Загрузка документа…
|
| Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «21» февралындагы № 101-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)» долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)» долбоору боюнча гранттык макулдашууга Бишкек шаарында 2025-жылдын 12-декабрында кол коюлду.
Жогоруда аталган Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)» долбоору боюнча алмашуу ноталары (мындан ары – Алмашуу ноталары) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)» долбоору боюнча гранттык макулдашуу (мындан ары – Гранттык макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети, Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылды. Бул Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 1091-т тескемеси менен жактырылды.
Гранттык макулдашууда Бишкек – Ош автожолунда транспорттук каттамды кыйла жакшыртуу жана үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо үчүн Нарын дарыясындагы узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрөнү реконструкциялоо (куруу) каралган, бул Борбор Азияда эл аралык сооданы жана экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү менен трассанын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, жүк жана жүргүнчү ташуу үчүн жолдо жүргөн убакытты кыскартууга, ошондой эле региондун Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышын күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Көпүрөнү куруу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек – Ош автожолунун 315-километринде жүзөгө ашырылат. Долбоордо каралган жаңы заманбап көпүрөнү куруу 1964-жылы ошол мезгилдин стандарттары боюнча курулган эски көпүрөнү алмаштыруу менен жүзөгө ашырылат. Бүгүнкү күндө эски көпүрө жүк көтөрүү жөндөмдүүлүгүн дээрлик жоготкон.
Ушуга байланыштуу күтүлбөгөн кырсыктардын кесепеттерин өз убагында алдын алуу максатында Нарын дарыясына альтернативдүү жаңы көпүрө куруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарыл болуп калды, ал жогоруда айтылгандар менен катар климаттык тобокелдиктерди азайтуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга салым кошот, анткени жаңы, табигый кырсыктарга кыйла туруктуу көпүрө өлкөнүн түндүгүн жана түштүгүн байланыштырган негизги магистралдын функционалдуулугун сактоого жөндөмдүү, ошондой эле Борбор Азияда эл аралык сооданы жана экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү менен региондун Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту менен байланышын күчөтөт.
Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча Япония Өкмөтү Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 3 190 000 000 (үч миллиард бир жүз токсон миллион) япон йени өлчөмүндө грант берет.
Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун алкагындагы милдеттенмелерге ылайык бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан республикалык бюджеттен 113 202 (жүз он үч миң эки жүз эки) АКШ доллары суммасында кошо каржылоону карайт, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бүгүнкү күнгө курсу боюнча 9 899 515 (тогуз миллион сегиз жүз токсон тогуз миң беш жүз он беш) сомго барабар.
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун алкагындагы милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган чыгымдардан тышкары, республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, коомдук угууларды өткөрүүнү талап кылбайт.