Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-январы № 01-7/08
Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, Сокулук айылы 60 лет Киргизии көчөсү №13 дарегинин жашоочусу Ш.Р.Мейсановдун аянты 1368,5 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын "Медресе алдындагы" жерден "Окуу жай борбору алдындагы" жер тилкесине өзгөртүү боюнча жазган арызы жана Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2024-жылдын 31-декабрында берилген №83-24 архитектуралык-техникалык корутундусунун, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысынын сериясы Ч №1118287 негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылы 60 лет Киргизии көчөсүнүн №13 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1368,5 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын "Медресе алдындагы" жерден "Окуу жай борбору алдындагы " жер тилкесине өзгөртүүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Чомоковго жүктөлсүн.
Төрага | М.Дж. Долоталиев |