Загрузка документа…
ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры № 87
Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын өткөрүү жана Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Таш-Мойнок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйыны чакырылсын.Жергиликтүү жамааттын жыйыны 2025-жылдын 01 -ноябрында саат 10-00 Таш-Мойнок орто мектебинин имаратында өткөрүлсүн.
2. Жергиликтүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны калктын санына жараша 80 киши деп белгиленсин,ар бир айыл боюнча делегаттардын саны № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча Таш-Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү жааматынын чогулуштарын өткөрүү графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топко:
- 2025-жылдын 17-нен 21-октябрына чейин жергиликтүү жамааттардын Курултайына делегаттарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү жамааттардын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрсүн;
- Таш-Мойнок айыл аймагынын тургундарына Курултай тууралуу маалымат берүү иштерин жүргүзүшсүн;
- Таш-Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Курултайынын күн тартибинин долбоору иштеп чыгарылсын;
6. Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Ташматов С.П. |
|
| 1-Тиркеме
Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2025-жылдын “14”10 № 87 токтомуна |
Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын өткөрүүдө катышуучу делегаттардын санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында
Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйынына катышуучу делегаттардын саны төмөнкүдөй бөлүнсүн:
Беш-Күнгөй айылынан - 20
Таш-Мойнок айылынан - 9
Кой-Таш айылынан - 20
Прохладное айылынан - 9
Кызыл-Бирдик айылынан - 8
Горная-Маевка айылынан - 9
Подгорное айылынан - 5
Баардыгы: 80 делегат
Төрага |
| Ташматов С.П. |
|
| 2-Тиркеме
Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2025-жылдын “14”10 № 87 токтомуна |
Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Таш-Мойнок айылдык аймагы боюнча жергиликтүү жаматтын жыйынын өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Ташматов С.П. - айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
Чодобаева Ж.Т. - айыл өкмөттүн бөлүм башчысы, жумушчу топтун катчысы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдрахманова С.Дж. - айылдык кеңештин депутаты;
Конурбаев Э.Т. - жарандык активист;
Джумашев С.О. - айылдык кеңештин депутаты;
Шаршенов Э.Б. - Кызыл-Бирдик айылынын айыл башчысы;
Исмаилов А.К. - айылдык кеңештин депутаты;
Самудинов У.К. - жарандык активист;
Данилбеков И.Д. - айылдык кеңештин депутаты;
Исмаилова А.Ж. - айылдык кеңештин депутаты;
Мамбеталиева Л.Ж. - айылдык кеңештин депутаты;
Джаманкулов С.К. - Таш-Мойнокайылынын айыл башчысы;
Атымкулова Н.Т. - айылдык кеңештин депутаты;
Ибрагимова А.Б. - жарандык активист;
Куванчбеков А.К. - айылдык кеңештин депутаты;
Сарбагишева Ж.Э. - айылдык кеңештин депутаты;
Чокомбаев Б. - айылдык кеңештин депутаты;
Чокомбаев К - Беш-Күнгөйайылынын айыл башчысы;
Төрага |
| Ташматов С.П. |
|
| 3-Тиркеме
Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2025-жылдын “14”10 № 87 токтомуна |
Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйындарын өткөрүү боюнча графикти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында
Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйындарын өткөрүү графиги:
Беш-Күнгөй айылы - 18.10.2025.саат 14-00
Таш-Мойнок айылы - 18.10.2025.саат 15-00
Кой-Таш айылы - 18.10.2023.саат 15-00
Кызыл-Бирдик айылы - 19.10.2023.саат 12-00
Горная-Маевка айылы - 19.10.2023.саат 15-00
Прохладное айылы - 19.10.2023.саат 15-00
Подгорное айылы - 20.10.2023.саат 12-00
Төрага |
| Ташматов С.П. |