Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 94
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 28-1-пунктча менен толукталсын:
"28-1) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жободо:
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жөнүндө жободо:
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.";
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө жободо:
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пунктча менен толукталсын:
"4-1) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат;";
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы жөнүндө жободо:
- 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат;".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы "Сатып алуулар борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын:
"17-1) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат;".
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |