Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-февралы № 101-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)» долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда аталган Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |