Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 194-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын жана Өнөр жай саясаты, транспорт,отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А. Джалилов – “Ала-Тоо” депутаттык тобунан;
И.Э. Жороев – “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан;
У. Карыбек уулу – “Элдик” депутаттык тобунан;
Ж.А. Эгенбердиева – “Ата-Журт” депутаттык тобунан;
Б.А. Эргешов – “Мекенчил – Ынтымак” депутаттык тобунан.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |