ТоктомКүчүндө

Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/03 «Сары-Өзөн айыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция15.01.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-январы № 01-7/03

 

Сары-Өзөн айыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдык кенештин пландык-бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын отурумдарынын жыйынтыгын эске алуу менен, маалыматтарды угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сесиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2025-жылга карата объекттер жана бөлүктөр боюнча айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы алты айдын, тогуз айдын же бир жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү планынын жүрүшү же аткарылышы тууралуу маалыматы берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо комиссиясынын төрагасы А.Джазымкуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

М.Дж. Долоталиев