Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 145 токтомуна) |
Улуттук санарип экотутум жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине (мындан ары - Санарип кодекс) ылайык иштелип чыккан жана санарип мамлекеттик сервистерди берүү үчүн арналган Улуттук санарип экотутумдун объекттерин (элементтерин) пайдалануунун жалпы эрежелерин, ошондой эле анын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү, маалыматтар булактарын түзүү жана иштеп чыгуу, санарип мамлекеттик сервистерди (мындан ары - мамлекеттик сервистер) түзүү эрежелерин аныктайт.
2. Улуттук санарип экотутум (мындан ары - Улуттук экотутум) мамлекеттик сервистерди түзүүнүн жана пайдалануунун жалпы эрежелери боюнча аларды берүү үчүн арналган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар - Улуттук экотутумдун катышуучулары мамлекеттик сервистерди берүүчүлөр болуп саналат.
3. Санарип кодексине ылайык Улуттук экотутумдун принциптери жалпыга жеткиликтүүлүк, модулдук, булуттук эсептөөлөрдү пайдалануунун артыкчылыгы, вариативдүүлүк, параллелдүүлүк жана берүүчүдөн көз карандысыздык болуп саналат.
4. Улуттук экотутумдун ээси Кыргыз Республикасы болуп саналат, анын атынан Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу иш алып барат.
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
"Түндүк" санариптик өз ара аракеттенүү системасынын (мындан ары - "Түндүк" системасы) катышуучусунун санарип ресурсунун адаптери - мамлекеттик сервистерди берүүдө "Түндүк" системасы аркылуу берилүүчү маалыматтардын суроо-талаптарын өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун санарип ресурсу талап кылган форматта жана кайра артка конвертациялоону камсыз кылган программалык камсыздоо;
коопсуздук серверинин аутентификациялык сертификатты - ачык ачкычты, ачкычтын ээси жөнүндө маалыматты, ачкычты пайдалануу тармагын камтыган, аны берген аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан кол коюлган, коопсуздук серверинин аныктыгын күбөлөндүрүүчү жана санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын коопсуздук серверлеринин ортосунда байланышты орнотууда коопсуздук серверлерин аутентификациялоо үчүн колдонулуучу, санарип маалыматтарды жана/же санарип документтерди жөнөткөн жана алган катышуучуларды так аныктоого мүмкүндүк берген санарип документ;
"Түндүк" системасынын каталогу - "Түндүк" системасы аркылуу санариптик өз ара аракеттенүү үчүн катышуучулардан өтүнмөлөрдү берүүнүн санарип технологиялык системасы; "Түндүк" системасынын каталогундагы зарыл болгон маалыматтардын тизмеги Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан аныкталат;
метамаалыматтардын каталогу - Улуттук экотутумдун катышуучулары үчүн жалпыга жеткиликтүү санарип ресурс, анда Улуттук экотутумдун санарип объекттерин (элементтерин) идентификациялоо, издөө жана аларды башкаруу максаттары үчүн алар жөнүндө метамаалыматтар катталган; метамаалыматтардын каталогун жүргүзүү жана объекттердин ээлери (иштеп чыгуучулары) тарабынан метамаалыматтарды каттоо тартиби Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан аныкталат;
лог-файл (log file) - системанын иши жөнүндө окуялардын тексттик журналы, анда программалык камсыздоонун жардамы менен автоматтык түрдө жазылуучу каталар, колдонуучулардын иш-аракеттери жана сервердеги же системадагы башка окуялар жөнүндө маалыматтар камтылган, ал кемчиликтерди жоюу, системанын же сервердин ишин контролдоо, уруксатсыз иш-аракеттерди жана системанын же сервердин иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуучу башка окуяларды аныктоо үчүн колдонулат;
локалдык мониторинг жүргүзүү борбору - "Түндүк" системасы аркылуу санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун башкаруусундагы коопсуздук серверлеринин абалын көзөмөлдөөчү жана өз ара аракеттенүүнүн мындай катышуучусунун санарип ресурсту пайдалануу статистикасын топтогон программалык камсыздоо;
мастер-маалыматтар (master-data) - ведомстволор аралык санариптик өз ара аракеттенүүнү жүргүзүүдө пайдаланылуучу объект же субъект (жеке же юридикалык жак) жөнүндө уникалдуу маалыматтар (түзүмдөлгөн санарип жазуулар);
мамлекеттик сервистердин фабрикасы - санарип мамлекеттик сервистерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн арналган, мамлекеттик сервистин ээсинин Улуттук экотутумдун жалпы санарип маалыматтар мейкиндигине кирүүсүн, мамлекеттик сервисти пайдалануу башталганга чейин аны тестирлөөнү, анын ишине мониторинг жүргүзүүнү, санарип чөйрөдө башка мамлекеттик сервистер менен өз ара аракеттенүүсүн, мамлекеттик сервисти өнүктүрүүнү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик санарип технологиялык система (платформа); мамлекеттик сервистердин фабрикасынын иштөө эрежелери ушул Жободо белгиленет;
борбордук мониторинг жүргүзүү борбору - коопсуздук серверлеринин абалын көзөмөлдөөчү жана "Түндүк" системасында пайдалануунун статистикасын топтогон программалык камсыздоо;
контейнерлештирүү - программалык камсыздоону жайылтуу процесси, ал каалаган инфраструктурада жана ар кандай чөйрөлөрдө ишке киргизүү үчүн зарыл болгон бардык файлдар жана китепканалар менен тиркеменин кодун бириктирет;
контейнерлерди оркестрлөө - жайылтууну, масштабдоону, жашоо циклин башкарууну, жүктөмдү теңдөөнү жана мониторинг жүргүзүүнү автоматташтыруу менен контейнерлерди автоматтык башкарууга мүмкүндүк берген программалык технология;
контейнерлештирүү жана оркестрлөө платформасы - тиркемелерди жайылтууну, масштабдоону жана башкарууну автоматташтыруу үчүн контейнерлерди башкарууга мүмкүндүк берген программалык чечим.
Ушул Жободогу башка терминдер Санарип кодексинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт жана/же эгерде ушул Жободо башкача аныкталбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык практикада кабыл алынган мааниге ылайык колдонулат.
2-глава. Улуттук экотутумдун субъекттери жана объекттери
6. Улуттук экотутумдун катышуучулары (субъекттери) төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу (Улуттук экотутумдун ээси);
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (объекттердин ээлери), санарип жазууларды иштеп чыгууну, санарип технологиялык системаларды эксплуатациялоону, санарип сервистерди берүүнү, объекттерге кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүчү иштеп чыгуучулар болуп саналган юридикалык жактар;
3) уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар (объекттердин ээлери, иштеп чыгуучулары);
4) Улуттук экотутумдун элементтеринин ээлери (иштеп чыгуучулары, берүүчүлөрү) же алардын колдонуучулары болуп саналган жеке жактар.
