Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 120
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мекемелеринде жана уюмдарында иш кагаздарын уюштурууну өркүндөтүү жана заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен документ жүгүртүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (мындан ары - Типтүү нускама) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер:
- иш кагаздарын Типтүү нускамага ылайык жүргүзүшсүн;
- электрондук форматта ведомстволор аралык документ жүгүртүүнү Типтүү нускамага жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүргүзүшсүн, колдонуу мүмкүндүгү чектелген грифи бар документтерди жүгүртүүдөн тышкары;
- мекеменин түзүмүндө мекеменин архивине жооптуу кызматкердин кызмат ордун камтуу менен иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын функциясы бар бөлүмдү штаттык санынын чегинде карашсын.
Ушул пункттун үчүнчү абзацын колдонуу улуттук коопсуздук, коргоо иштери, ыкчам-издөө иши, финансылык чалгындоо, коомдук тартипти камсыздоо, адамдын жана коомдун коопсуздугу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жайылтылбайт, алар электрондук форматта ведомстволор аралык документ жүгүртүүнү ведомстволук актыларга ылайык ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жеке менчик түрүндөгү уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге иш кагаздарын Типтүү нускамага ылайык жүргүзүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жана анын аймактык органдары иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана Типтүү нускаманы иш жүзүндө колдонуу боюнча министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча), менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга жана ишканаларга методикалык жактан жардам көрсөтсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуучулардын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы менен аларды макулдашууга милдеттүүлүгү;
- мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык электрондук документ жүгүртүү системаларын иштеп чыгууда (же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө) иштеп чыгуучулардын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы менен аларды макулдашууга милдеттүүлүгү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы менен макулдашылган иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасында катттоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 340 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 108 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 743 токтому.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |