Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-марты № 39/4-29
Акча-каражаттарды которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, депутат Н.Д.Токтакуновдун сунушун угуп жана пикир алмышып чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Турак жай коммуналдык чарба” бөлүмүндө балдар аянтчасына жана амфитеатрга каралган 2600000 (эки миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча-каражаты экономикалык долбоорлорго которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Х.С.Мамедовго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |