Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин
2026-жылдын 27-февралындагы № 219
Адамдын өлүм учурун аныктоо тартиби, критерийлери жана реанимациялык иш-чараларды токтотуу шарттары жөнүндө
ЖОБО
1-Глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо адамдын өлүм учурун аныктоо тартиби, критерийлери жана реанимациялык иш-чараларды токтотуу шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
2. Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамынын 50-беренесине ылайык, медицинанын эл аралык стандарттарын жана Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан.
3. Адамдын өлүмүн каттоо медициналык кызматкер (дарыгер же фельдшер) тарабынан жүргүзүлөт.
4. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
- клиникалык өлүм – аң-сезимдин, өз алдынча дем алуунун жана кан айлануунун жоктугу менен мүнөздөлгөн кайтарымдуу терминалдык абал. Бул учурда реанимациялык иш-чараларды ийгиликтүү жүргүзүүгө болот.
- биологиялык өлүм – бул организмдеги клеткалардын жана ткандардын физиологиялык процесстеринин кайтарымсыз токтошу, аны ишенимдүү белгилерге (өлүктүн эрте жана кеч өлгөндөгү өзгөрүүлөрүнө) таянып аныктайт.
- мээнин өлүмү – бул мээнин, анын ичинде мээ сөңгөгүнүн функцияларынын кайтарылгыс толук токтолушу, бул учурда жүрөк кан айлантууну уланта берет, ал эми дем алуу жасалма дем алдыруучу аппарат аркылуу ишке ашырылат.
- өлүм учуру – бул медициналык кызматкер тарабынан биологиялык өлүм аныкталган убакыт, ал медициналык документтерге (оору баянына, анын ичинде электрондук вариантка, тез жардам чакыруусу боюнча картасына) жазылат.
- реанимациялык чаралар – оорулууну сактап калуу үчүн анын жашоого зарыл функцияларын (дем алуу, кан айлануусунун) токтоп калышын же өзгөрүлүшүн калыбына келтирүүгө багытталган медициналык аракеттердин комплекси.
- мээнин өлүмүн аныктоо протоколу – оорулууга мээнин өлүмү диагнозу коюлганын тастыктаган расмий медициналык документ, ал стационардык шартта дарыгерлердин консилиуму тарабынан түзүлөт.
2-Глава. Өлүм учурунун критерийлери жана аны аныктоо тартиби
5. Биологиялык өлүмдү аныктоо
1) Биологиялык өлүм төмөнкү ишенимдүү белгилер аркылуу аныкталат:
– эрте белгилер: өлүктүн тактары, өлүктүн муздашы, өлүктүн катып калышы;
– кеч белгилер: чирүү белгилери, мумификация, скелетизация жана башка белгилер.
2) Биологиялык өлүмдүн эрте белгилери болгон учурда реанимациялык иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Клиникалык өлүм этабындагы өлүмдү аныктоо клиникалык өлүм абалында башталган, бирок реанимациялык иш-чаралар натыйжа бербеген учурда, өлүм учуру ушул Жобонун 3-бөлүгүндө белгиленген убакыт өткөндөн кийин жана жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасыздыгы тастыкталган шартта катталат.
7. Мээнин өлүмүн аныктоо мээнин өлүмүн аныктоонун тартиби жана критерийлери ушул Жобонун 4-бөлүгүндө регламенттелген.
3-Глава. Реанимациялык иш-чараларды токтотуу шарттары жана тартиби
8. Реанимациялык иш-чараларды медициналык кызматкер (дарыгер же фельдшер) жүргүзөт, ал эми алар жок учурда – жүрөк-өпкө реанимациясын жүргүзүү боюнча билими бар адам жүргүзө алат.
9. Реанимациялык иш-чаралар төмөнкү учурларда токтотулат:
1) чоңдордо жана балдарда (жаңы төрөлгөн ымыркайлардан башка) толук жүргүзүлгөн аракеттердин 30 мүнөт ичинде натыйжа бербегендиги, жүрөктүн иштешинин туруктуу токтоп, өз алдынча дем алуунун болбогону менен тастыкталат;
2) жаңы төрөлгөн ымыркайларда реанимациялык иш-чаралар толук жүргүзүлгөндөн кийин 10 мүнөт ичинде жүрөктүн иштеши калыбына келбесе, реанимациялык иш-чара токтотулат;
3) белгиленген тартипте мээнин өлүмү аныкталган учурда.
