МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-февралы № 20 «2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы» кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция26.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 26-февралы № 20

 

2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" кредиттик макулдашуусу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуна кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 4-февралында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган