Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 21 буйругуна тиркеме |
КНС төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлар боюнча кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Ушул КНС төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлар боюнча кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартиби (мындан ары – Тартип) майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарларды жеке пайдалануу үчүн өлкөгө алып келген коммерциялык эмес уюмдарга, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине жана жеке жактарга (мындан ары – субъект) жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү маселелерин жөнгө салат
2. Тартиптин максаты Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдардын укугун коргоону камсыздоо жана алардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.
Тартиптин милдети Майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесинде көрсөтүлгөн майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарларды жеке пайдалануу үчүн өлкөгө алып келген субъекттерге, ошондой эле гуманитардык жана демөөрчүлүк жардам жолу менен майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарларды (мындан ары - адистештирилген товар) өлкөгө алып келген мамлекеттик эмес уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү боюнча электрондук базаны түзүүнү уюштуруу болуп саналат.
II. Кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик):
- Майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин (мындан ары – Тизме) аныктайт;
- Тизмени актуалдаштыруу боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турат;
- адистештирилген товарларга керектөөлөрдүн санын аныктоо, талдоо жана муктаждыкты болжолдоо үчүн керектөөчүлөрдүн тизмесин түзөт;
- импорттолгон товарларды, эгерде алар бөлүктөр, элементтер же комплекттөөчүлөр түрүндө берилсе, Майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесине кирерине ырастама берет;
- жазуу жүзүндө берилген ырастамалар боюнча отчетторду түзүү жана талдоо үчүн электрондук базаны түзөт.
4. Министрликте субъекттердин кайрылууларын каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана КНС төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлардын эсебин жүргүзүү үчүн жооптуу болуп Министрликтин профилдик башкармалыгы эсептелет.
5. Жазуу жүзүндөгү ырастаманы берүү үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары – МСЭК) маалымкатынын болушу милдеттүү шарт болуп саналат.
6. Субъекттер Министрликке майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарларды КНС төлөөдөн бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастаманы алуу үчүн кайрылышат. Субъекттер Министрликке төмөнкү документтерди беришет:
1) жеке жактардан - арыз, юридикалык жактардан - расмий кат.
Арыз жана кат эркин формада таризделет. Кошумча жазуу жүзүндөгү ырастама алуу зарыл болгон учурда, арызда же катта жүк келип түшкөн бажынын аталышы, салык органынын аталышы көрсөтүлөт;
2) майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесинде көрсөтүлгөн товардын аталышын жана Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасы (мындан ары - ТЭИ ТН) боюнча коду көрсөтүлгөн товарды коштоочу документтер;
3) адистештирилген товарды керектөөчүгө берилген МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү;
4) майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товардын техникалык сыпаттамасын, дайындоосун, моделдерин жана мүнөздөмөлөрүн камтыган документтердин көчүрмөлөрү;
5) жеке жана юридикалык жактын байланыш үчүн маалыматтары (фамилиясы, аты, байланыш телефону, электрондук почтасынын дареги).
7. Жазуу жүзүндөгү ырастаманы алуу үчүн Министрликке документтерди берүү электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары - ЭДС) аркылуу жүргүзүлөт.
Субъектте СЭДге жеткиликтүүлүк жок болгон учурда, Министрликке документтер кагаз түрүндө берилет.
8. Майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товар майыптыгы бар адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн тапшырыгына ылайык ортомчулар аркылуу келип түшкөн учурда, Министрликке кошумча төмөнкү тастыктоочу документтер берилет:
- адистештирилген товарды сатып алуу жана алып келүү боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсү (каттоо номери жана түзүлгөн датасы);
- кызмат көрсөтүү үчүн акы жана адистештирилген товардын наркы төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү.
9. Майыптыгы бар адамдарга даректүү берүү үчүн импорттолгон адистештирилген товар юридикалык жактар тарабынан гуманитардык же демөөрчүлүк жардам жолу менен алып келинген учурда, Министрликке кошумча түрдө төмөнкү документтер берилет:
- адистештирилген товарларды ала турган жактар жөнүндө маалыматтар (жеке жактар үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, паспорттук маалыматтары, идентификациялык жеке номери, жашаган жери, байланыш телефондору; юридикалык жактар үчүн-аталышы жазылган товарды коштоочу документтер, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, дареги жана байланыш телефондору);
- адистештирилген товарларды жеке жана юридикалык жактарга берүүнү негиздеген келишимдин көчүрмөсү (каттоо номери жана түзүлгөн датасы);
- адистештирилген товарлардын тизмеси жана алардын саны;
- адистештирилген товарлардын сапаты боюнча маалымат.
10. Министрлик төмөнкү учурларда арызды же катты каттоодон баш тартууга укуктуу:
- жалган же толук эмес маалыматтар берилгенде;
- товарды максатсыз пайдалануу аныкталганда;
- талап кылынган документтерди субъект берүүдөн баш тартканда.
11. Зарыл болгон документтер кабыл алынгандан кийин, Министрликтин ыйгарым укуктуу адиси:
1) мониторинг учурунда адистештирилген товар дайындалышы боюнча пайдаланган эместиги аныкталса, берилген салык жеңилдиктери жокко чыгарылары жөнүндө жана салык мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык салыктын суммасы кошуп эсептелери тууралуу субъектке маалымат берет;
2) майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарды импорттогон субъектинин маалыматтарын берилген документтерге ылайык электрондук базага киргизет;
3) ырастама катты даярдайт;
4) каттоодон өткөн ырастама катты Министрликтин гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрөт.
12. Министрликтин гербдүү мөөрү басылган каттоодон өткөн ырастама кат төмөнкүлөргө берилет:
- жеке жакка мессенджер аркылуу же колуна кагаз түрүндө;
- юридикалык жакка ЭДС аркылуу, мессенджер аркылуу же колуна кагаз түрүндө;
- бажы же салык органдарына ЭДС аркылуу.
13. Электрондук база системадагы журналда катталган, импорттолуучу адистештирилген товарларды КНС төлөөдөн бошотуу үчүн субъекттерге берген жазуу жүзүндөгү ырастамалар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Электрондук база адистештирилген товарларга муктаж болгон адамдар жөнүндө, жана жеке пайдалануу үчүн майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарларды өлкөгө алып келген субъекттер жөнүндө, анын ичинде гуманитардык же демөөрчүлүк жардам жолу менен импорттолгон адистештирилген товарлар тууралуу маалыматтарды камтыган Министрликтин ички реестри болуп саналат.
14. Ички реестрде импорттолуучу адистештирилген товарларды КНС төлөөдөн бошотуу үчүн жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүүнүн негизи жана датасы, ошондой эле өлкөгө алып келинген адистештирилген товарлардын максаттуу пайдаланылышына Министрлик тарабынан контролдоо жүргүзүүнүн болжолдуу датасы көрсөтүлөт.
III. Корутунду жоболор
15. Субъектке ырастама кат берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде Министрликтин ыйгарым укуктуу адиси өлкөгө алып келинген адистештирилген товарлардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.
Адистештирилген товарлар дайындалышы боюнча пайдаланган эместиги аныкталса, мурда берилген ырастама каттын датасын жана номерин көрсөтүп, Министрлик бажы жана салык органдарына берилген салык жеңилдиктерин жокко чыгаруу боюнча кат жөнөтөт.
16. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн Министрликтин ыйгарым укуктуу адиси тартиптик жоопкерчилик тартат.