Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 29/4-29
“Узундугу 1826 метр Фрунзе көчөсүн
капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Узундугу 1826 метр Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоору артыкчылыктуу деп таанылсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддорго жана башка каржылоо булактарына ( донорлор ж.б.) өтүнмөлөрдү тапшырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Х.С.Мамедовго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |