Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 29-январы № 42-т

 

 

Кыргыз Республикасында генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Ак-Татыр Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев