Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 89
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 "№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мүлкүн. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары камкорчулук кеңештер менен макулдашуу боюнча өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ижарага берүүгө) укуктуу.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун ченеминин муктаждыгы боюнча аныкталган бюджеттик каражаттардын көлөмү министрликтердин жана ведомстволордун "Борборлоштурулган иш-чаралары" чыгымдарынын сметасында чыгымдардын бирдиктүү беренеси боюнча каржыланат жана каралат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын каралган каражаттары чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык квартал сайын мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктардагы банктык эсептерге которулат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын атайын (бюджеттен тышкаркы) каражаттары коммерциялык банктардагы банктык эсептерге чегерилет жана казыналык системасынан тышкары эсепке алынат.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 4-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына;".
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 442 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |