Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-январы № 01-7/05

 

Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-7/60 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомунун негизинде “Жеке турак жай куруу үчүн  жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун 10.11.12.13.14.15. – пункттарына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;

2. Анырова Субагүл Жумакадыровна - Сары-Өзөн айылдык кеңештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

3. Каратаева Элиза Таянычовна - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;

4. Мадемилов Жолдошбек Макенович - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;

5. Солтокеев Улан Джамалбекович - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;

6. Сокулук райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;

7. Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү;

8. Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси-юристи;

9. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистери;

10. Сүйналиев Турарбек Муратбекович – айыл өкмөтүнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча эколог - инженери;

11. Асылбаш, Төш-Булак, 1-Май, Жакынкы Арал жана Алыскы Арал айылдарынын башчылары, тиешелүүлүгүнө жараша.

(Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-7/60 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Б.Бекмырзаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

М.Дж. Долоталиев