Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-июнундагы № 200 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн (мындан ары - атайын өкүл) кызмат орду Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү демилгелерин ишке ашырууга натыйжалуу көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган өзгөчө тапшырмаларды аткаруунун алкагында инвестициялык жагымдуулукту өркүндөтүүгө багытталган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлөт.
2. Атайын өкүлдүн кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат.
3. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4. Атайын өкүл өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Атайын өкүл түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине отчет берет.
6. Атайын өкүлдүн өзүнүн энчилүү бланкы болот.
2-глава. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары
7. Атайын өкүлдүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) өзгөчө тапшырмалардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине белгиленген тартипте көмөк көрсөтүү:
- эл аралык кызматташтык маселелери боюнча демилгелерди ишке ашырууда;
- ар түрдүү чөйрөлөрдө инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүүдө;
2) англис укуктук системасынын ченемдерин жана принциптерин колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча өзгөчө укуктук режими бар атайын инвестициялык аймактардын жана көз карандысыз эл аралык борбордун ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча башка маселелерди чечүү.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген милдеттерге ылайык атайын өкүл:
1) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, инвестициялык фонддор жана инвесторлор менен өлкөнүн чегинде жана чет өлкөлөрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча анын атынан эл аралык конференцияларга, жолугушууларга жана башка иш-чараларда катышат;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга багытталган демилгелерди жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурат жана координациялайт;
4) өлкөнүн инвестициялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга, анын ичинде эркин экономикалык зоналарды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жана өзгөчө укуктук режими бар адистештирилген аймактарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган стратегияларды жана иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
5) инвестициялык климатты жана эл аралык кызматташтыкты жакшыртууга өбөлгө түзүүчү мыйзам актылары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат, ошондой аларды ишке киргизүү боюнча чараларды сунуштайт;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгууга жана даярдоого ыйгарым укуктуу координациялык жана башка консультациялык-кеңеш берүүчү органдар менен өз ара аракеттенет;
61) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, тескемелеринин жана айрым тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
62) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча ири тармактык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
7) эл аралык кызматташтыктын жана инвестициялык долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жана жеке сектор менен өз ара аракеттенет;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмасы боюнча эл аралык макулдашуулардын, инвестициялык долбоорлордун жана экономикалык зоналарды өнүктүрүүнүн алкагында иш-чаралардын аткарылышын контролдойт;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-июнундагы № 200 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3-глава. Атайын өкүлдүн негизги укуктары
9. Атайын өкүл өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан жана анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү катары чыгууга;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана кызмат адамдарынын катышуусу менен кеңешмелерди өткөрүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык маалыматтар базаларын белгиленген тартипте пайдаланууга;
4) байланыштын жана коммуникациянын мамлекеттик системаларын колдонууга;
5) мамлекеттик органдар, мекемелер жана алардын кызмат адамдары менен белгиленген тартипте кызматтык кат алышууну жүргүзүүгө;
6) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты, документтерди жана башка материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын кызмат адамдарынан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
61) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын министрликтерине, административдик ведомстволоруна жана башка мамлекеттик органдарына тапшырмаларды жөнөтүүгө;
7) ушул Жобонун 7-пунктунда каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, инвестициялык фонддор жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө;
71) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар тарабынан оперативдүү чара көрүү үчүн көйгөйлүү маселелерди түшүндүрүү жана изилдөө максатында региондордун тургундары менен жолугушууларды өткөрүүгө;
8) ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун даярдоого жана белгиленген тартипте илгерилетүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртууга тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, башка актылардын жана демилгелердин долбоорлору боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
10) инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана колдоого, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, ошондой эле эркин экономикалык зоналарды, атайын жана инвестициялык зоналарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүнү демилгелөөгө;
11) координациялык жана башка консультациялык-кеңеш берүүчү органдардын жыйындарына катышууга, талкууланган маселелердин маңызы боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
12) мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин, окумуштууларды жана адистерди, башка уюмдардын өкүлдөрүн атайын өкүлдүн карамагындагы маселелерди, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү аркылуу чечүүгө катышууга;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык башка ишти жүргүзүүгө.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-июнундагы № 200 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4-глава. Атайын өкүлдүн ишин уюштуруу жана камсыз кылуу
10. Атайын өкүлдү кызматтык жай, кызматтык транспорт, зарыл болгон уюштуруу техникасы жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуу, анын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.
11. Атайын өкүлдүн иши атайын өкүлдүн катчылыгы (мындан ары - катчылык) тарабынан камсыз кылынат.
Катчылыктын эксперти Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашылган атайын өкүлдүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Катчылыктын экспертинин кызматтык милдеттери жана ыйгарым укуктары ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде атайын өкүл тарабынан аныкталат.
12. Атайын өкүлгө көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардын эсебинен акысыз жана акы төлөө негизинде адистер тартылышы мүмкүн.