Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 18/129
01.01.2022-жылга карата кирешелердин чыгашалардан ашып кеткендигине байланыштуу каражаттарды бөлүү жөнүндө "эркин калдык"
Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн жана Новопавловка айылдык кеңешинин профсоюз комитетинин жамааттык кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы УП №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун жетекчиликке алып, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жолу менен айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 1-январына карата кирешелердин чыгашалардан ашып кеткендигине "эркин калдык" байланыштуу, Новопавловка айыл өкмөтүнүн аппаратынын 28 кызматкерине жана Новопавлов айылдык кеңешинин 2 кызматкерине жалпы 882,8 (сегиз жүз сексен эки) миң сегиз жүз сом өлчөмүндө эмгек акыга 10 (он) миң сом өлчөмүндө ай сайын кошумча каражат бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абышев |