Санарип чөйрөдөгү укуктук мамилелердин ар бир субъекти анын эрежелери сакталган шартта Улуттук экотутумдун катышуучусу болууга укуктуу.
7. Улуттук экотутумдун объекттери (элементтери) Улуттук экотутумдун субъекттерине (катышуучуларына) таандык болгондор жана/же алар тарабынан эксплуатациялангандар болуп саналат:
1) санарип ресурстар (санарип маалыматтарды жайылтуу жана аларга кирүү үчүн арналган маалыматтар базасы, тиркемелер, сайттар);
2) санарип сервистер (анын ичинде ишенимдүү, базалык);
3) санарип технологиялык системалар (анын ичинде маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору, жасалма интеллект системалары, телекоммуникациялык тармактар) жана алардын түзүмдүк элементтери;
4) "Түндүк" системасы;
5) Улуттук экотутумдун санарип реестри.
8. Улуттук экотутумдун катышуучулары өздөрүнүн муктаждыктарына жараша анын эрежелерин эске алуу менен өз ишинде түзүлүүчү жана колдонулуучу Улуттук экотутумдун объекттеринин курамын аныктоого укуктуу.
9. Улуттук экотутумдун объекттери конкреттүү санарип түзүлүштөргө жана алардын жайгашкан жерине карабастан иштөөгө мүмкүндүк бергидей долбоорлонот жана түзүлөт, алар маалыматтардын (жазуулардын) ачык форматтарына жана маалыматтарды алмашуу интерфейстерине артыкчылыктуу негизделүүгө тийиш жана санарип түзүлүштөрдү конкреттүү берүүчүдөн, укуктары үчүнчү жактарга таандык болгон маалыматтардын (жазуулардын) форматтарынан жана маалыматтарды алмашуу интерфейстеринен көз каранды болбоого тийиш.
10. Эгерде мыйзамдарда жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же Улуттук экотутумдун катышуучуларынын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, Улуттук экотутумдун катышуучулары иштеп чыгуу максатына жетүүнү эң жакшы деңгээлде камсыз кылган форматта, ошол ыкмалар менен жана операциялардын мындай ырааттуулугунда санарип маалыматтарды иштеп чыгууну өзү каалагандай жүргүзүүгө укуктуу.
11. Улуттук экотутумдун катышуучуларына Санарип кодексинде, ошондой эле ушул Жободо белгиленген укуктар жана милдеттер таандык болот.
3-глава. Улуттук экотутумдун архитектурасы
12. Улуттук экотутум "Өкмөттүк булут" - "G-Cloud" мамлекеттик платформасынын булуттук эсептөөлөр архитектурасында жайгаштырылат, микросервистик бузулууларга туруктуу архитектураны колдойт жана төмөнкүдөй компоненттерден турат:
1) санарип маалыматтардын булактары, санарип маалыматтардын жалпы мейкиндиги:
- мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурстар;
- Улуттук экотутумдун катышуучуларынын (санарип маалыматтардын, санарип ресурстардын, тиркемелердин, сайттардын ээлеринин/берүүчүлөрүнүн) санарип ресурстары;
2) "Түндүк" системасы;
3) ишенимдүү сервистер:
- санарип аутентификациялоо;
- санарип кол тамга;
- санарип архив;
- билдирүүлөрдүн кепилденген жеткирилиши;
4) санарип мамлекеттик сервистерди иштеп чыгуу, тестирлөө жана ишке киргизүү (жайгаштыруу) чөйрөсү жана инструментарийи (коддун мисалдары, документтер);
5) базалык санарип сервистер:
- микросервистерди башкаруу сервистери (сервистерди үзгүлтүксүз интеграциялоо, берүү жана жайгаштыруу, үзгүлтүксүз тестирлөө жана мониторинг жүргүзүү, микросервистик архитектураны пайдалануу, сервистерди жөндөө үчүн программалык чечимдер, анын ичинде жөндөө, журналга каттоо, метрикаларды чогултуу, колдонуучулардын эсептик жазууларын башкаруу, ар түрдүү типтеги маалыматтар базасын башкаруу, интеграциялык өз ара аракеттенүү жана билдирүүлөрдүн кезегин башкаруу сервистери);
- маалыматтарды коргоо, тармактык чабуулдарды аныктоо жана бөгөт коюу, коопсуздук окуяларынын аудити функцияларын камсыз кылуучу коопсуздук сервистери;
- кирүүнү, маалыматтарды иштеп чыгууга макулдуктарды башкаруу сервистери;
- бизнес-процесстерди/операцияларды, алардын эрежелерин жана чектөөлөрүн программалык ишке ашырууну, керектөөчү талап кылган бирдиктүү санарип сервиске топтоону камсыз кылуучу колдонмо бизнес-логика сервистери;
- сервистерди контейнерлештирүү жана оркестрлөө платформасы (контейнерлерди башкаруу, контейнерлерди оркестрлөө, образдардын репозиторийи, контейнердик сервистердин коопсуздугу, масштабдоо жана башка компоненттер);
- көмөкчү ресурстар ("Түндүк" системасынын маалымдама маалыматы, каталогдор, реестрлер, китепканалар, программалык камсыздоо, дарек системасы, мейкиндик маалыматтары, ачык маалыматтар, семантикалык ресурстар, стилдердин каталогу/реестри жана башка компоненттер);
- көмөкчү сервистер (жасалма интеллект кызматтары, чоң маалыматтарды иштеп чыгуу жана аналитика, чат-боттор, аналитика жана кайтарым байланыш, байланыш борбору жана башка компоненттер);
6) тиркемелер, сайттар:
- мамлекеттик сервистердин тиркемелери;
- мамлекеттик сервистердин сайты/порталы;
- Улуттук экотутумдун катышуучуларынын тиркемелери жана сайттары.
13. Улуттук экотутумду анда иштеген сервистердин платформасы менен курууда компоненттик-сервиске багытталган архитектура (Service Oriented Architecture, SOA) жана микросервистик архитектура ыкмасы колдонулат, мында тиркеме чакан санарип сервистердин топтому катары түзүлөт, алардын ар бири өзүнчө процессте иштейт жана калгандары менен жеңил механизмдерди колдонуу аркылуу байланышат.
Санарип сервистер колдонуучулардын муктаждыктарынын тегерегинде түзүлгөн жана толугу менен автоматташтырылган чөйрөнү колдонуу менен тез жайгаштырылат.
Ошол эле учурда мындай платформанын компоненттери (микросервистери) оңой алмаштырылат, эксплуатацияга тез киргизилет, калгандарынан көз карандысыз жайгаштырылат жана масштабдалат, бузулууларга туруктуу болот, ар түрдүү технологияларды жана тилдерди пайдаланууга мүмкүндүк берет.
14. Санарип маалыматтардын/мамлекеттик сервистердин/ресурстардын тиркемелердин/технологиялык системалардын ээлери, иштеп чыгуучулары же берүүчүлөрү болуп саналган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелери, ишканалары жана уюмдары Улуттук экотутумдун катышуучулары болуп эсептелет жана Улуттук экотутумдун санарип реестринде анын катышуучулары, анын объекттеринин (элементтеринин) ээлери/иштеп чыгуучулары жана/же мамлекеттик сервистердин берүүчүлөрү катары катталууга тийиш.
15. Улуттук экотутумга байланышкан ишти жөнгө салууну, мындай ишти көзөмөлдөөнү Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу жүргүзөт.
Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4-глава. Улуттук экотутумдун санарип реестри
16. Улуттук экотутумдун объекттерин (элементтерин) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, алардын өз ара аракеттенүүсүн жана шайкештигин Улуттук экотутумдун санарип реестри камсыз кылат.
17. Улуттук экотутумдун санарип реестри төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган санарип жазуулардан турат:
1) Улуттук экотутумдун объектинин (элементинин) ээси (иштеп чыгуучусу, берүүчүсү);
2) Улуттук экотутумдун объектин (элементин) колдонуучулар (керектөөчүлөр);
3) анын алкагында Улуттук экотутумдун объекти (элементи) пайдаланылган мамлекеттик сервистер;
4) Улуттук экотутумдун бул объекти (элементи) менен өз ара аракеттенүүчү Улуттук экотутумдун башка объекттери (элементтери) (өз ара аракеттенүүчү объекттер (элементтер);
5) Улуттук экотутумдун объектин (элементин) пайдалануу ыкмалары;
6) Улуттук экотутумдун объектин (элементин) пайдалануунун натыйжалары, анын ичинде өз ара аракеттенген объекттердеги (элементтердеги) натыйжалар;
7) Улуттук экотутумдун объектин (элементин) коргоону камсыз кылууга жооптуу адамдар жана алардын байланыш маалыматтары;
8) Улуттук экотутумдун объектинин (элементинин) жеткиликтүүлүгүн мүнөздөөчү көрсөткүчтөр (жылына жеткиликсиздиктин чектүү мөөнөтү, иштебей калган учурда жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүү мөөнөттөрү, бир убактагы пайдалануучулардын саны);
9) пайдаланылуучу маалыматтардын форматтары жана маалыматтарды алмашуу интерфейстери.
18. Объектти Улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизүү ыктыярдуу негизде жана акы албастан жүргүзүлөт.
19. Объектти Улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) объекттин Улуттук экотутумдун башка объекттери (элементтери) менен шайкештигин жана өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
2) мамлекеттик сервистер фабрикасын пайдалануу менен объекттин функционалдуулугун жана санарип туруктуулугун тестирлөөнүн оң натыйжаларын берүү;
3) ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн жана Улуттук экотутумдун санарип реестринде объект (элемент) жөнүндө санарип жазууну түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүү.
20. Улуттук экотутумдун санарип реестрин жүргүзүү Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан Улуттук экотутумдун санарип реестринде тийиштүү санарип жазууларды түзүү, өзгөртүү аркылуу жүргүзүлөт.
21. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу объекттин ээсинен ушул Жобонун 19-пунктунда белгиленген объектти Улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизүү шарттарынын аткарылгандыгын ырастаган маалыматтарды алган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде Улуттук экотутумдун санарип реестринде жаңы объект (элемент) жөнүндө санарип жазууну түзөт.
Улуттук экотутумдун санарип реестриндеги санарип жазууну өзгөртүү Улуттук экотутумдун тийиштүү объектинин (элементинин) ээсинин кайрылуусу боюнча Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүргүзүлөт.
Объект Улуттук экотутумдун элементтеринен чыгарылган учурда, бул жөнүндө тийиштүү маалыматтар Улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизилет.
22. Улуттук экотутумдун санарип реестриндеги санарип жазуулар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу санарип өз ара аракеттенүү системасы, ошондой эле мамлекеттик сервистердин тиркемеси жана сайты аркылуу Улуттук экотутумдун санарип реестрине кирүүнү камсыз кылат.
23. Улуттук экотутумдун санарип реестринде жазууларды түзүү үчүн Улуттук экотутумдун катышуучусу болууну каалаган адамдар тийиштүү маалыматтарды киргизүү үчүн Улуттук экотутумдун санарип реестрине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө онлайн-өтүнмө берет.
Өтүнмөнүн формасын, ыйгарым укуктарды ырастоо тартибин, Улуттук экотутумдун санарип реестрине зарыл болгон маалыматтарды киргизүү үчүн Улуттук экотутумдун санарип реестрине кирүү тартибин Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу аныктайт.
Улуттук экотутумдун санарип реестринде санарип жазууну түзүү үчүн ээлери тарабынан киргизилүүчү объект (элемент) жөнүндө маалыматтардын тизмеги ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
5-глава. Улуттук экотутумдун санарип маалыматтарынын булактары, маалыматтарды иштеп чыгуу
24. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын санарип ресурстары Улуттук экотутумдун алкагында иштелип чыгуучу санарип маалыматтардын булактары болуп саналат жана санарип маалыматтардын жалпы мейкиндигин түзөт.
Эгерде ченемдик укуктук актыларда же Улуттук экотутумдун катышуучуларынын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, мындай маалыматтар ачык маалыматтар болуп саналат.
25. Улуттук экотутумдун катышуучусу мыйзамдарда же мындай катышуучунун Улуттук экотутумдун башка катышуучулары менен түзүлгөн макулдашуусунда белгиленген учурларда, санарип маалыматтардын жалпы мейкиндигинде алардан маалыматтарды иштеп чыгуу максаттары үчүн өзүнүн санарип ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
Улуттук экотутумдун катышуучуларынын санарип маалыматтардын жалпы мейкиндигинде маалыматтарды иштеп чыгуу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гана чектелиши мүмкүн.
26. Эгерде жеке маалыматтарды иштеп чыгуу санариптик өз ара аракеттенүүнүн жана мындай катышуучу үчүн санарип сервисти түзүүнүн зарыл болгон шарты болуп эсептелбесе, Улуттук экотутумдун катышуучусу маалыматтарды ажыратууну талап кылууга укуктуу.
27. Санарип маалыматтарды иштеп чыгуу катышуунун ыктыярдуулугу, ак ниеттүүлүк, кайра пайдалануу, шайкештик жана көчүрүлүү, ак ниетсиз иштетүүгө жол бербөө принциптеринде жүргүзүлөт.
28. Санарип маалыматтар алардын форматына карабастан Улуттук экотутумдун алкагында иштелип чыгууга тийиш. Маалыматтардын форматтарын, аларды иштеп чыгуу ыкмаларын тандоо иштеп чыгуу максаттарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Улуттук экотутумдун катышуучуларынын макулдашуусунда белгиленген шарттарга шайкеш болууга тийиш.
29. Улуттук экотутумдун алкагында санарип жазууларды иштеп чыгуу алардын метамаалыматтарын эске алуу менен жүргүзүлөт, алар санарип жазуулардын ээлерин же принципалдарын, иштеп чыгуунун жол берилген максаттарын жана ыкмаларын, санарип жазуулардын форматтарын жана маалыматтарды алмашуу интерфейстерин, ошондой эле санарип жазууларды иштеп чыгуу үчүн маанилүү болгон башка мүнөздөмөлөрдү аныктайт.
30. Метамаалыматтар Улуттук экотутумдун катышуучулары үчүн жалпыга жеткиликтүү болгон жана Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүргүзүлүүчү метамаалыматтардын каталогунда катталууга тийиш. Метамаалыматтардын каталогун жүргүзүү жана санарип ресурстардын ээлери (иштеп чыгуучулары) тарабынан метамаалыматтарды каттоо тартиби Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан аныкталат.
31. Мамлекеттик жана муниципалдык санарип ресурстар маалыматтарды бир жолу чогултуу жана көп жолу пайдалануу принциптеринде иштейт. Керектөөчү мамлекеттик санарип ресурстарда мурдатан болгон маалыматтарды бербөөгө укуктуу.
32. Мастер-маалыматтардын булагы болуп төмөнкү мамлекеттик санарип ресурстар саналат:
1) Улуттук экотутумдун санарип реестри;
2) калктын мамлекеттик реестри;
3) кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын реестри;
4) транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын реестри;
5) юридикалык жактардын реестри;
6) уникалдуу санарип маалыматтарды (жазууларды) камтыган башка мамлекеттик санарип ресурстар.
33. Мамлекеттик санарип ресурстарынын жана мамлекеттик сервистердин ээлери (иштеп чыгуучулары, берүүчүлөрү) колдонуучулардан (керектөөчүлөрдөн) ушул Жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн санарип ресурстарда камтылган маалыматтарды мындай маалыматтарды актуалдаштыруу максатында гана суроого укуктуу жана мындай мастер-маалыматтарды өздөрүнүн санарип ресурстарында чогултууга жана сактоого укугу жок.
6-глава. "Түндүк" системасы аркылуу катышуучулардын өз ара аракеттенүү эрежелери
34. "Түндүк" системасы Улуттук экотутумдун объекти (элементи) болуп саналат, анын жардамы менен катышуучулардын санарип ресурстарынан санарип маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү жүзөгө ашырылат.
35. Улуттук экотутумдун катышуучулары ушул Жободо белгиленген эрежелер боюнча Кыргыз Республикасынын атынан ээси Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу болуп саналган "Түндүк" системасы аркылуу Улуттук экотутумдун алкагында өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.
Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
36. Улуттук экотутумдун ар бир катышуучусу маалыматтарды иштеп чыгуу максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Улуттук экотутумдун башка катышуучулары менен түзүлгөн макулдашууда белгиленген учурларда өзүнүн санарип ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
37. Улуттук экотутумдун катышуучулары Улуттук экотутумдун башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүү (санарип маалыматтарды алмашуу) үчүн ачык программалык интерфейстерди артыкчылыктуу пайдаланууга милдеттүү жана укуктары үчүнчү жактарга таандык болгон кошумча коммерциялык чечимдерди же интерфейстерди, санарип түзүлүштөрдү, маалыматтардын (жазуулардын) форматтарын жана маалыматтарды алмашуу интерфейстерин пайдаланууну талап кылууга укуксуз.
38. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жана мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын өз ара, ошондой эле Улуттук экотутумдун башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүсү "Түндүк" системасын пайдалануу менен гана жүзөгө ашырылат.
39. "Түндүк" системасы аркылуу төмөнкүлөр берилет:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик сервистерди көрсөтүүгө катышкан юридикалык жактар тарабынан маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн багытталган өз ара аракеттенүүнүн мамлекеттик сервистери;
2) колдонуучулардын сервистери, башкача айтканда колдонуучулар үчүн, анын ичинде жеке жактар (керектөөчүлөр) үчүн мамлекеттик сервистер.
40. "Түндүк" системасынын курамында маалымдама маалыматтар системасы (жалпыга жеткиликтүү реестрлер, техникалык маалыматтардын каталогдору) түзүлөт, ал мамлекеттик сервистерди түзүү жана Улуттук экотутумдун катышуучуларынын санариптик өз ара аракеттенүүсү, маалыматтардын бир түрдүү берилишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды сактоо жана жалпы пайдалануу үчүн арналган.
41. "Түндүк" системасынын архитектурасы ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн жана ал төмөнкү компоненттерден турат:
1) катышуучулардын коопсуздук серверлери;
2) катышуучулардын локалдык мониторинг жүргүзүү борборлору;
3) "Түндүк" системасынын борбордук компоненттери.
42. Коопсуздук сервери төмөнкү функцияларды аткарат:
1) берилүүчү маалыматтарды шифрлейт жана дешифрлейт;
2) лог-файлдарды түзөт, санарип сигнатуралар жана убакыт штамптары менен маалыматтар үчүн далилдөөчү баалуулукту түзөт;
3) өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун кирүү укуктарын текшерет, коопсуздук серверинин аутентификациялык сертификаттарын жана кол коюу жана аутентификациялоо үчүн санарип кол тамганын текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарын башкарат;
4) ыйгарым укугу жок катышуучунун санарип ресурсу үчүн санарип маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөйт;
5) криптографиялык корголгон канал/телекоммуникациялык тармак аркылуу аны менен байланышкан санарип ресурстун санарип маалыматтарын өз ара аракеттенүүнүн башка катышуучусуна берет;
6) лог-файлдардын журналын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
Бир санарип ресурста бир убакта иштеген бир нече коопсуздук сервери жайгаштырылышы мүмкүн.
43. Локалдык мониторинг жүргүзүү борбору милдеттүү компонент болуп саналбайт жана өз ара аракеттенүүнүн катышуучусу аны колдонбосо болот. Локалдык мониторинг жүргүзүү борборунун "Түндүк" системасынын катышуучусунун коопсуздук сервери аркылуу өтүүчү маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү жок.
44. "Түндүк" системасынын борбордук компоненттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) каттоо сервери;
2) коопсуздук сервери;
3) борбордук мониторинг жүргүзүү борбору.
45. "Түндүк" системасынын каттоо сервери өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун коопсуздук серверине санарип сервистин зарыл болгон берүүчүсүнүн/иштеп чыгуучусунун коопсуздук серверинин дарегин берет жана катышуучулардын коопсуздук серверлеринин аутентификациялык сертификаттары жөнүндө маалыматтарды берет.
46. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу коопсуздук серверинин аутентификациялык сертификаттарын жана катышуучулардын санарип ресурстарынын санарип кол тамгасын текшерүү ачкычтарынын квалификацияланган сертификаттарын борбордук серверде каттоо жол-жобосун жүзөгө ашырат.
47. Борбордук мониторинг жүргүзүү борбору коопсуздук серверлеринин абалына байкоо жүргүзөт жана "Түндүк" системасын пайдалануу статистикасын чогултууну жүзөгө ашырат. Мониторинг жүргүзүү борборунун "Түндүк" системасы аркылуу өтүүчү маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү жок.
48. Өз ара аракеттенүүнүн каалаган катышуучусу колдонуучуларды аутентификациялоо жана авторлоштуруу сервистери менен өз ара аракеттенүүнүн стандарттык интерфейсин пайдаланууга укуктуу. "Түндүк" системасынын сервистери мындай стандарттык интерфейс аркылуу берилиши мүмкүн.
49. "Түндүк" системасы аркылуу өз ара аракеттенүү Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан белгиленген техникалык талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат. Санарип маалыматтарды ар бир алмашуу шифрленген түрдө жүзөгө ашырылат, катышуучунун санарип ресурсунун квалификацияланган санарип кол тамгасы менен тастыкталат, ошондой эле анын аныктыгын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында криптографиялык туташтырылган лог-файл менен жабдылат. Эгерде катышуучу тарабынан кыйла узак сактоо мөөнөтү белгиленбесе, лог-файлдар кеминде үч жыл сакталат.
50. Санарип өз ара аракеттенүүнүн ар бир катышуучусу өзүнүн санарип ресурсунун киберкоопсуздугун жана сунушталып жаткан санарип сервистин санарип туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
51. "Түндүк" системасы аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгү берилүүчү санарип маалыматтардын көлөмү жана түзүмү Улуттук экотутумдун катышуучусунун муктаждыктарына ылайык аныкталат жана Улуттук экотутумдун санарип реестринде, ошондой эле катышуучулардын (санарип сервистердин берүүчүлөрүнүн/иштеп чыгуучуларынын) ортосундагы өз ара аракеттенүү жана сервистин деңгээли жөнүндө макулдашууда (Service level agreement - SLA) көрсөтүлөт, анда өз ара аракеттенүү тартиби, санарип маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү, санарип сервистерди алуу шарттары, өз ара аракеттенүү шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик аныкталат.
"Түндүк" системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө типтүү макулдашуу Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан бекитилет жана анын сайтына жайгаштырылат.
52. Улуттук экотутумдун санарип реестринде катталган Улуттук экотутумдун ар бир катышуучусу "Түндүк" системасынын каталогунда тийиштүү өтүнмөнү каттоо жана төмөнкү техникалык талаптарды аткаруу менен "Түндүк" системасына кошула алат:
1) коопсуздук серверин орнотуу, санарип ресурстун адаптерин, зарыл болгон учурда - локалдык мониторинг жүргүзүү борборун түзүү, ошондой эле ушул Жобого ылайык өзүнүн санарип ресурсунун иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;
2) санарип маалыматтарга, сервистерге суроо-талаптардын лог-файлдарынын керектүү архивдөө жыштыгында жана архивделүүчү маалыматтардын тизмесине ылайык архивделишин камсыз кылуу, архивделген лог-файлдарды алууга укугу бар жактарды, ошондой эле мындай кирүү шарттарын аныктоо;
3) өздүк санарип сервистердин жана санарип ресурстардын санарип туруктуулугун камсыз кылуу;
4) Улуттук экотутумдун башка катышуучусу менен өз ара аракеттенүү жана сервистин деңгээли жөнүндө тийиштүү макулдашууну түзүү, анын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу;
5) сервисти көрсөтүүдөгү үзгүлтүктөр, пландалган жана профилактикалык иштер, иштеги ар кандай бузуулар жана үзгүлтүккө учуроолор жөнүндө токтоосуз кабарлоо;
6) сервиске суроо-талап берүүгө ыйгарым укуктуу жактын бир маанилүү идентификациялоону жана сервиске суроо-талап берүүдө мындай ыйгарым укуктуу жактын идентификаторунун берилишин камсыз кылуу.
"Түндүк" системасынын каталогунда каттоо үчүн өтүнмөнүн формасы, маалыматтардын курамы (тизмеги) Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан аныкталат.
53. "Түндүк" системасына кошулган учурда өз ара аракеттенүүнүн ар бир катышуучусу:
1) аккредитацияланган ырастоочу борбордон өз эсебинен коопсуздук серверинин аутентификациялык сертификатын, өзүнүн санарип технологиялык системасы үчүн квалификацияланган санарип кол тамганы алат жана "Түндүк" системасында өзүнүн коопсуздук серверин каттайт;
2) коопсуздук серверинин аутентификациялык сертификатын, санарип технологиялык системасынын санарип кол тамгасын текшерүү квалификацияланган сертификатын Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна берет;
3) өзүнүн коопсуздук серверине коопсуздук серверинин аутентификациялык сертификатынын, санарип технологиялык системасынын санарип кол тамгасын текшерүү үчүн квалификацияланган сертификатынын жабык ачкычтарын орнотот.
54. Өз ара аракеттенүүнүн катышуучусу төмөнкү учурларда "Түндүк" системасынан ажыратылышы мүмкүн, эгерде:
1) туташуу учурунда так эмес же толук эмес маалымат берсе;
2) ушул Жобо же өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу менен белгиленген өз ара аракеттенүү шарттарын бузса;
3) санарип маалыматтарды ак ниетсиз иштетүүгө жол берсе, атап айтканда:
- толук эмес, так эмес жана (же) актуалдуу эмес санарип маалыматтарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырса, алардын негизинде чечим кабыл алуу маалыматтардын принципалы үчүн мыйзамсыз же адилетсиз болуп калса;
- иденттүүлүккө болгон укугун бузган жана (же) маалыматтардын принципалдарын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, дин тутуусу, жашы, саясий же башка ынанымдары, билими, келип чыгышы, мүлктүк же башка абалы боюнча тең эмес абалга койгон санарип маалыматтарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырса;
- санарип маалыматтарды иштеп чыгуу ыктыярдуулук принцибин бузса, жана, атап айтканда аны менен келишим түзүүдө же санарип сервиске жеткиликтүүлүктү берүүдө, принципал жөнүндө маалыматтарды ашыкча иштеп чыгууга алып келсе;
- колдонуучу үчүн иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү мындай кирүүнүн максаттары жана милдеттери менен байланышпаган аракеттер менен шартталса, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү же маалыматтарды иштеп чыгуу параметрлерин таңуулаган учурда;
- маалыматтардын принципалдары жана (же) колдонуучулар мындай иштеп чыгуу башталганга чейин аны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон иштеп чыгуу жана аракеттер жөнүндө толук, ишенимдүү жана актуалдуу маалыматка ээ болбосо.
7-глава. Мамлекеттик сервистер фабрикасынын иштөө эрежелери, мамлекеттик сервистерди түзүү жана колдонуу
55. Мамлекеттик сервистер фабрикасынын курамына ишенимдүү сервистер, мамлекеттик сервистерди иштеп чыгуу, тестирлөө жана ишке киргизүү (жайылтуу) чөйрөсү жана инструменттери, ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн базалык санарип сервистер, Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан зарыл деп аныкталуучу башка компоненттер алардын түзүлүүсүнө жараша кирет.
Мамлекеттик сервистер фабрикасынын архитектурасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
56. Мамлекеттик сервистерди түзүү үчүн шарттарды камсыздоо, аларды эсепке алуу, мамлекеттик сервистер фабрикасын эксплуатациялоо, анын ээсинин укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу:
1) мамлекеттик сервистерди түзүүнү камсыздайт жана аларды эсепке алууну жүзөгө ашырат;
2) Кыргыз Республикасынын атынан мамлекеттик сервистердин тиркемелеринин жана сайтынын ээсинин укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат;
3) мамлекеттик сервистерди түзүүнү же өзгөртүүнү тариздеген документтерди иштеп чыгууга катышат;
4) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына санарип трансформациялоо процессинде, анын ичинде алар тарабынан мамлекеттик сервистерге, ачык маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздоого тиешелүү документтерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууда жана макулдашууда көмөк көрсөтөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алар ыйгарым укук берген юридикалык жактар үчүн санарип сервистерди түзүүгө техникалык-экономикалык негиздемелерге, техникалык өзгөчөлүктөргө, техникалык тапшырмаларга карата талаптарды иштеп чыгат жана өзүнүн сайтына жарыялайт;
6) мамлекеттик сервистердин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аныктайт жана аларга мониторинг жүргүзөт;
7) мамлекеттик сервистердин санарип туруктуулугуна баа берет жана мамлекеттик сервистерди берүүчүлөргө алардын санарип туруктуулугун жогорулатуу боюнча аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
8) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жана башка адамдарды мамлекеттик сервистерди пайдалануу жаатында окутуу, квалификациясын жогорулатуу методикаларын иштеп чыгууга катышат.
57. Мамлекеттик сервистердин ээлери же берүүчүлөрү/иштеп чыгуучулары (сервистер фабрикасынын катышуучулары) болуп эсептелген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик сервистерди тестирлөөдөн өткөрүүнү жана ишке киргизүүнү мамлекеттик сервистер фабрикасы аркылуу гана жүргүзөт.
58. Мамлекеттик сервистердин фабрикасы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) мамлекеттик сервистин ээсинин Улуттук экотутумдун жалпы санарип маалыматтар мейкиндигине жеткиликтүүлүгүн;
2) мамлекеттик сервисти колдонуудан мурда тестирлөөнү;
3) мамлекеттик сервистин ишине мониторинг жүргүзүүнү;
4) мамлекеттик сервистин башка мамлекеттик сервистер жана Улуттук экотутумдун алкагындагы башка объекттер менен өз ара аракеттенүүсүн;
5) мамлекеттик сервисти өнүктүрүүнү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү.
59. Мамлекеттик сервистер фабрикасы төмөнкү инструменттерди жана принциптерди колдонуунун негизинде иштейт:
1) өкмөттүк булуттун бирдиктүү булут платформасын колдонуу;
2) колдонуу жана жайылтуу үчүн эркин болгон мамлекеттик ачык маалыматтардын чөйрөсүн (жалпы мейкиндигин) колдонуу;
3) чоң маалыматтарды талдоонун негизинде жасалма интеллекттин технологияларын жана алгоритмдерин, предиктивдүү аналитиканы колдонуу;
4) жаңы мамлекеттик сервистерди тездик менен иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, аларды ишке киргизүү убактысын кыскартуу, бардык катышуучулар үчүн мындай сервистерге жана инструменттерге ачык жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн жалпы ишенимдүү, базалык жана көмөкчү сервистерди жана иштеп чыгуу инструменттерин пайдалануу;
5) санарип чечимдерди, маалыматтарды, сервистерди кайра колдонуу мүмкүнчүлүгү;
6) кагаз документтерге караганда санарип жазууларга (маалыматтарга) артыкчылык берүү, документтерден маалыматтарга өтүү, кагаз жүзүндө документ жүгүртүүдөн баш тартуу, бардык процесстерди санарип формага которуу; санарип сервистерди башынан аягына чейин адаттагыдай боюнча түзүү;
7) бирдиктүү эрежелердин негизинде санарип маалыматтардын/ресурстардын шайкештиги (интероперабелдүүлүгү), башка катышуучулар менен өз ара аракеттенүү (санарип маалымат алмашуу) үчүн ачык программалык интерфейстерди колдонуу ("Түндүк" системасынын учурдагы версиясы менен шайкеш келген);
8) кардарларга багытталгандык жана көп каналдуулук - колдонуучулардын кызыкчылыктарын ар тараптуу эске алууга жана муктаждыктарын натыйжалуу канааттандырууга багытталган мамлекеттик сервистерди түзүү жана пайдалануу;
9) масштабдуулук, талап кылынган баш тартууга туруктуулук жана өндүрүмдүүлүк, санарип технологиялардын өнүгүшүн эске алуу менен тынымсыз өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү;
10) киберкоопсуздукту жана санарип сервистердин санарип туруктуулугун камсыз кылуу;
11) маалыматтар архитектурасынын борбордон ажыратылган моделин колдонуу.
Мамлекеттик сервистер фабрикасы санарип сервистерди түзүүдө жана эксплуатациялоодо энергияны натыйжалуу колдонуучу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен иштей алат.
60. Санарип кодексине ылайык мамлекеттик сервистерди түзүүнүн жана пайдалануунун принциптери болуп пропорционалдуулук, шайкештик, керектөөчүнүн кызыкчылыктарынын артыкчылыгы, жеткиликтүүлүк, ишенимдүүлүк (ишеним), жөнөкөйлөтүү, кайтарым байланыштын негизинде тынымсыз жакшыртуу саналат.
61. Мамлекеттик сервистердин алкагында жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп мамлекеттик сервисти берүүчүнүн Санарип кодекси, мыйзамдар же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен белгиленген милдеттерин (ыйгарым укуктарын) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү же мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды ишке ашыруу максатында аткаруусу саналат. Мындай иштеп чыгууга жеке жактын макулдугун алууга жол берилбейт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү же мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды ишке ашыруу үчүн талап кылынбаган жеке маалыматтарды мамлекеттик сервистердин алкагында иштеп чыгууга тыюу салынат.
62. Мамлекеттик сервисти түзүү же аны өзгөртүү жөнүндө чечимди мамлекеттик сервисти түзүүгө же өзгөртүүгө кызыкдар болгон Улуттук экотутумдун катышуучусу кабыл алат.
Мамлекеттик сервисти түзүү жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) мамлекеттик сервисти берүүчүнү көрсөтүү;
2) мамлекеттик сервистин колдонуучулары жана керектөөчүлөрү жөнүндө маалыматтар;
3) алардын алкагында мамлекеттик сервис колдонулуучу функцияларды жана ыйгарым укуктарды көрсөтүү;
4) аларды колдонуу менен мамлекеттик сервис көрсөтүлүүчү санарип технологиялык системалар жөнүндө маалыматтар;
5) мамлекеттик сервистин алкагында иштелип чыгуучу, анын ичинде башка мамлекеттик сервистерди пайдалануунун натыйжасы болуп саналган маалымат булактарын көрсөтүү;
6) мамлекеттик сервиске жеткиликтүү болуу ыкмаларынын сыпаттамасы;
7) мамлекеттик сервисти пайдалануунун натыйжаларынын жана аларды пайдалануу тартибинин сыпаттамасы, анын ичинде башка мамлекеттик сервистерде.
63. Мамлекеттик сервисти пайдалануу башталганга чейин аны берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) түзүлгөн мамлекеттик сервистин башка мамлекеттик сервистер менен шайкештигин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга;
2) мамлекеттик сервистер фабрикасын колдонуу менен мамлекеттик сервистин функционалдуулугун жана санарип туруктуулугун тестирлөөдөн өткөрүү жана анын жыйынтыктарын Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна берүүгө;
3) Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан тастыкталган тестирлөөнүн оң жыйынтыгы болгон учурда, жөнгө салуучуга мамлекеттик сервисти эске алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө (Улуттук экотутумдун санарип реестринде).
64. Мамлекеттик сервисти пайдалануунун эрежелери аны берүүчү тарабынан анын тиешелүү функцияларды же ыйгарым укуктарды аткаруусун жөнгө салуучу мыйзамдардын негизинде бекитилет жана мындай берүүчүнүн сайтына жайгаштырылат, мамлекеттик сервисти колдонуучуларга аны пайдалануу башталганга чейин сайтта же тиркемеде жеткиликтүү болушу керек.
Мамлекеттик сервисти пайдалануу эрежелеринде анын бардык категориядагы колдонуучуларынын укуктары жана милдеттери, ошондой эле аны пайдалануунун мүмкүн болгон максаттарынын ичинен ар бирине жетүү үчүн алардын иш-аракеттеринин тартиби сыпатталышы керек.
Мамлекеттик сервисти пайдалануу эрежелери мамлекеттик сервистин алкагында маалыматтарды колдонуучунун демилгеси боюнча да, ошондой эле аны берүүчүнүн демилгеси боюнча да проактивдүү тартипте иштетүү мүмкүнчүлүгүн эске алышы керек.
65. Мамлекеттик сервисти пайдалануу эрежелеринде мамлекеттик сервистин алкагында маалыматтарды иштеп чыгуунун тартибинин жана кесепеттеринин сыпаттамасы камтылууга тийиш:
1) мамлекеттик сервистин алкагында иштелип чыгуучу баштапкы маалыматтардын түрлөрүнө, булактарына жана алардын принципалдарына көрсөтмө;
2) маалыматтарды иштеп чыгуунун мүмкүн болгон варианттарынын сыпаттамасы (түзүү, жаңыртуу, тактоо, өзгөртүү, издөө);
3) маалыматтарды иштеп чыгуунун натыйжасында өзгөртүүлөр киргизилүүчү санарип ресурстарга же санарип жазууларга көрсөтмө.
66. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу катышуучуларын мамлекеттик сервистер фабрикасына кирүүсү үчүн тийиштүү идентификациялоону, аутентификациялоону жана авторлоштурууну камсыз кылууга милдеттүү.
67. Мамлекеттик сервистерге тиешелүү даттануулар жана талаш-тартыштар Санарип кодексине ылайык мамлекеттик сервистердин сайтын же тиркемесин пайдалануу менен Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан ишке ашырылат.
Керектөөчүлөр мамлекеттик сервистерди пайдалануу боюнча пикирлерин жана даттанууларын түзүүгө укуктуу. Мамлекеттик сервисти берүүчү пикирлерди жана даттанууларды мамлекеттик сервистердин тиркемеси же сайты аркылуу жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, ошондой эле керектөөчүгө өзүнүн пикирлерин же даттанууларын жарыялоону тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Керектөөчү жарыялоону чечкен пикирлер же даттануулар жөнөтүлгөндөн кийин бир жумуш күндөн кечиктирбестен мамлекеттик сервисти берүүчүнүн сайтында жарыяланууга тийиш.
68. Колдонулуучу мамлекеттик сервистерге жеткиликтүүлүк мамлекеттик сервистердин тиркемелери жана сайты аркылуу ишке ашырылат.
69. Мамлекеттик сервистердин тиркемелери жана сайты төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) колдонуучулардын мамлекеттик сервистер жөнүндө маалыматка, аларды пайдалануу эрежелерине жеткиликтүүлүгүн;
2) тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды алуу үчүн мамлекеттик сервистерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн;
3) мамлекеттик сервистердин алкагында иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды, анын ичинде санарип документтерди жана документтердин санарип дубликаттарын жүктөө мүмкүнчүлүгүн;
4) колдонуучунун маалыматтарын иштеп чыгуунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде мамлекеттик сервистерди берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтарды алууну;
5) мамлекеттик сервистерди пайдалануунун натыйжаларын алуу мүмкүнчүлүгүн, мындай алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынган учурларды кошпогондо;
6) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик сервистер үчүн төлөө (кызматы) жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн;
7) мамлекеттик сервистерди берүүчүлөрдүн ишине даттанууларды жөнөтүү жана мындай даттануулар боюнча чечимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн;
8) аларды аткаруу мамлекеттик сервистердин тиркемеси жана сайты тарабынан камсыздалган башка функцияларды.
