Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтомуна) |
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип документтеринде, ошондой эле жарандардын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулары болуп саналган санарип документтерде маалымат берүүнүн реквизиттерине жана формасына (форматына) ТАЛАПТАР
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип документтеринде, ошондой эле жарандардын кайрылууларынын алкагында түзүлгөн санарип документтерде камтылган маалыматтар автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыгууну камсыз кылуучу машина окуй турган структураланган форматта берилиши керек.
Машина окуй турган формат маалыматтарды структураланган форматтарда (анын ичинде JSON, XML же идентификациялоо системалары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген башка форматтарда) тексттик маалыматты туура иштеп чыгууну камсыз кылуучу жалпы кабыл алынган кодировкаларды колдонуу менен берүүнү караштырууга тийиш.
2. Көрсөтүлгөн форматта сакталышы мүмкүн болбогон схемалар, чиймелер жана башка документтер дюймга 300 чекиттик уруксат менен PNG (ISO 15948) форматында өзүнчө барактар боюнча сакталышы керек. Мындай файлдардын аталышында барактын номери болушу керек. Эгерде берилген маалыматта аудио, видеоматериалдар болсо, алар MP3, MP4, AVI жана (же) MPEG-2 форматтарында берилет.
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары техникалык мүмкүнчүлүктөрү болгон учурда документтерди өздөрүнүн маалыматтык системалары колдогон башка форматтарда кабыл алууну камсыз кылат. Санарип документтерди мындан ары алмаштырууда мындай документтерди алмаштырууга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык системасынын каражаттары менен ушул Талаптардын 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн форматка конвертацияланууга тийиш.
4. Санарип документке кол коюлган квалификациялуу санариптик кол тамга жана квалификациясыз санариптик кол тамга тиешелүү санарип документ менен бирдей маанидеги криптографиялык байланышты жана мындай байланышты текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Санариптик кол тамганы сактоо жана берүү форматы кыналган, ажыратылган же контейнердик болушу мүмкүн жана пайдаланылып жаткан маалыматтык системалар жана белгиленген техникалык талаптар менен аныкталат.
Санарип документке бир нече адам кол койгон учурда ар бир санариптик кол тамга логикалык жактан обочолонуп жана идентификацияланууга тийиш.
5. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип документтеринин, ошондой эле жарандардын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулары болуп саналган санариптик документтердин реквизиттерине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын, ошондой эле санарип документтердин форматына жана реквизиттерине талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.