Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-марты № 181-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 334-статьясына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 18-беренесинин 11-бөлүгүнө, 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 115-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 14 «Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 130, 146-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун 2-пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык:
1. «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна «Автомобилист» ачык акционердик коомунун кредитордук карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү сунушталсын, анын ичинде:
1) Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Ч. Валиханов көчөсү, 157 дареги боюнча жайгашкан, аянты 15 361,2 кв. м жер тилкеси менен мүлктүк комплекс (имараттар, курулмалар), идентификациялык коду 2-01-01-0155-0039;
2) Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Ч. Валиханов көчөсү, 157 дарегинде жайгашкан, 1995–1996-жылдары чыгарылган, мамлекеттик номерлери: 01 KG 496 BN, 01 KG 497 BN, 01 KG 498 BN, 01 KG 499 BN, 01 KG 501 BN, 01 KG 502 BN болгон 6 бирдик «Мицубиси Принцесс» маркасындагы автобустар.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте:
1) 2026-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө «Автомобилист» ачык акционердик коомунун кредитордук талаптарын канааттандыруу учурунда келип чыккан каражаттардын калдыгы катары 43 953 570 (кырк үч миллион тогуз жүз элүү үч миң беш жүз жетимиш) сом суммасындагы финансылык эмес активдердин наркын карасын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин сметасы боюнча ушул тескеменин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык 2026-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө финансылык эмес активдердин наркын эске алсын;
3) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбор белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлккө менчик укугун мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |