Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-февралы № 135
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 12-июлундагы № 381 «Кыргыз
Республикасында жарандык авиацияны башкаруу
системасын өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 «Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы жаатында мамлекеттик саясатты түзүүчү жана жүзөгө ашыруучу, жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын чегинде жарандык авиация чөйрөсүндө координациялоону, контролдоону жана стратегиялык өнүктүрүүнү, ошондой эле аба транспорту чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.»;
2) 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу.»;
3) 12-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) ИКАО жана жарандык авиация жаатындагы башка эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу, ошондой эле жарандык авиациянын ишинин маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эл аралык келишимдерге жана документтерге кол коюу;»;
4) 13-пунктта:
– 1-пунктчада:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– жарандык авиация жана аба ташуулары чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана киргизет, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт;»;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– окуу жайына учуунун шарттарын имитациялоочу машыктыргычтарды колдонууга уруксат берет;
– Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиация персоналынын күбөлүктөрүн берүүнү эсепке алуунун мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
– аба кемелеринин эксплуатанттарын, май куюучу уюмдарды, аэронавигациялык тейлөөнү көрсөтүүчүлөрдү, аба кемелерин техникалык тейлөөчү уюмдарды, жер үстүндө тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүчүлөрдү, авиациялык окуу жайларын жана борборлорун, иши Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан башка жарандык авиация уюмдарын сертификациялоону жана каттоону жүзөгө ашырат;
– жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча чараларды иштеп чыгат;
– Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү жаатына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт;
– Кыргыз Республикасынын аба транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
– авиациялык коопсуздук жаатында Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 17-тиркемесинин жоболоруна ылайык келген саясатты жана талаптарды иштеп чыгат;
– учуулардын коопсуздугуна, авиациялык коопсуздукка же улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген учурларда учкучсуз учуучу аппараттарды эксплуатациялоону токтотуп турат же тыюу салат;»;
– 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын учууларын метеорологиялык камсыз кылууну уюштурат, учууларды метеорологиялык камсыз кылуу жаатындагы ишти жөнгө салат жана контролдойт;
– аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү жана тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилөө тартибин жөнгө салат;
– Кыргыз Республикасынын жарандык аэродромдорунун жана вертодромдорунун реестрин жүргүзөт;
– сертификаттарды, уруксаттарды, күбөлүктөрдү, квалификациялык белгилерди берет, тааныйт, узартат, өзгөртүүлөрдү киргизет, колдонулушун токтотуп турат, жокко чыгарат, ошондой эле тийиштүү арыздарды карайт жана корутундуларды берет;
– авиациялык персоналга уруксаттарды, күбөлүктөрдү жана квалификациялык белгилерди берет, арыздарды карайт жана тиешелүү корутундуларды берет;
– Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын персоналын даярдоонун окуу программаларына макулдук берет;
– бардык түрдөгү коммерциялык ташууларды жана кызматтарды көрсөтүүгө уруксаттарды берет жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мындай ташууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга карата талаптарды түзөт;
– эксплуатанттын техникалык, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт;
– Кыргыз Республикасына (Кыргыз Республикасынан) үзгүлтүксүз жүргүнчүлөр рейстерин аткарууну пландап жаткан чет өлкөлүк ташуучуларга жана авиа ишканаларга аккредитация берет;
– жарандык авиация уюмдарына Авиациялык эрежелердин талаптарын аткаруудан бошотуу берет;
– коопсуздуктун кечиктирилгис чараларын киргизүү жөнүндө талапты камтыган тескемелерди, буйруктарды, директиваларды, нускамаларды жана башка документтерди чыгарат;»;
– 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандык жана мамлекеттик аба ташууларын жүзөгө ашырууну координациялайт;
– айлана-чөйрөнү коргоо жана аба транспортунун зыяндуу таасиринен коргоо жаатындагы мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт;»;
– 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– бардык эксплуатанттардын, жарандык авиация уюмдарынын жана ишканаларынын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ага ылайык кабыл алынган стандарттарга жана жоболорго, ошондой эле башка мамлекеттер менен эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык келишине карата үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында учууларды жүзөгө ашырган башка мамлекеттердин аба кемелерин жана экипаж мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын жана эл аралык стандарттардын талаптарынын сакталышына карата инспекциялоону;
– аба мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү;
– эгерде учуулардын коопсуздугуна жана авиациялык коопсуздукка коркунуч келтирсе, жарандык авиация органы тарабынан белгиленген жол-жоболорго ылайык учууларды жүргүзүүнүн жана жарандык авиациянын ишинин кандай болбосун түрлөрүнө тыюу салууну, жокко чыгарууну, убактылуу токтотууну же өзгөртүүнү;
– Учуулардын коопсуздугу боюнча өкмөттүк программанын жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын жоболорунун сакталышын көзөмөлдөөнү;
– эксплуатанттын сунушталган аба ташууларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону;»;
5) 14-пунктта:
– үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– өз компетенциясынын чегинде аткаруу үчүн милдеттүү болгон эрежелерди, жоболорду, регламенттерди, методикаларды, тартиптерди, колдонмолорду, стандарттарды, нускамаларды, жол-жоболорду, буйруктарды, тескемелерди, реестрлердин формаларын жана директиваларды, ошондой эле жарандык авиация чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдарга, жеке жана юридикалык жактарга карата колдонулуучу административдик чечимдерди иштеп чыгууга, бекитүүгө жана кабыл алууга;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары бузулгандыгы аныкталган учурларда жазма буйрук берүү, чектөө, жарандык авиация уюмунун, окуу борборунун, аба кемесинин же конкреттүү бир жактын сертификациялык документинин колдонулушун токтотуп туруу же жокко чыгаруу, объекттин же жактын сертификациялык документинин колдонулушун жокко чыгаруу, сертификациялык документте камтылган шарттарды өзгөртүү сыяктуу таасир этүү чараларын көрүүгө, ошондой эле укук бузууларды жасаган күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга;»;
6) 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, баш ийген кызматкерлер тарабынан мыйзамдардын талаптарынын жана кызматтык тартиптин сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн, ошондой эле аракетсиздиктин же зарыл чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында мүмкүн болгон башка коррупциялык көрүнүштөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат;».
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 15 (3775) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |