Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын “23” бугу айы № 187
Кыргыз-өзбек элинин достук мамилесин бекемдөө максатында Шопоков шаарында Эмерек ишканасын ачуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Шопоков шаарында жаңы жумуш орундарды ачуу максатында “ОЛВУД Кей Джи” компаниясы Эмерек ишкасын ачуу үчүн Шопоков шаарында жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, депуттардын сунуш пикирлерин эске алып, Шопоков шаардык кеңеши
Токтом кылат :
1. Шопоков шаарынын мэриясы “ОЛВУД Кей Джи” компаниясы Эмерек ишканасын салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыксын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Шопоков шаардык кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| К.С.Джеенчороев |