Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги IV отурумунун
2025-жылдын 20-февралы № 22
Милициянын аймактык пунктуна контейнер коюуга жер бөлүп берүү жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Чүй районунун ички иштер бөлүмүнөн түшкөн кайрылуу менен тааныштырып өттү. Ал кайрылууда Кошой, Султан, Кызыл-Аскер, Алчалуу,Талды-Булак, Кара-Ой айылдарынын тургундарына сервисттик тейлөө көрсөтүү, элдер менен тыгыз байланышта болуу максатында 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Кыргыз Республикасынын Муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 16, 19-беренелерине таянып, депутаттар угуп, талкуулап
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Кошой айылынын Ленин көчөсүнүн №20 эски мектептин жанында жайгашкан жер тилкесинен 0,05 га жери милициянын аймактык пунктунун контейнерин коюуга убактылуу бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |