Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-январы № 24-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында жарандык авиация кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун турак жай фондун түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айыл аймагы, Кара-Жыгач айылы, Лагерная көчөсү, номери жок үй дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 64500,0 кв.м, идентификациялык номери 7-01-07-0017-0071 болгон, мурда "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому тарабынан 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 701/2025/45914 мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун негизинде мамлекеттик менчикке өткөрүп берилген жер тилкесин "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга кабыл алуу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулган батирлерди сатууда турак жайды биринчи кезекте төмөнкү кызматкерлерге берүүнү кароо:
- жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын ичинде анын ведомстволук ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин;
- "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун жана анын туунду коомдорунун;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде курулган, биринчи кезектеги бөлүштүрүүдөн кийин калган батирлерди сатууну камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна каттоону камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |