Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз XII- сессиясы
2026-жылдын 18-февралы № 185
Каракол айыл айылдык кеңешинин социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү 2025-жылдын 15-октябрындагы №129 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Каракол айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-октябрындагы №129 “Социалдык пакетти айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын каржылоого макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-бөлүмдөн төмөнкү пункттар алынып салынсын:
1. Дан эгиндерин себүүчү универсалдык сеялка 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң);
2-бөлүмдүн төмөндөгү пункттары алынып салынсын
1. Арал айылындагы 4 мечиттин ремонт иштерине - 120 000 (жүз жыйырма миң) сом;
2. Арал айылындагы ички көчөлөргө суу өткөрүүчү түтүктөрдү алууга - 223 333 (эки жүз жыйырма үч миң үч жүз отуз үч) сом;
3. Ички көчөлөргө кум-шагыл төгүүгө күйүүчү май алууга - 120 000 (жүз жыйырма миң) сом;
4. Айыл тургуну К. Кенжегуловго операциясына материалдык жардам катары - 100 000 (жүз миң) сом.
3-бөлүмдүн төмөндөгү пункттары алынып салынсын
1. Көпүрө-Базар айылындагы Каракол балдар бакчасына 200 квт кубаттуулугу менен суу ысытуучу комплект казан жеткирүү орнотуу менен – 800,0 (сегиз жүз миң) сом;
2. Токтомдун 3-бөлүмүнө төмөндөгү пункттарына өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Р.Айдаралиев атындагы орто мектебине жүзүнөн тааный турган видео камера - 1 даана жана залдарга, класстарга 40 даана камера орнотуу ташып келүү менен бөлүнгөн 640,0 (алты жүз кырк миң) сом акча каражатынан калган 85,0 (сексен беш) миң сом акча каражаты;
Жогоруда көрсөтүлгөн үнөмдөлгөн каражаттар Каракол айыл аймагындагы курч маселелерди чечүүгө багытталсын.
3. Токтом төмөнкү мазмундагы пункттар менен толукталсын:
Алынып салынган пункттардагы каражаттар, сатып алуудан үнөмдөлгөн каражаттар жана 2025-жылдан ашкан эркин каражат эсебиндеги 177 500 (жүз жетимиш жети миң беш жүз) сом кошулуп, жалпы суммасы 2 725 800 (эки миллион жети жүз жыйырма беш миң сегиз жүз) сом төмөнкү багыттарга бөлүнсүн:
1) Көпүрө-Базар айылындагы Жаңы-Арык каналынын ремонт иштерин аяктоого — 1 464 100 (бир миллион төрт жүз алтымыш төрт миң жүз) сом;
2) Жаңы-Арык каналынын баш жагына көпүрө курууга (бекитилген сметанын негизинде) — 452 000 (төрт жүз элүү эки миң) сом;
3) Айыл тургуну Эшимканов Эрмекке башына жасалган оор операцияга материалдык жардам катары — 100 000 (жүз миң) сом;
4) Каракол айыл аймагындагы каналдарды жана чоң арыктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө — 249 700 (эки жүз кырк тогуз миң жети жүз) сом.
5) Үч-Эмчек айылындагы БСР тазалоого күйүүчү май алууга – 460 000 (төрт жүз алтымыш миң) сом.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Каракол айылдык кеңешинин катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ф.Токушевге милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Э. Тилекова |