70. Катышуучулардын ишенимдүү, базалык мамлекеттик сервистерге жеткиликтүүлүгү, мамлекеттик сервистер менен тиркемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүү ар кандай программалар менен маалымат булактарынын ортосунда бирдиктүү эрежелер боюнча өз ара аракеттенүүнү түзүүгө мүмкүндүк берген ачык программалык интерфейс аркылуу ишке ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
71. Улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүү маселелери боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда тараптардын ар бири сотко чейин кароо тартибинде Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна кайрылууга милдеттүү, ал мындай кайрылууну алган күндөн тартып эки айдын ичинде карайт.
72. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу төмөнкү учурларда талаш-тартышты карабайт:
1) эгерде талаш-тартыштын предмети Улуттук экотутумду колдонуу менен өз ара аракеттенүү болбосо;
2) эгерде талаш-тартыш өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө тиешелүү болсо жана Улуттук экотутумдун бир катышуучусу экинчисине макулдашууну түзүү жөнүндө суроо-талап жөнөткөндөн бери үч айдан аз убакыт өтсө;
3) эгерде сүйлөшүү процессиндеги акыркы иш-аракеттердин датасынан тартып бир жылдан ашык убакыт өтсө.
73. Талаш-тартышты чечүү максатында Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тараптар үчүн аткарууга милдеттүү болгон техникалык жана (же) финансылык өз ара аракеттенүү шарттарын өз чечими менен белгилөөгө укуктуу.
74. Улуттук экотутумду өнүктүрүү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Улуттук экотутумду жана анын айрым элементтерин өнүктүрүү программаларына жана пландарына ылайык жүзөгө ашырылат, алар мамлекеттик сервистерди көрсөтүүгө болгон муктаждыктарды, ошондой эле жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алышы керек.
Улуттук экотутумдун катышуучулары өз демилгеси боюнча аны өнүктүрүү пландарында жана программаларында каралбаган, бирок анын катышуучуларынын иши үчүн зарыл болгон Улуттук экотутумдун объекттерин (элементтерин) түзүүгө укуктуу, алар Санарип кодексинде жана ушул Жободо белгиленген тартипте Улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизилиши керек.
75. Ушул Жободо көрсөтүлбөгөн Улуттук экотутумдун катышуучуларынын ортосунда келип чыккан бардык укуктук мамилелер Санарип кодексине ылайык жөнгө салынат.
|
| Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Улуттук санарип экотутумдун санарип реестринде санарип жазууну түзүү үчүн маалыматтардын ТИЗМЕГИ
Улуттук санарип экотутумдун (Улуттук экотутумдун) объектинин (элементинин) ээсинин (берүүчүнүн) ыйгарым укуктуу кызматкери Улуттук экотутумдун санарип реестрдин интерфейсине берилген кирүү мүмкүнчүлүгү аркылуу өзү (субъект) жана Улуттук экотутумдун объекти (элементи) жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды киргизет:
1) Улуттук экотутумдун ээси (берүүчүсү) жана объекти:
- ээсинин, берүүчүнүн толук аталышы;
- объектти эксплуатациялоо үчүн жооптуу жетекчинин, ыйгарым укуктуу адамдардын аты-жөнү;
- Улуттук экотутумдун объектинин аталышы жана түрү (санарип ресурс, тиркеме, сайт, санарип сервис, санарип технологиялык система);
- объекттин максаттары, багыты, негизги функциялары, анын курамына кирген санарип ресурстардын тизмеги;
- Улуттук экотутумдун элементин түзүүнү, өзгөртүүнү жана эксплуатацияга киргизүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын реквизиттери (мамлекеттик органдар үчүн);
- колдонулган программалык камсыздоо;
- объект жайгашкан жер;
- каржылоо булагы (мамлекеттик органдар үчүн);
- объектти эксплуатацияга киргизүү жөнүндө актынын реквизиттери;
2) Улуттук экотутум объектинин колдонуучулары (керектөөчүлөрү):
- колдонуучулардын (керектөөчүлөрдүн) аталышы (мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, жарандар);
- колдонуучулардын (керектөөчүлөрдүн) болжолдуу саны, мамлекеттик сервистин суроо-талаптарынын болжолдуу саны;
3) алардын алкагында Улуттук экотутумдун элементи колдонулган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана функциялар:
- анын алкагында мамлекеттик сервис берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жана мамлекеттик/муниципалдык функциянын аталышы;
4) Улуттук экотутумдун бул элементи өз ара аракеттенген башка объекттер (өз ара аракеттенүүчү элементтер):
- аталышы, таандыктыгы, өз ара аракеттенүүчү элементтердин саны (Улуттук экотутумдун санарип реестринде катталган бөлүктө - мындай объекттерге Улуттук экотутумдун санарип реестриндеги санарип жазууларга шилтемелер);
5) Улуттук экотутумдун элементтерин пайдалануу жана аларга кирүү ыкмалары:
- берилүүчү мамлекеттик сервистердин тизмеги/түрлөрү;
- колдонуучуларды (керектөөчүлөрдү) идентификациялоо жана аутентификациялоо ыкмалары;
6) Улуттук экотутумдун элементин пайдалануунун натыйжалары, анын ичинде өз ара аракеттенүүчү элементтерде (сервистин натыйжасы);
7) Улуттук экотутумдун элементин коргоону камсыз кылууга, мамлекеттик сервистин санарип туруктуулугун камсыз кылууга жооптуу адамдар, алардын байланыш маалыматы;
8) Улуттук экотутумдун элементинин жеткиликтүүлүгүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөр (SLA) жана мамлекеттик сервистин сапаты:
- бир жылдагы жеткиликсиздиктин чектелген мезгили;
- иштебей калган учурда жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүү мөөнөттөрү;
- бир учурдагы колдонуучулардын саны;
9) маалыматтар булактары, колдонулган форматтары жана маалыматтарды алмашуу интерфейстери.
Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу санарип жазууну түзүү үчүн объекттин ээси (берүүчүсү) киргизген маалыматтарды ырастаган кошумча маалыматтарды суроого укуктуу.
Улуттук экотутумдун санарип реестринде санарип жазууну түзүү үчүн киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти Улуттук экотутумдун тийиштүү субъекти тартат.
|
| Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобого 2-тиркеме |
"Түндүк" санариптик өз ара аракеттенүү системасынын архитектурасы
|
| Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Мамлекеттик сервистер фабрикасынын архитектурасы