Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына) |
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин (мындан ары - кадрлар резерви) түзүү жана иштөө тартибин белгилейт.
2. Кадрлар резерви - бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин тиешелүү тармактык багыттары боюнча мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервисттердин) тобу.
3. Кадрлар резервинин максаттары:
1) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка квалификациялуу адистерди тартуу;
2) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош кенже административдик кызмат орундарын өз убагында ээлөө.
4. Кадрлар резервинин милдеттери:
1) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн резервисттердин тобун түзүү;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын кесипкөйлүк менен жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү кадрларды тандоонун, андан ары окутуунун жана көтөрүүнүн негизинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын сарамжалдуу пайдалануу;
3) резервисттерди тиешелүү кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү бош кызмат орундарына көтөрүү.
5. Кадрлар резервин түзүү принциптери:
1) квалификациялык талаптарга шайкеш келген шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызматка кирүүдө жынысына, расасына, майыптыгынын болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, саясий же башка ынанымдарына, социалдык же мүлктүк абалына карабастан бирдей мүмкүнчүлүгү;
2) тандоодогу атаандаштык;
3) алуунун ыктыярдуулугу;
4) ачык-айкындуулук, калыстык жана ачыктык.
6. Кадрлар резерви мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан түзүлөт.
2-глава. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
7. Кадрлар резервине төмөнкүлөр киргизилет:
1) мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар);
2) мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары;
4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте.
Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартип белгиленген кызматчылар мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордунда 6 ай иштегенден кийин кадрлар резервине киргизилет.
8. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) жогорку билим - мамлекеттик органдар үчүн, жогорку же болбосо орто кесиптик билим - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн;
2) иш стажына талаптар коюлбайт.
9. Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс (мындан ары - конкурс) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
Конкурс өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
- конкурстун катышуучуларынын документтеринин тиешелүү кызмат орундарына коюлган талаптарга шайкештигин кароо;
- талапкерлерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда компьютердик тестирлөө;
- аңгемелешүү.
10. Конкурс өткөрүү максатында конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
11. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасы;
2) мамлекеттик органдын кадр маселелерин тескеген жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадр маселелерин тескеген жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (адистери);
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (адистери) (макулдашуу боюнча);
6) 2 (эки) адамдан турган жарандык коомдун же эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугу жок).
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү комиссиянын курамына киргизилет жана бул мамлекеттик органдардын ишинин багытына шайкеш келген профиль боюнча конкурс өткөрүүдө жыйналыштарга катышат.
Комиссиянын жок болгон мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
12. Конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына (башка жеткиликтүү маалыматтык ресурстарга) же жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
13. Конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги;
2) тиешелүү кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар;
3) конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
4) арыздарды жана документтерди берүү мөөнөттөрү.
Жарыя Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кошумча маалыматтарды да камтышы мүмкүн.
Конкурс зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
14. Конкурска катышууну каалаган адамдар "е-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) өзүнүн кесиптик ишинин жана адистигинин багытын, талапкер эмгектенүүнү пландаган районду (жерди) көрсөтүү менен электрондук форматта өтүнмө берет;
2) жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун ырастайт;
3) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан "e-Kyzmat" мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүүдө тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Жасалма же анык эмес маалыматтар аныкталган учурда, талапкер конкурска катышуудан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
15. Ушул Жобого ылайык берилген арыздардын жана документтердин негизинде комиссия талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкештиги (же болбосо шайкеш эместиги) жана аларды компьютердик тестирлөөгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди компьютердик тестирлөө тестирлөөнүн катышуучуларынын кесиптик даярдыгынын, квалификациясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин объективдүү жана ачык-айкын баалоо максатында жүргүзүлөт.
17. Тестирлөөнү жүргүзүүнүн объективдүүлүгү шарттардын, убакыттын, жыйынтыктарды эсептөөнүн, тесттердин мазмунунун стандарттуулугу менен камсыз кылынат.
18. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди компьютердик тестирлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
19. Компьютердик тестирлөөнүн этаптары төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо;
2) талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө жалпы сандын 50 пайызынан кем эмес балл алган талапкерлер талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо боюнча компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Компьютердик тестирлөөнүн форматы, суроолорунун саны, тесттик тапшырмаларга киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеги, туура жоопторду баалоо методикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлердин жеке сапаттарын жана кесиптик көндүмдөрүн аныктоо үчүн ар кандай методдорду жана инструменттерди (логикалык тест, көп факторлуу психометрикалык тест жана башкалар) колдонушу мүмкүн.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо боюнча компьютердик тестирлөөдө босого балл белгиленбейт.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо боюнча компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.
20. Аңгемелешүү комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары жана алардын келечектеги иши жөнүндө түшүнүгү, күтүүлөрү, шыктануусу аныкталат.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия талапкерди кадрлар резервине киргизүүгө сунуштоо же болбосо анын талапкерлигин четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди кадрлар резервине киргизүүгө сунуштамага "макул" же сунуштамага "каршы" деп гана добуш берет.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Талапкерлер добуштардын бирдей санын алган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Эгерде жыйналышка комиссиянын курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса мыйзамдуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүүнү жүргүзүүдө аңгемелешүүнү видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт.
Аңгемелешүүлөрдүн видео жана аудио жазуулары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда белгиленген тартипте 3 (үч) жыл бою сакталууга тийиш.
21. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ал катталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн видео жана аудио жазуусунун ага тиешелүү бөлүгүнүн гана көчүрмөсү берилет же болбосо аңгемелешүүнүн видео жана аудио жазуусунун ал катышкан бөлүгүн көрүү/угуу уюштурулат.
22. Комиссиянын чечимине (актысына) сот тартибинде даттанууга болот.
23. Кадрлар резервине киргизүү үчүн сунушталган талапкерлер конкурстун жыйынтыгы боюнча алган рейтингдик баллдын азаюу тартибинде жайгаштырылат.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен конкурстук комиссиянын чечиминин (актысынын) негизинде 3 (үч) жумуш күндүн ичинде кадрлар резервине киргизилет.
Талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү жөнүндө буйрук ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына жайгаштырылат.
3-глава. Кадрлар резервинин иштөө тартиби
24. Кадрлар резервинде резервисттин болуу мөөнөтү кадрлар резервине киргизилген күндөн тартып 3 (үч) жылды түзөт.
25. Бош кенже кызмат орундарына дайындоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бош орун пайда болгон күндөн тартып 5 (беш) күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына квалификациялык талаптарга шайкеш келген жана кадрлар резервинин рейтингинде алдынкы үч орунду ээлеген (конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган) 3 (үч) талапкерди сунуштайт;
3) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунушту алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде сунушталган талапкерлердин бирин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө акт чыгарат же сунушталган талапкерлерди четке кагуунун себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине жүйөлүү катты жиберүү менен четке кагат;
4) талапкерликтин четке кагылгандыгы жөнүндө катты алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде квалификациялык талаптарга шайкеш келген жана кадрлар резервинде кийинки рейтингдик орундарды ээлеген талапкерлерди (2 (экиден) ашык эмес талапкерди) кайра киргизет;
5) кадрлар резервинде башка талапкерлер жок болсо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мурда сунушталган талапкерлерди кайра киргизүүгө укуктуу;
6) талапкерлик кайрадан киргизилген учурда мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунушталган талапкерлердин бирин сунуш алынган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде дайындайт.
Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы талапкер дайындалган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
26. Мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эң мыкты даярдалган кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу, ошондой эле субъективдүүлүктү, кызыкчылыктардын кагылышуусун жана коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо жана аларды тиешелүү бош кенже административдик кызмат орундарына дайындоо үчүн сунуштоо тартибин аныктайт.
Аталган тартип иштин кесиптик багытын жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмүн (анын ичинде аймактык жайгашуусун), ошондой эле конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча рейтингдик баллды эске алуу менен кадрлар резервинен талапкерлерди сунуштоонун ырааттуулугун карайт.
Ошону менен бирге ушул Жобонун 7-пунктунун 4, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн конкурстан тышкары тартипте кадрлар резервине киргизилген резервисттерди (алар болсо) сунуштоо каралууга тийиш.
27. Тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кенже административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизилди деп эсептелет.
Мында тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кенже административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда улук жана башкы административдик кызмат орундарына дайындалышы мүмкүн.
28. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын кайра уюштурулушуна, штаттын кыскарышына же ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адам жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде кадрлар резервине киргизилет. Бул арыз жумуштан бошотуу жөнүндө чечим менен таанышкандан кийин 3 (үч) айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши керек.
29. Ушул Жободо жөнгө салынбаган кадрлар резервин түзүү жана иштетүү боюнча маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген бөлүктө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
30. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө катышуу үчүн резервисттерди тартышы мүмкүн:
1) резервисттердин мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон кесиптик жана жеке сапаттарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн окутуу семинарларына, конференцияларга жана тренингдерге;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин социологиялык изилдөөлөргө, мониторинг жүргүзүүгө жана талдоого.
4-глава. Кадрлар резервинен чыгаруу тартиби
31. Резервист төмөнкүдөй учурларда кадрлар резервинен чыгарылат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
2) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
3) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу болсо, ошондой эле көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулбаса;
4) мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу. Мында мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында 3 (үч) жылдан ашык иштеген кызматчылар кызмат ордунан бошотууда, эгерде сот тарабынан башкача далилденбесе, терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, кадрлар резервине 1 (бир) жылга киргизилет;
5) кадрлар резервинде туруу мөөнөтү аяктаганда;
6) кадрлар резервинен чыгуу жөнүндө жеке арызын бергенде;
7) талапкердин белгиленген талаптарга шайкеш эместиги же болбосо анын атайылап анык эмес же толук эмес маалыматтарды бергендиги фактысы белгиленгенде;
8) адам каза болгон учурда.