Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-сентябры № 31
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын 2022-жылдын 5-ноябрына (ишемби), саат 10:00дө, Гавриловка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү Гавриловка мектеп-комплексинде өткөрүү белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобого ылайык Курултайга өкүлчүлүктүн чени делегаттардын 100 санында белгиленсин.
3. 1-тиркемеге ылайык Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы түзүлсүн.
4. 2-тиркемеге ылайык Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги бекитилсин.
5. Айыл тургундарынын санына жараша жергиликтүү курултайга делегаттардын саны бекитилсин
Гавриловка айылы - 40 киши;
Романовка айылы - 30 киши;
Шалта айылы - 15 киши;;
Жангарач айылы - 15 киши;
6. 3-тиркемеге ылайык Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин.
7. Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топ:
· 2022-жылдын 15-октябрынан 24 октябрына чейинки мөөнөттө Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатынын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрсүн;
· боло турган Курултай тууралуу Гавриловка айылдык аймагынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн
· Курултайда аны бекитүү үчүн Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартибинин долбоорун иштеп чыксын.
8. Гавриловка айыл өкмөтү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А.Т.Ибраимов |
|
| Тиркеме №1 |
|
| Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 31 токтомуна |
Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү
жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү
боюнча жумушчу топтун курамы
Жумушчу топтун төрагасы:
1) Ибраимов А.Т. – Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасы;
Жумушчу топтун төрагасынын орун басары:
2) Адылбаев Д.М. – Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
Жумушчу топтун катчысы:
Тюлемишова Т.И. –Гавриловка айыл оөкмөтүнүн жооптуу катчысы;
Жумушчу топтун мүчөсү:
3) Алымкулова А.Ш – Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары;
4) Касымбеков Т. Д. - мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
5) Рамис у. Э. – мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү,
6) Алмарсбек у.Н - регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
7) Абдылдабеков Ш. Б. – Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;
8) Кулманбетов Таалай Субанбекович – Жангарач айылынын активисти;
9) Эмилбеков Нурсултан Замирович - Романовка айылынын активисти;
10) Борколдоев Усен Шеримкулович - Шалта айылынын активисти;
11) Байсынов Кельгембай Толонович - Гавриловка айылынын активисти;
|
| Тиркеме №2 |
|
| Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 31 токтомуна |
Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү
графиги
Гавриловка айылы - 2022-жылдын 15-октябрынан 24-октябрына чейин;
Романовка айылы - 2022-жылдын 15-октябрынан 24-октябрына чейин;
Шалта айылы - 2022-жылдын 15-октябрынан 24-октябрына чейин;
Жангарач айылы - 2022-жылдын 15-октябрынан 24-октябрына чейин;.
|
| Тиркеме №3 |
|
| Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 31 токтомуна |
Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын
тизмеси
Гавриловка айылы - Рамис у. Э.;
Романовка айылы - Алымкулова А.Ш.;
Шалта айылы - Касымбеков Т. Д.;
Жангарач айылы - Абдылдабеков Ш. Б.