Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 26-февралы № 20
2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" кредиттик макулдашуусу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуна кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 4-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |