Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 126 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Ханой шаары, 2025-жылдын 6-марты
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Кыргыз Тарап) жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Вьетнам Тарап),
эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы улуттук мыйзамдарын эске алуу менен,
эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы компетенттүү органдарынын ортосундагы мамилелерди андан ары чыңдоого даярдыгын билдирип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуу эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык билим берүү жаатында кызматташууну колдоого, чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
2-берене.
1. Ушул Макулдашуунун аткарылышын координациялоо максатында Тараптар дайындаган компетенттүү органдар төмөнкүлөр болуп саналат:
1.1. Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
1.2. Вьетнам Тараптан - Вьетнам Социалисттик Республикасынын Билим берүү жана кадрларды даярдоо министрлиги.
2. Компетенттүү органдар же алардын аталыштары өзгөргөн учурда Тараптар бул тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу маалымдайт.
3-берене.
Тараптар төмөнкү жааттарда кызматташат:
1) эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
2) билим берүү жаатында тажрыйба, эки өлкөнүн билим берүү системаларынын түзүмү жана уюштурулушу жөнүндө маалымат алмашуу;
3) бакалавриат, магистратура, докторантура студенттерин (мындан ары - студенттер) даярдоо жана тил такшалмаларын өткөрүү;
4) эки өлкөдө өткөрүлүүчү эл аралык симпозиумдар, конгресстер, конференциялар жана ушул сыяктуу иш-чаралар жөнүндө өз ара маалымдоо жана бул иш-чараларда берилген илимий докладдар менен алмашуу.
4-берене.
1. Ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык Тараптар жыл сайын он (10) адамга чейинки сандагы студенттерди төмөнкү программалар боюнча окутуу/даярдоо үчүн өз ара негизде жиберишет:
- бакалавр;
- магистратура.
Окутуунун/даярдоонун узактыгы жана башка шарттары кабыл алуучу Тараптын колдонуудагы мыйзамдары жана эрежелери менен аныкталат.
2. Кабыл алуучу Тарап жөнөтүүчү Тарапка төмөнкүлөр жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт:
2.1. ар бир календардык жылдын 28-февралына чейин студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жана шарттары жөнүндө;
2.2. кабыл алуунун жыйынтыктары, окуу жайлардын аталыштары жана окуу мөөнөттөрү жөнүндө календардык жылдын 30-июнунан кечиктирбестен.
3. Жөнөтүүчү Тарап кабыл алуучу Тарапка ар бир календардык жылдын 30-апрелине чейин талапкерлердин жана резервдик тизмеден талапкерлердин тизмесин берет жана кабыл алуучу Тарапка окуу/даярдоо башталганга чейин эки (2) жумадан кечиктирбестен студенттердин келүү датасы жөнүндө маалымдайт.
4. Берилген квоталык орундар боюнча кабыл алуу эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
5-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында квоталык орундарды алган эки өлкөнүн студенттери үчүн окуу тили кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана муктаждыктарга жараша Кыргызстанда кыргыз, орус же англис тилдери; Вьетнамда вьетнам же англис тилдери болушу мүмкүн.
2. Ар бир өлкөнүн студенттери Кыргызстанда кыргыз же орус тилдеринде же Вьетнамда вьетнам тилинде негизги адистик боюнча окууга тапшыруудан мурда, кабыл алуучу Тарап дайындаган же сунуштаган окуу жайларында бул адамдар адистештирилген программаларды өздөштүрүүсү үчүн жетиштүү тилдик көндүмдөргө ээ болушу үчүн бир жылдык тилди окуудан өтүүгө укуктуу.
3. Мурда англис тилинде адистештирилген окутуудан өткөн эки өлкөнүн тең студенттери, эгерде талапкер кабыл алуучу Тарап жана/же окуу жайы тарабынан белгиленген англис тилин билүүнүн талап кылынган деңгээлине ылайык келсе, дароо (даярдоо жылы жок) кабыл алынышы мүмкүн.
6-берене.
1. Кабыл алуучу Тарап ушул Макулдашуунун 4-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн студенттерге төмөнкүлөрдү берет:
1.1. акысыз окутуу/даярдоо, анын ичинде ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн тилди бир жылдык окутуу, окуу жайларын, анын ичинде окуу куралдарын, китепканаларды жана окуу материалдарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн;
1.2. кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык студенттин ар бир окуу жылындагы академиялык жыйынтыктарынын негизинде жана кабыл алуучу мамлекеттин чечими боюнча студенттер үчүн ар айлык стипендияны;
1.3. кабыл алуучу мамлекеттин студенттери үчүн каралган ошол эле шарттарда кабыл алуучу мамлекеттин эрежелерине жана шарттарына ылайык чет өлкөлүк студенттер үчүн жатаканаларга кирүү мүмкүндүгүн.
2. Эл аралык жол кире, сапар тартуу убагындагы медициналык камсыздандырууга чыгымдар, виза жыйымдары жана буга байланышкан башка чыгымдар студенттер тарабынан, жөнөтүүчү Тарап же уюмдар тарабынан же эки өлкөнүн тең улуттук мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактардан жабылат.
3. Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына, эрежелерине жана шарттарына ылайык ушул Макулдашуунун алкагында студенттерге жана алардын өз өлкөлөрүндө болуусуна байланышкан ар кандай маселелерди же проблемаларды чечүү үчүн зарыл чараларды көрөт.
7-берене.
1. Тараптар жыл сайын башка болгон стипендия программалары жана өз өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларына кирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алмашат.
2. Тараптар тиешелүү окуу жайларынын кабыл алуу эрежелерине ылайык өз өлкөлөрүнүн окуу жайларына башка Тараптын мамлекетинин жаранынын жеке өз алдынча тапшыруусуна каршы болбойт.
3. Тараптар өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык экинчи Тараптын өлкөсүнүн окуу жайында окуудан/даярдоодон өткөн өз өлкөсүнүн жарандарына өз өлкөсүндө окууну/даярдоону улантууда колдоо көрсөтүшөт.
8-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн. Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор жазуу жүзүндө таризделет жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдөн жана/же колдонуудан келип чыккан кандай болбосун каршы пикирлер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
10-берене.
1. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын ар бири аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу беш (5) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын бири алгачкы же кийинки беш жылдык мөөнөттөр аяктаганга чейин кеминде алты (6) ай мурда экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жибербесе, анын аракети ар бир жолу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылып турат.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда, анын жоболору ал колдонулуп жаткан мезгилде башталган жана ишке ашырылган иштин бардык түрлөрүнө жана долбоорлорго карата, Тараптар тиешелүү милдеттенмелерди аткарганга чейин колдонула берет, эгерде Тараптар башка шарттарды жазуу түрүндө макулдашпаса.
Ханой шаарында 2025-жылдын 6-мартында эки түп нускада, ар бири кыргыз, вьетнам, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_________________________________ |
| _________________________________ |
Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министри |
| Нгуен Ким Шон билим берүү жана кадрларды даярдоо министри |