Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 78 токтомуна) |
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу эрежелерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.
3. "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар экстремисттик ишти алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана бул жосундарды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн эскертме жарыялоо формасында профилактикалык мүнөздөгү чараны колдонот.
4. Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына экстремисттик материалдарды таратууга, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырууга жана экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертме чыгарылышы мүмкүн.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдары тарабынан экстремисттик материалдарды таратууга, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырууга жана экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишти жүргүзүүгө байланышкан иш-аракеттердин жасалгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматтар болгондо эскертме колдонулат.
6. Эскертмени чыгаруу жөнүндө чечимди төмөнкүлөр кабыл алат:
1) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары;
2) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыкчам жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары.
2-глава. Эскертмени даярдоо жана тариздөө тартиби
7. Жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жактар же башка уюмдар экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырган учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Эгерде тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү жөнүндө маалыматтар ырасталса жана документтештирилсе, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары анын өндүрүшүндө болгон тергөөчү алардын көчүрмөсүн жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата жазуу жүзүндө эскертмени чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмеси ушул Тартиптин 1, 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча эки нускада даярдалат:
- биринчи нуска - жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына тапшыруу үчүн;
- экинчи нуска - тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары менен биргеликте экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү делосуна тиркөө үчүн.
Жалпыга маалымдоо каражатына чыгарылган эскертменин көчүрмөсү маалымат жана эсепке алуу үчүн маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Диний уюмга, диний окуу жайга, чет өлкөлүк уюмдун миссиясына же миссионерге карата чыгарылган эскертменин көчүрмөсү маалымат жана эсепке алуу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
8. Эскертменин текстинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында өзүнүн ырастоосун тапкан жана документтештирилген жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун конкреттүү иш-аракеттери көрсөтүлүүгө тийиш.
3-глава. Эскертмени жарыялоо тартиби
9. Эгерде жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринде тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында экстремисттик материалдарды таратуу же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактыруу ырасталса, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары келип түшкөн учурдан тартып он жумуш күнгө чейинки мөөнөттө ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн жетекчиге бул жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына бузууларды көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү эскертмени чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
10. Эскертмени чыгаруу жөнүндө сунуш баяндама кат түрүндө таризделет, анда жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамы тарабынан жасалган, профилактикалык чараларды талап кылган иш-аракеттердин маңызы, анын анкеталык маалыматтары жана эскертмени колдонуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн пикир баяндалат.
11. Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына эскертмени чыгаруу үчүн ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча чакыруу кагазы аркылуу экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алар чакырылат.
Чакыруу кагазында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы жана анын дареги, чакырылган адамдын аты-жөнү, келген күнү жана сааты. Чакыруу кагазы тил кат аркылуу аны тапшыруу убактысын көрсөтүү менен тапшырылат. Зарыл болгон учурларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерине жана (же) уюштуруучуларына, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдарына билдирүүнү же аларды чакырууну белгилөөнү камсыз кылуучу башка байланыш каражаттары аркылуу билдирилиши же чакырылышы мүмкүн.
Зарыл болгон учурда эскертме жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчиси жана (же) уюштуруучусу, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамы жайгашкан жер боюнча да жарыяланышы мүмкүн.
Эскертме жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан алынган учурдан тартып жарыяланды деп эсептелет.
12. Эскертме жарыяланган жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына төмөнкүлөр жөнүндө түшүндүрүлүүгө тийиш:
1) алардын иш-аракеттеринин экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы;
2) эскертмеде көрсөтүлгөн бузуулар аны алган учурдан тартып токтоосуз жоюлууга тийиш экендиги;
3) алардын бул эскертме боюнча сотко даттанууга укуктуу экендиги.
Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз жоюу боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда, эскертмеде бул бузууларды жоюу үчүн эскертмени алган күндөн тартып он күндөн ашпаган кошумча мөөнөт белгиленет.
Мындан тышкары жол берилген бузуулар өз убагында жоюлбаган учурда жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун ишин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде карала тургандыгы түшүндүрүлөт.
13. Эскертме жеке тил кат аркылуу экинчи нускада тапшыруу датасын көрсөтүү менен тапшырылат.
14. Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына эскертме жарыялангандан кийин экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы бул жөнүндө ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча прокуратура органдарына кабарлайт.
4-глава. Эскертменин аткарылышын текшерүү жана контролдоо тартиби
15. Эскертменин аткарылышын текшерүү жана контролдоо экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
16. Эскертмени алган жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчиси жана (же) уюштуруучусу, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамы эскертмеде белгиленген мөөнөттө экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн бузуулардын жоюлгандыгын ырастаган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү же электрондук маалыматты берүүгө милдеттүү.
17. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эскертменин аткарылышын төмөнкү ыкмалар аркылуу текшерет:
1) берилген маалыматты жана ырастоочу документтерди кароо жана талдоо;
2) зарыл болгон учурда кошумча түшүндүрмөлөрдү, документтерди же материалдарды талап кылуу;
3) жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун ишине мониторинг жүргүзүү.
18. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы баяндама кат түрүндө ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн жетекчиге эскертменин аткарылгандыгы же аткарылбагандыгы жөнүндө отчет берет.
Эгерде белгиленген мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаты, юридикалык жак же башка уюм тарабынан эскертмеде көрсөтүлгөн бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алардын ишин токтотуу жөнүндө доо арызды сотко киргизүү тууралуу маселени кароо үчүн материалдарды прокуратура органдарына жиберет.
5-глава. Эскертмени жарыялоо жөнүндө материалдарды эсепке алуу жана сактоо
19. Эскертмени чыгарууга байланышкан материалдарды эсепке алуу жана сактоо экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу тартибине 1-тиркеме |
_________________________________________________________________________ (экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү _________________________________________________________________________ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн аталышы) _________________________________________________________________________ (дареги, телефон номери, электрондук дареги көрсөтүлөт) ЭСКЕРТМЕ
__________________________________________________________________________________ (жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн - аталышы, дареги, __________________________________________________________________________________ кызмат адамынын аты-жөнү, ИСН) __________________________________________________________________________________ (экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү __________________________________________________________________________________ мыйзамдардын талаптарын бузган жалпыга маалымдоо каражатынын кызмат __________________________________________________________________________________ адамынын аракети (аракетсиздиги) сыпатталат ___________________________________________________________________ кылган аракети (аракетсиздиги) үчүн эскертме чыгарылат. Баяндалгандын негизинде жана "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине же уюштуруучусуна __________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган жылы, паспортунун __________________________________________________________________________________ сериясы жана номери, ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери) бузууну көрсөтүү менен (керектүүсүнүн асты сызылат) эскертме жарыяланат: а) жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик материалдарды таратуусу; б) сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактыруу. Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертмени алган күндөн тартып токтоосуз жоюлууга тийиш. Ушул эскертмени аткаруунун натыйжалары жөнүндө ырасталган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндө же электрондук формада __________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт) маалымдоо керек. Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз жоюу боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда бул бузууларды жоюу үчүн 20___-ж. "___" ______________ чейин _________________________________________________ __________________________________________________________________________________ (эскертме жарыяланган датадан тартып он күндөн кеч эмес дата көрсөтүлөт) кошумча мөөнөт белгиленет. Эгерде белгиленген мөөнөттө жол берилген бузуулар жоюлбаса же болбосо жыл ичинде экстремисттик материалдарды таратуунун жаңы фактылары (же жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинде экстремисттик иштин белгилери болгондугу жөнүндө күбөлөндүргөн фактылар) кайрадан аныкталган учурда, жалпыга маалымдоо каражатынын ишин токтотуу жөнүндө маселе "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан каралууга тийиш. Эскертме сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Ушул эскертме 20___-ж. "___" _________________ алынды __________________________________________________________________________________ (эскертме жарыяланган адамдын аты-жөнү, колу)
Мөөрдүн орду
Кошумча белгилер: _________________________________________________________________ (адам эскертмеге кол коюудан баш тарткан учурда анын __________________________________________________________________________________ катышуусунда тиешелүү жазуу жазылат) Эскертменин көчүрмөсү маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
|
|
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу тартибине 2-тиркеме |
_________________________________________________________________________ (экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү _________________________________________________________________________ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн аталышы) _________________________________________________________________________ (дареги, телефон номери, электрондук дареги көрсөтүлөт) ЭСКЕРТМЕ
__________________________________________________________________________________ (юридикалык жак жана башка уюм үчүн - аталышы, дареги, ИСН, __________________________________________________________________________________ кызмат адамынын аты-жөнү) __________________________________________________________________________________ (экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү __________________________________________________________________________________ мыйзамдардын талаптарын бузган юридикалык жактын жана башка уюмдун __________________________________________________________________________________ кызмат адамынын аракети (аракетсиздиги) сыпатталат) ______________________________________________________ кылган аракети (аракетсиздиги) үчүн эскертме чыгарылат. Баяндалгандын негизинде жана "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен юридикалык жактын жана башка уюмдун кызмат адамына __________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган жылы, паспортунун сериясы жана номери, __________________________________________________________________________________ ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери) бузууну көрсөтүү менен (керектүүсүнүн асты сызылат) эскертме жарыяланат: а) юридикалык жактын жана башка уюмдун экстремисттик материалдарды таратуусу; б) сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактыруу. Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертмени алган күндөн тартып токтоосуз жоюлууга тийиш. Ушул эскертмени аткаруунун натыйжалары жөнүндө ырасталган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндө же электрондук формада __________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт) маалымдоо керек. Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз жоюу боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда бул бузууларды жоюу үчүн 20___-ж. "____" ______________ чейин ________________________________________________ _________________________________________________________________________________ (эскертме жарыяланган датадан тартып он күндөн кеч эмес дата көрсөтүлөт) кошумча мөөнөт белгиленет. Эгерде белгиленген мөөнөттө жол берилген бузуулар юридикалык жак же башка уюм тарабынан жоюлбаса экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык алардын ишин токтотуу жөнүндө доо арызды сотко киргизүү тууралуу маселени кароо үчүн материалдарды прокуратура органдарына жиберет. Эскертме сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Ушул эскертме 20___-ж. "___" __________________ алынды. __________________________________________________________________________________ (эскертме жарыяланган адамдын аты-жөнү, колу)
Мөөрдүн орду
Кошумча белгилер: _________________________________________________________________ (адам эскертмеге кол коюудан баш тарткан учурда анын __________________________________________________________________________________ катышуусунда тиешелүү жазуу жазылат) |
|
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу тартибине 3-тиркеме |
Чакыруу кагазы
________________________________________________________________________ жашаган
жаран __________________________________________________________________________
Сизге 20___-жылдын "___" _____________ саат "____" ____________________________ дареги
боюнча эскертме жарыялоо үчүн келүү сунушталат, кызм. тел.: _______________. Өзүңүз менен
бирге паспортуңузду же ким экендигин күбөлөндүргөн башка документиңизди ала келиңиз.
Тил кат
20___-жылдын "___" _____________ саат "_______" чакыруу жөнүндө чакыруу кагазын алдым __________________________ __________________ (аты-жөнү) (колу)
20____-ж. "____" ________________
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу тартибине 4-тиркеме |
Сизге _______________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган датасы, жашаган жери) карата "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ______ беренесине ылайык ____________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ (жасалган бузуулардын кыскача баяндамасы) бузгандыгы жөнүндө эскертме жарыялангандыгын кабарлайбыз.
|
|