ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19- октябрындагы № 224 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу»Инфосистемс«мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция19.10.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2021-жылдын 19- октябры № 224

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

Бюджеттик процессти автоматташтыруу милдеттерин оперативдүү чечүүнү, мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагындагы иш-чараларды сапаттуу ишке ашырууну, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну, салыктык жол-жоболорду, бажылык башкарууну фискалдаштырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-2-пункт менен толукталсын:

"5-2. Ушул токтомдун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.".

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы үч жылдын ичинде жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешени толук өлчөмдө өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашырууга багыттоого укуктуу экендиги аныкталсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров