Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 22-октябрындагы № 2026-П-17/59-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-17/71-2-(НПА) «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-ноябры № 2026-П-17/59-1-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-17/71-2-(НПА) «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-17/71-2-(НПА) «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«2027-жылдын 1-июлуна чейин системалуу мааниге ээ банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата 2 млрд сом өлчөмүндөгү талаптар колдонулат.»;
2) төмөнкү мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
«5-1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет мамлекеттерде иш алып барган (филиалдары бар/ачкан) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары (мындан ары – чет өлкөлүк филиал) банктын уставдык капиталынын төмөнкү тартипте көбөйтүлүшүн камсыз кылууга тийиш экендиги белгиленсин:
- чет өлкөлүк филиалдын ишинин биринчи финансылык жылынын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк филиалдын жыйынды активдеринин 3 (үч) пайызынан кем эмес өлчөмдө;
- ар бир кийинки финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк филиалдын жыйынды активдеринин өсүшүнүн 3 (үч) пайызынан кем эмес өлчөмдө. Кийинки финансылык жылдардын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк филиалдын жыйынды активдеринин өсүшү белгиленбеген учурда, уставдык капиталды көбөйтүү биринчи финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк филиалдын жыйынды активдеринин 3 (үч) пайызынан кем эмес өлчөмдө жүзөгө ашырылат.
Банктын уставдык капиталын көбөйтүүнүн жалпы өлчөмү токтомдун ушул пунктуна ылайык ар бир чет өлкөлүк филиалга карата эсептелген маанилерди кошуу аркылууаныкталат. Банктын уставдык капиталын көрсөтүлгөн суммага көбөйтүү тиешелүү финансылык жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен ишке ашырылууга тийиш.».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Бакетаев |