10. Реанимациялык иш-чаралар төмөнкү учурларда (башталбайт) жүргүзүлбөйт:
1) биологиялык өлүмдүн ишенимдүү белгилери болгондо;
2) документтештирилген айыккыс оорулардын же жашоого туура келбеген курч травманын айыккыс кесепеттеринин фонунда клиникалык өлүм абалынын башталышы.
Оорулуунун өмүрүнө кооптуу курч жаракаттардан улам, өлүмгө алып келүүчү клиникалык өлүм абалынын келип чыгышы – документ түрүндө медициналык жана укуктук жактан негизделет.
11. Реанимациялык иш-чаралардын токтотулганынын (же өткөрүлбөгөнүнүн) фактысы, убактысы жана негиздери, ошондой эле өлүмдүн катталган убактысы медициналык документтерде (оору баянына, анын ичинде электрондук вариантта, тез жардам чакыруусу боюнча картага) толук жана так жазылышы керек.
12. Өлүм жөнүндөгү маалымат оорулуунун туугандарына же мыйзамдуу өкүлдөрүнө медициналык уюмдун эрежелерине ылайык кечиктирилбестен маалымдалат.
Дарылоочу доктур (же саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси) оорулуунун жакын туугандарына, туугандары менен байланыш түзүү мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, колдоочу терапия токтотулганга чейин мээнин өлүмү билдирилгендиги жөнүндө маалымдоого тийиш.
Дарылоочу доктур (же бөлүм башчысы) мээнин өлүмү катталган факт жөнүндө оорулуунун жакын туугандарына колдоотерапиясын (көрсөтүлгөн иш-чараларды) токтотуу алдында маалымдашы керек, эгерде туугандар менен байланыш түзүү мүмкүн болбосо, эрежеден тышкары маалымат берүү талап кылынбайт.
4-Глава. Мээнин өлүмүн аныктоо критерийлери жана тартиби
13. Мээнин өлүмүн диагностикалоону баштоо үчүн жалпы шарттар:
1) Мээнин өлүмүнүн диагностикасы стационардык шартта гана жүргүзүлөт жана аны дарыгерлердин консилиуму гана аныктайт, анын курамына дарылоочу доктур, реаниматолог жана невролог (же нейрохирург) кирет. Консилиумдун курамын башкы дарыгер (же орун басары) бекитет. Консилиумдун мүчөлөрү органдарды алуу же трансплантациялоо менен байланыштуу болбошу керек;
2) Диагностиканы баштоо үчүн төмөнкүлөр аныкталышы керек:
а) мээнин функцияларынын толук токтошуна алып келген конкреттүү жаракат же ооруу себеп болушу керек;
б) мээнин өлүмүн аныктоодон мурун бардык убактылуу жана кайтарылуучу абалдар (терең кома, уулануу, метаболикалык бузулуулар, дары-дармектердин таасири) жокко чыгарылышы керек;
– гипотермия (дене температурасы <35°C, кээ бир протоколдордо <36°C);
– гемодинамикалык шок (систоликалык КБ <90 мм сым. мам, оңдоп коюуну талап кылат);
– борбордук нерв системасына депрессанттардын таасири (седативдик, наркотикалык дары каражат, миорелаксанттар), алкоголь же баңгизатка мас болуу;
– оор электролиттик, кислоталык-щелочтук же эндокриндик бузулуулар;
– курч гипоксия.
3) Эгерде оорулуу мээ сөңгөгүнүн рефлекстеринин жок дегенде бирин көрсөтсө же өз алдынча дем алуунун белгилерин көрсөтсө, анда диагностика жүргүзүлбөйт.
14. Мээ өлүмүнүн клиникалык критерийлери
Мээнин өлүмүн аныктоо үчүн төмөнкү клиникалык белгилердин бар экени ырасталышы керек:
1) туруктуу жана терең кома (аң-сезимдин жоктугу жана оорулуунун оорутуучу (спиналдык рефлекстерден башка) дүүлүктүргүчтөргө жооп бербеши).
2) мээ сөңгөгүнүн рефлекстеринин жоктугу:
– карек рефлекси: каректер кыймылсыз, жарыкка жооп бербейт;
– көз челинин рефлекси жок;
– окулоцефаликалык рефлекс («куурчак көз» рефлекси) жок;
– окуловестибулярдык рефлекс (калориялык тест) сырткы угуу жолдоруна муздак суу куюлганда көздүн кыймылдабашы;
– жөтөл жана кекиртек (кусуу) рефлекстери жок.
3) апноэ (өз алдынча дем алуунун жоктугу) апноэ-тести менен ырасталган.
