөлмөнүн эшигинен жүргүнчү лифттин эшигине чейинки аралык 60 метрден ашпоосу зарыл.
15.4 Жүргүнчү лифттердин чыгыш лифт холлу аркылуу долбоорлонууга тийиш. Лифт холлунун туурасы лифт кабинанын тереңдигинин жок дегенде 1,3 эсе болушу зарыл (эгер лифттер бир катар жайгашкан болсо). Отургуч-коляска менен жылып жүргөн майыптыгы бар адамдар үчүн ылайыкташтырылган лифт кабиналарынын алдында лифт холлунун туурасы жогоруда көрсөтүлгөн СН КР 35-01:2018 талаптарына ылайык жок дегенде 2,5 метр болуусу зарыл.
Лифт холлдорун күтүүгө арналган холлдор жана кулуарлар менен бириктирүүдө алардын аянты ушул Ченемдердин талаптарына ылайык аныкталат.
15.5 Лифттердин шахталары менен машиналык бөлмөлөр кызматкерлер туруктуу иштеген бөлмөлөргө жана сот отурумунун жайларына түздөн-түз жанаша жайгашпоого тийиш.
16. Жайларды жарыктандырууга коюлуучу талаптар
16.1 Сот имараттарындагы жайларды табигый жана жасалма жарыктандыруу КР КЧ 23-05:2019 «Табигый жана жасалма жарык берүү» стандартынын талаптарына жооп берүүсү зарыл.
16.2 Архив жайларын, курал сактоо үчүн кампа, буюмзаттык далилдер кампасы, сот приставдары камакка алууда алып койгон мүлктү сактоочу кампасы, тазалоочулардын кампасы жана санитардик түйүндөр табигый жарыксыз долбоорлонууга тийиш.
16.3 Соттук отурум жайларын табигый жана жасалма жарыктандыруу булактарынын жайгашуусу бардык сот процесстин катышуучулары үчүн жакшы көрүнүүнү камсыздоого ылайыкташтырылышы зарыл.
17. Коопсуздук талаптары
17.1 Сот имаратынын кире беришинде күзөт жана металлтапкычтарды орнотуу үчүн орун каралууга тийиш.
17.2 Сот отурумдарынын жайларынын, кеңешүүчү бөлмөлөрдүн, конвой үчүн бөлүнгөн бөлмөлөрдүн, айыпталуучу, соттолгондордун камераларынын, айыпталуучу, соттолгондор өтө турган далистер жана тепкичтер, ошондой эле камералардын эшиктериндеги шыкаалоочу терезелер металл торчолор менен тосулууга тийиш.
17.3 Жазык иштерин кароо үчүн сот отурум жайларында айыпталуучулар, соттолгондорду жайгаштыруу үчүн төрт тараптан корголгон, бийиктиги 220 см брондолгон (окко туруктуу) айнек менен жасалган тосмо орнотулууга жатат. Тосмолонгон аянт 3төн 20га чейинки айыпталуучулар, соттолгондорду жайгаштыра алууга тийиш; анын өлчөмдөрү долбоорлоодо белгиленет.
Тосмо 200×80 см өлчөмүндө эшикке жана жогорку каптоо бөлүгүнө ээ болууга тийиш, ал бекем коргоочу тордон же башка коопсуз материалдан жасалууга тийиш. Тосмону залдын шыбына жеткире жасоого мүмкүн.
17.4 Дубалдын жана судьялардын кабинеттеринин, сот арачылары үчүн кеңешүүчү бөлмөлөрдүн эшиктери, ошондой эле күбөлөр үчүн бөлмөлөрдүн дубалдары үндү өткөрбөө максатында атайын үн өткөрбөй турган материал менен беттелүүгө тийиш; күбөлөр үчүн бөлмө менен сот отуруму өтүүчү залдын ортосуна кош кабат эшиктер коюлууга тийиш.
17.5 Келгендерди кабыл алуу жүргүзүлгөн жайларда кишилер отурган зоналар тосмо же терезелүү тоскуч менен бөлүнүп турууга тийиш. Мында кызматкерлердин жумуш орундары келгендер үчүн жете албай тургандай болушу керек.
17.6 Архив жайларынын жана курал сактоо үчүн кампа сейф түрүндөгү эшиктер менен камсыз кылынууга тийиш.
17.7 Айыпталуучу, соттолгондор үчүн камераларда шыкаалоочу терезечелери бар атайын камера эшиктери коюлуусу зарыл. Эшиктердин түрлөрү тергөө изоляторлору менен түрмөлөрдү долбоорлоо ченемдерине ылайык кабыл алынат. Камераларда ошондой эле төмөндөгүлөр каралууга тийиш:
- калыңдыгы 20 см кем болбогон бетон жертамандар;
- жарык булагы нишаларга орнотулуп, алар торлор менен корголот жана дубалдын жогорку бөлүгүндө же төбөдө жайгаштырылат;
- коридордогу камеранын жанына же конвойдун бөлмөсүнө жарык булактарынын өчүргүчтөрү жайгаштырылат;
- эшик жана терезелерди ачуу үчүн алар үн жана жарык сигнализациясы менен жабдылат.
17.8 Соттордо кырдаал татаалдашкан учурларда жарандарды, судьяларды жана сот арачыларын калкалоо үчүн кошумча жайлар, ошондой эле кызматтык иттер жана кинологдор үчүн жайлар ошол региондогу криминогендик кырдаалдын өзгөчөлүктөрүнө жараша сот имаратын долбоорлогондо анын тапшырмасында каралышы мүмкүн. Мындай жайлардын аянты жана имаратта алардын жайгаштырылышы долбоорлоо тапшырмасында белгиленет.
17.9 Сот имараттарында төмөнкү бөлмөлөр коргоо жана коңгуроо сигнализациясы менен камсыз кылынууга тийиш:
- келүүчүлөр үчүн холлдорду кошпогондо, сот отурумдарына өтүүчү залдар жана ага улай салынган жайлар;
- келүүчүлөр үчүн күтүү жайларын кошпогондо судьялар үчүн иш бөлмөлөрү;
- соттордун ишин техникалык жактан камсыз кылган кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү;
- айыпталуучулар, соттолгондор жана конвой үчүн бөлмөлөр;
- вестибюль жана имаратты күзөтүүчү жайлар.
18. Ѳрткө каршы талаптар
18.1 Сот имараттарын функциялык өрт коопсуздугу жагынан КР КЧ 21-01:2018 “Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу” боюнча кабыл алынган имараттардын классификациясы боюнча Ф 2.1 классына киргизилүүгө жатат.
18.2 Өрткө каршы дубалдар менен чектелген өрттөн коргоо бөлүгүнүн аянты имараттын өрткө туруктуулук жана кабаттуулук даражасына жараша КР КЧ 31-04:2018 “Коомдук имараттар жана курулмалар” боюнча аныкталууга жатат.
18.3 Вестибюлду жана санитардык түйүндөрдү кошпогондо сот имаратынын бардык жайлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өрт коопсуздук эрежелерине ылайык автоматтык өрт сигнализациясы менен жабдылууга тийиш.
18.4 Сот имараттарындагы өрт жөнүндө кабарлоо системасы борборлоштурулган болуусу зарыл жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өрт коопсуздук эрежелерине ылайык долбоорлонууга тийиш.
18.5 Айыпталуучулардын, соттолгондордун камералары жайгашкан жертөлөдөн же башка кабаттан эвакуациялык чыгуулар имараттан башка эвакуациялык эшиктерден обочо болууга тийиш. Алар кызматтык короого чыгууга тийиш.
18.6 Аянты 36 кв.м ден ашкан архив жана буюмзаттык далилдерди сактоочу жайларда терезе болбогон учурда кесилиш аянты ошол жайдын аянтынын 0,2 пайыздан кем болбогон түтүн чыгуучу сормо каналдар каралууга тийиш жана алар ар бир кабатта автоматтык түрдө жана аралыктан кыймылга келтирилүүчү клапандар менен жабдылат.
Түтүндү чыгаруу үчүн каралган орнотмо, ошондой эле терезе-тешиктери болбосо сот отурумдарынын жайларында да каралууга тийиш.
18.7 Буюмзаттык далилдер жана архивдер жайгашкан жайлардын эшиктери ЕI 30 (КР КЧ 21-01:2018 “Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу” боюнча) төмөн болбогон өрткө туруктуулук чегине ээ болууга тийиш.
18.8 Сот отурумдары өткөн залдарды жана андай отурум өтүү каралган башка жайларды акустикалык жасалгалоо Г1, В1, Д2, Т2 жогору болгон өрт коопсуздугу сактала турган материалдардан жасалууга тийиш.
19. Инженердик системалар жана жабдуулар
19.1 Сот имараттарын жылытуу, желдетүү, суу, канализация киргизүү жана ысык суу менен жабдуу колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык аткарылат.
19.2 Суу түтүктөр тутуму бириккен чарбалык-ичүүчү-өрткө каршы болушу керек.
19.3 Ысык суу менен борборлоштуруп жабдуу мүмкүн болбогон сот имараттарына электр суу жылыткычтары орнотулат.
19.4 Жылытуу системасынын альтернативдик варианттары каралууга тийиш.
19.5 Соттордун имараттары электрлештирүүгө, телефондоштурууга, радиолоштурууга жана электр сааттары коюлууга тийиш. Жергиликтүү радиотрансляция орнотмолорунун зарылчылыгы долбоорлоого тапшырмада белгиленет.
19.6 Сот имараттарынын электр техникалык түзүлүштөрү жасалма жарыктандыруу жагында КР КЧ 23-05:2019 “Табигый жана жасалма жарык берүү” курулуш ченеминин стандартынын жана тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар менен техникалык документтердин талаптарын канааттандырууга тийиш.
19.7 Электрсааттарын судьялардын кабинеттерине жана соттордун аппаратынын кызматкерлеринин бөлмөлөрүнө, сот отуруму өтүүчү залдарга, холлдорго жана вестибюлга орнотуу зарыл. Аларды жайгаштыруу эл үчүн, ошондой эле сот кызматкерлери үчүн сааттар көрүнүп тургандай жайгаштырылууга тийиш.
19.8 Сүйлөшүүчү орнотмолорду сот төрагасынын кабинетине, судьялардын бөлмөлөрүнө, сот арачылардын сот отурумунун залдарына, конвойдун бөлмөсүнө жана кеңсеге орнотулууга тийиш.
Сүйлөшүүчү орнотмолор ошондой эле күбөлөр үчүн бөлмө жана конвой үчүн бөлмө менен байланышып туруу үчүн сот отуруму өтүүчү залга орнотулууга тийиш.
19.9 Үн аркылуу белги бергичтер (коңгуроонун жардамы менен) төмөнкү жерлерге орнотулууга тийиш:
- кеңешме бөлмөлөр менен конвойлордун, кеңсе менен сот отурумдары өтүүчү залдардын ортосуна;
- күзөт бөлмөлөрү менен имаратка кирүүчү кызматтык эшиктин ортосуна. Сот имаратынын бардык кабаттарына жалпы коңгуроолор коюлууга тийиш.
19.10 Имаратты күзөтүү үчүн бөлүнгөн жайлар милициянын жакын арадагы бөлүмү менен түз телефон байланышына ээ болууга тийиш.
19.11 Сот имаратынын иш бөлмөлөрүнүн үчтөн ашык жеке компьютерлер менен жабдыган учурда аларды локалдык эсептөө тармагына (мындан ары – ЛЭТ) бириктирилиши керек, анын ичинде атайын сервер менен ЛЭТке туташуу мүмкүнчүлүгү да болушу зарыл.
ЛЭТти монтаждоо, орнотууга жана жөнгө салууга чыгымдарды азайтуу үчүн ал структуралашкан кабелдик тутумдун (мындан ары – СКС) курамында (ЛЭТти телефондоштуруу, видеоконференциялар ж.б. үчүн) кураштырылышы мүмкүн. Бул үчүн сот имаратынын кабаттарында кабелдик инфраструктураны ыкчам өзгөртүү үчүн коммуникациялык панелдер, иш бөлмөлөрүндө - жеке компьютерлерди жана телефондорду кошуу үчүн (модемдик байланышты камсыз кылуу үчүн) розеткалар орнотулууга тийиш, ошондой эле жалпы аянты 18 кв.м ден кем болбогон сервердик жана коммуникациялык эки атайын жай каралууга тийиш.
19.12 Сервердик-коммуникациялык, буюмзаттык далилдер жайгашкан жай, учурдагы жана бүткөн иштер архиви, автоматтык өрт өчүрүү тутуму менен жабдылууга тийиш (сервердик – газ тутуму менен, буюмзат далилдеринин жайгашкан жайы жана архив – порошок-аэрозолдук тутуму менен).
19.13 Кошумча тапшырма боюнча имараттын периметри боюнча, кызматтык короо аянтын, айыпкерлердин жана конвой зонасын, ошондой эле кирүү зонасын (вестибюль жана борбордук кирүү) телевизордук видеокөзөмөлдөө тутуму менен жабдуу каралат.