Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 194-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 194-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын жана Өнөр жай саясаты, транспорт,отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А. Джалилов – “Ала-Тоо” депутаттык тобунан;
И.Э. Жороев – “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан;
У. Карыбек уулу – “Элдик” депутаттык тобунан;
Ж.А. Эгенбердиева – “Ата-Журт” депутаттык тобунан;
Б.А. Эргешов – “Мекенчил – Ынтымак” депутаттык тобунан.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |