САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 01-7/04
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-7/59 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Сарбагышова Назгул Калмамбетовна – Сары-Өзөн айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
2. Анырова Субагул Жумакадыровна – айылдык кенештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
3. Сокулук райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу менен);
4. Бектемиров Таалайбек Эрмекович – Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы;
5. Бекболотова Асель Асанжановна – Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
6. Муратова Айгерим Тимуровна - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
7. Джумалиев Качкынбай – Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси;
8. Чекирова Бурул Касымбековна – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси;
9. Алымбаева Мадина Мысалыевна - Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси;
10. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси – юрист.
(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-7/59 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айылдык кеңештин төрагасынын орун басары С.Бекмырзаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |