ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 10-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 17-декабры № 10-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

Т.А.Масабиров - "Ала-Тоо" депутаттык тобунан;

Ы.Ы.Атажанов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;

А.А.Козуев - "Ата-Журт" депутаттык тобунан;

У.К.Жаанбаев - "Элдик" депутаттык тобунан;

К.К.Самаков - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан.

 

 

Төрага

 

Н.Тургунбек уулу