Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы N 429 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ички ишин бирдиктүү терезе принциби боюнча уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ички ишин бирдиктүү терезе принциби боюнча уюштуруу жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары - ЭКБ) чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин ишин илгерилетүү үчүн зарыл документацияны макулдашуу боюнча административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.
2. Жободо төмөнкү терминдер колдонулат:
техникалык-экономикалык негиздеме (мындан ары - ТЭН) -инвестициялоонун максаттарын сыпаттоо менен негизги баштапкы маалыматтарды, инвестициялардын натыйжалуулугунун негиздемесин, анын ичинде: ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык түзүлүштүн иштөөсүнөн күтүлүүчү экономикалык, социалдык жана (же) коммерциялык натыйжа, ошондой эле курулуш объектинин негизги техникалык жана технологиялык параметрлери жөнүндө маалыматтарды жана объекттин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо менен эсептерди камтыган долбоордук документ;
электрондук документ - электрондук формада көрсөтүлгөн документтештирилген маалымат;
жеңилдетилген мезгил - бул ЭКБ-орнотмосу пайдаланууга берилген күндөн тартып эсептелген, узактыгы 15 жыл болгон убакыт аралыгы;
ЭКБ курууга конкурс өткөрүү - бул ЭКБны курууга эң мыкты бир же бир нече талапкерди аныктоо процесси;
ЭКБ курууга жер участогун түз өткөрүп берүү - бул уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна жер участогун конкурс өткөрбөстөн өткөрүп берүү процесси.
2-глава. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3. Бирдиктүү терезе принциби боюнча ишти камсыз кылуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду (мындан ары - Фонд):
1) ЭКБ объекттерин курууга Фонддун мөөнөтсүз пайдалануудагы жерлерин өткөрүп берүүгө конкурс өткөрөт;
2) Фонддун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна конкурс өткөрбөстөн өткөрүп берет;
3) ЭКБ объекттерин курууга берилген жер участокторуна ижара келишимдерин түзөт;
4) арыз ээсине төмөнкүлөрдө көмөк көрсөтөт:
- ЭКБ-орнотмосун куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүүдө;
- ЭКБ-электр энергиясын берүүгө тарифтерди жана ЭКБ-орнотмосунун жеңилдетилген мезгилин белгилөөгө;
- ЭКБ-электр энергиясын берүүгө келишим түзүүгө;
- ЭКБны курууда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине жүргүзүлгөн баалоонун негизинде экологиялык экспертиза жүргүзүүдө;
- ЭКБ-орнотмосунун курулушун баштоо үчүн документтерди макулдашууда (архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирдиктүү терезеси менен өз ара аракеттенүү);
- электр тармактарына кошулуу (техникалык шарттарды алуу) процессин ишке ашырууда;
- электр энергиясын эсептөө маалыматтарын чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө эсептешүү борбору менен келишим түзүүдө;
5) ЭКБ объектинин курулушуна инвестициялоо ниети жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу;
6) ЭКБ объекттерин курууга конкурс өткөрүүдө инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
7) энергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына ЭКБны пайдалануу менен объекттерди кошууга мониторингди жана контролдоону жүзөгө ашырат;
8) ЭКБ жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
9) ЭКБ жаатында башка функцияларды жүзөгө ашырат.
4. Арыз ээсинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- кызыкдар ведомстволор жана мекемелер менен макулдашуу үчүн Фонд тарабынан суралган зарыл документтерди сапаттуу даярдоо;
- ТЭН иштеп чыгуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоо боюнча корутундусун берүү;
- иш жүргүзүүгө тиешелүү лицензия алуу.
5. Бирдиктүү терезе принциби боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 токтому менен бекитилген "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык тутумдардын өз ара аракеттенүүсүнө коюлган талаптарга ылайык ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулат жана арыз ээси жөнүндө тиешелүү маалыматты алуу үчүн өзүнүн маалыматтык системасын мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен өз алдынча интеграциялайт.
3-глава. Кайрылууларды жөнөтүү жана кароо тартиби
6. Арыз ээси Фондго кайрылуу жөнөтөт. Кайрылуу электрондук жана кагаз форматында берилиши мүмкүн.
7. Келип түшкөн бардык кайрылуулар Фонддун кызматкерлери тарабынан арыз берилген датага жана убакытка жараша кезектүүлүк тартибинде каралат.
8. ЭКБ объекттерин куруу үчүн документтерди макулдашууга көмөк көрсөтүү боюнча кайрылууну кароодо кызматкер зарыл болгон коштоочу документтердин бар экендигин текшерет.
9. Фонддун кызматкерлери жетишпеген документтерди белгиленген тартипте сурап алууга укуктуу.
10. Берилген документтерден анык эмес, бурмаланган же толук эмес маалыматтарды табуу өтүнмөнү каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
4-глава. Фонддун Кыргыз Республикасынын тартылган министрликтери жана ведомстволору менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
11. Фонд документтердин тиешелүү тизмегин түзөт жана аларды макулдашуу жана кайра байланыш алуу үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу министрликтерине жана ведомстволоруна жөнөтөт.
12. Фонд төмөнкү ведомстволор жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат:
- ЭКБны куруу процессин макулдашуу үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобого ылайык архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
- ЭКБны куруу боюнча долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жана экологиялык экспертизаны даярдоо үчүн айлана-чөйрөнү, экологияны жана климатты коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
- электр тармактарына кошулуу жана ЭКБ-электр энергиясын жеткирүүгө тиешелүү келишим түзүү максатында - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК менен;
- бүткөрүлгөн курулуштун шайкештигин баалоо үчүн - архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыгы менен.
13. Эгерде тиешелүү документтерди (корутундуларды, актыларды, макулдашууларды, келишимдерди, маалымкаттарды) алуу үчүн арыз ээсинин катышуусу жана кол тамгасы зарыл болгон учурда Фонд арыз ээси менен тиешелүү ведомствонун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.