Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 10-апрели № 271-т
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө" жана 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомдорунун талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1, 2-пункттарда "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пункт "куруу" деген сөздөн кийин "жана жабдуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген "Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул тескеменин 1-пунктунун 2-пунктчасы 2024-жылдын 3-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
"Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги
№ | Уюмдун аталышы жана ИСН | Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы | Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү | Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча уюмдун милдеттенмелери |
1 | "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК ИСН 00810201510086 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
2 | КРПИБ караштуу "Кыргызстройсервис" МИ ИСН 02707200610121 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
3 | "Аманат Строй Инвест" ЖЧКсы ИСН 03012202110261 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
4 | "Иншаат Строй Билдинг" ЖЧКсы ИСН 02509202010060 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
5 | "Эпикон" ЖЧКсы ИСН 00809202210531 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
6 | "Бест Хаус Гранд" ЖЧКсы ИСН 00407202310015 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
7 | "СК Голден Хаус" ЖЧКсы ИСН 00402201910103 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
8 | "Астонс ЛТД" ЖЧКсы ИСН 02210201310163 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
9 | "Фирма К.Жетиген" ЖЧКсы ИСН 01309200010144 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
10 | "АБАД СТРОЙ" ЖЧКсы ИСН 00609201810026 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
11 | "МЭГА-ПРИМ соода корпорациясы" ЖЧКсы ИСН 01003200410024 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
12 | "Аман-Таш" ЖЧКсы ИСН 02002201810151 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
13 | "Аман-Көмүр" ЖЧКсы ИСН 01207201910013 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
14 | "Вавилон-Маркет" ЖЧКсы ИСН 00903201010330 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
Кыскартуулардын тизмеси:
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
МИ | - | мамлекеттик ишкана |
ААК | - | ачык акционердик коом |
ЖЧК | - | жоопкерчилиги чектелген коом |
КНС | - | кошумча нарк салыгы |