Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 01-7/03
Сары-Өзөн айыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдык кенештин пландык-бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын отурумдарынын жыйынтыгын эске алуу менен, маалыматтарды угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга карата объекттер жана бөлүктөр боюнча айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы алты айдын, тогуз айдын же бир жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү планынын жүрүшү же аткарылышы тууралуу маалыматы берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо комиссиясынын төрагасы А.Джазымкуловго тапшырылсын.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |