ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 29/4-29 «Узундугу 1826 метр Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү» долбоору жөнүндө» токтому

Редакция20.03.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 20-марты № 29/4-29

 

“Узундугу 1826 метр Фрунзе көчөсүн

капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Узундугу 1826 метр Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоору артыкчылыктуу деп таанылсын.

2. Орловка шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддорго жана башка каржылоо булактарына ( донорлор ж.б.) өтүнмөлөрдү тапшырсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Х.С.Мамедовго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.И.Токтакунов