Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш, 3-сессиялык отурум
2025-жылдын 22-январы № 10
Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы ПЖ №54 “ Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып, Жайыл айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» ПЖ №54 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Жайыл айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жайыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |