Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-декабры № 2025-П-17/71-2-(НПА)
Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кеминде 3,0 млрд. сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкүчө белгиленсин:
- 2026-жылдын 30-июнуна чейин - 800,0 млн. сом;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып - 1,0 млрд. сом;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып - 1,5 млрд. сом;
- 2028-жылдын 1-июлунан тартып - 2,0 млрд. сом;
- 2029-жылдын 1-июлунан тартып - 2,5 млрд. сом;
- 2030-жылдын 1-июлунан тартып - 3,0 млрд. сом.
3. Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2027-жылдын 1-июлунан тартып кеминде 8,0 млрд. сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ылайык келгендиги жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде банк уставдык капиталдын өлчөмүн ушул токтомдун 3-пунктунда каралган өлчөмгө чейин жеткирүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
5. Жаңыдан түзүлгөн банктар (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) үчүн өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем жаңыдан түзүлгөн банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем эмес өлчөмдө, ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн экономикалык ченем ушул токтомдун 2 жана 3-пункттарына ылайык белгиленсин.
Эгерде банк системалуу мааниге ээ экендиги аныкталса, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банкка анын системалуу маанилүүлүк критерийлерине ылайык келгендигин маалымдаган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде ушул токтомдун 3-пунктунда белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш.
6. Токтом кабыл алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан банкты түзүүгө уруксат алган адамдар банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейин уюштурулуп жаткан банктын уставдык капиталынын өлчөмүн ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү өлчөмгө чейин жеткирүүгө милдеттүү.
7. Ушул токтом кабыл алынган датадан кийин банкты уюштурууга уруксат берүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылган жактар ушул токтомдун 1-пунктунда каралган өлчөмдө уставдык капитал түзүүгө тийиш.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 15-мартындагы № 2023-П-17/16-4-(НПА) "Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
9. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
10. Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
11. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактардын бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.
12. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
13. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |