Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2026-жылдын 19-февралы № 21
Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлар боюнча кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибинин 3-пунктунун 2-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 664 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кошумча нарк салыгын (мындан ары – КНС) төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлар боюнча кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Майыптыгы бар адамдардын жана улгайган жарандардын маселелери боюнча башкармалыгы:
- майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин жана аларды керектөөчүлөрдү аныктоо боюнча, субъекттерге КНС төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарларга жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү үчүн электрондук базаны түзүү боюнча функцияларды аткарууга жооптуу кызмат адамын аныктасын;
- ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде буйруктун электрондук версиясын мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына жана ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) расмий сайтында жарыяласын.
4. Аткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү ушул буйрукту Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.Дж. Орозбаевага жүктөлсүн.
6. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| К.Л. Сагынбаев |