15. Апноэ-тестин жүргүзүү тартиби:
1) тесттен мурун оорулууну 10 мүнөттөн кем эмес убакыт 100% кычкылтек менен преоксигенизациялайт. Тестке чейин Pa CO2 деңгээли 35-45 мм сымап мамычасында болушу керек.
2)оорулууну бет чыпкадан (респиратордон) ажыратышат, эндотрахеалдык же трахеостомалык түтүккө орнотулган катетер аркылуу кычкылтектын туруктуу берүүсүн камсыз кылышат (6-8 л/мүн).
3) оорулууну 8-10 мүнөт дем алуу кыймылдарынын пайда болушунбайкашат.
4) тест Pa CO2 деңгээлге жеткенде (≥ 60 мм сым.мам. жана баштапкы деңгээлинен ≥ 20 мм сым.мам. жогору) өз алдынча дем алуу калыбына келбесе, оң (апноэны ырастайт) деп эсептелет.
5) тест туруктуу гипотензия, гипоксемия (SaO2 <85%) же жүрөк аритмиясы пайда болгон учурда эрте токтотулат.
16. Инструменталдык ырастоо:
1) мээге кан агымынын же электр активдүүлүгүнүн жоктугун ырастоо үчүн инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү, толук клиникалык тест (апноэ-тести кошо) мүмкүн болбогон же анын натыйжалары ишенимдүү түрдө чечмелениши мүмкүн болбогон учурларда милдеттүү болуп эсептелет;
2) инструменталдык ырастоо ыкмалары:
– церебралдык ангиография (интракраниалдык артериялардын ичиндеги кан агымынын жоктугу);
– транскраниалдык допплерография («кан токтоп калуу» же кан агымынын жоктугунун белгилери);
– электроэнцефалография (ЭЭГ) (электрдик «үнсүздүк», изоэлектрдик сызык);
– мээнин бир фотондук эмиссиялык компьютердик томография (БФЭКТ)/позитрондук эмиссиялык томография, (ПЭТ) изилдөөсү (метаболизм жана кан агымынын жоктугу).
17. Аныктоо протоколунун тартиби:
1) мээнин өлүмү боюнча диагноз доктурлар консилиуму тарабынан, клиникалык маалыматтардын жыйындысынын негизинде жана зарыл болгон учурда инструменталдык изилдөөлөрдүн натыйжасында коюлат;
2) медициналык документтерде «Мээнин өлүмүн аныктоо протоколу» түзүлөт, анда жүргүзүлгөн бардык тесттер, алардын натыйжалары, диагноз коюлган күнү жана убагы, ошондой эле консилиумдун бардык мүчөлөрүнүн кол тамгалары көрсөтүлөт; мээнин өлгөндүгүн тастыктоодо адамдын өлгөн учуру протоколго кол коюлган убакыт менен белгиленет;
3) милдеттүү патологиялык-анатомиялык же соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдө саламаттык сактоо уюму бул жөнүндө ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
5. Патолого-анатомиялык изилдөө
18. Каза болгон бейтаптын денеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-августундагы №483 “Патологоанатомиялык союуну милдеттүү жүргүзүүнүн тартибин жана учурларын бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
19. Саламаттыкты сактоо уюмдары маркумдун сөөгүн белгиленген мөөнөттө патологиялык изилдөөгө жөнөтүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык коштоочу медициналык документтерди даярдоону жана өткөрүп берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
6. Жыйынтыктоочу (корутунду) жоболор
20. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык саламаттык сактоо уюмдар жана медициналык кызматкерлер үчүн милдеттүү болуп саналат.
21. Өлүм учурун аныктоого жана реанимациялык иш-чараларды токтотууга байланышкан бардык иш-аракеттер оорулуулардынмедициналык картасында милдеттүү түрдө катталууга тийиш. «Мээнин өлүмүн күбөлөндүрүү протоколу» жана тиешелүү медициналык документтер медициналык мекеменин архивинде 50 жылдан кем эмес сакталышы керек.
22. Өлүмдү тастыктоо жана реанимациялык иш-чараларды токтотуу жөнүндө маалымат оорулуунун туугандарына же мыйзамдуу өкүлдөрүнө сылык жана жеткиликтүү түрдө жеткирилет.
23. Ушул Жобонун аткарылышына контроль кылуу саламаттык сактоо уюмдардын жетекчилерине тапшырылат.
24. Ушул Жобого ылайык процедураларды туура жүргүзүү жана диагноз коюу жоопкерчилиги түздөн-түз процесске катышкан медициналык кызматкерлерге жүктөлөт.