ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 39/4-29 «Акча-каражаттарды которуу жөнүндө» токтому

Редакция20.03.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 20-марты № 39/4-29

 

Акча-каражаттарды которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, депутат Н.Д.Токтакуновдун сунушун угуп жана пикир алмышып чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Турак жай коммуналдык чарба” бөлүмүндө балдар аянтчасына жана амфитеатрга каралган 2600000 (эки миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча-каражаты экономикалык долбоорлорго которулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Х.С.Мамедовго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.И.Токтакунов