ТоктомКүчүндө

Шопоков шаардык кеңешинин 2024-жылдын «23» бугу айы № 187 «Кыргыз-өзбек элинин достук мамилесин бекемдөө максатында Шопоков шаарында Эмерек ишканасын ачуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция23.05.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарынын Х чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы

 

 

2024-жылдын “23” бугу айы № 187

Кыргыз-өзбек элинин достук мамилесин бекемдөө максатында Шопоков шаарында Эмерек ишканасын ачуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Шопоков шаарында жаңы жумуш орундарды ачуу максатында “ОЛВУД Кей Джи” компаниясы Эмерек ишкасын ачуу үчүн Шопоков шаарында жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, депуттардын сунуш пикирлерин эске алып, Шопоков шаардык кеңеши

 

Токтом кылат :

 

1. Шопоков шаарынын мэриясы “ОЛВУД Кей Джи” компаниясы Эмерек ишканасын салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыксын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Шопоков шаардык кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

К.С.Джеенчороев